БИР БҮРКҮМ
№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
-

Бактияр Токторов, Нурлан Насип, куудулдар Тынар Курбаналиев, Рахман Разыков жана башкалар 14-февралга карата Москвадагы мекендештерге концерт коюп келишет.
-

Кенже Дүйшеева менен Жумагүл Раимжан кызы чогуу ырдашкан «Сагындым сени» аттуу ырга клип тарттырышууда.
-
Кыргыз кинорежиссёру Дальмира Тилепбергенованын «Асман алдында» тасмасы Индиянын Бангалор шаарында өткөн эл аралык фестивалда Азияда тартылган тасмалардын арасында мыкты деп табылды.
-
6-февралда Берлинде кыргызстандык жаш сүрөтчү Самат Ишенбековдун жеке көргөзмөсү ачылды.
-
Адилет Азимов «Сүйүнчү» ырына клип тартат.
-
«Позитифф» командасы казакстандык «Жайдарман» КВНинин Жогорку Лигасына өттү.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
3