
Бош турган Бишкек шаарынын мэрлик кызматына шаардык кеӊештин КСДП фракциясы
Албек Ибраимовду көрсөттү.
Кубанычбек Кулматов 9-февраль күнү өз арызы менен мэрлик кызматтан кеткен. Мындай кадамын ал үй-бүлөлүк шарттарга байланыштырып, убактылуу Кыргызстандан кетерин жарыялаган.
Калаанын башчылыгына келет деп түрдүү адамдардын аты айтылып жаткан болчу. Бишкек шаардык кеӊешиндеги КСДП фракциясынын лидери
Лев Васильев Албек Ибраимовдун талапкерлиги тууралуу
«ал өзүн жакшы жетекчи катары көрсөтө алды» деп сыпаттап, фракциядагы 17 депутат бирдей колдоп бергенин маалымат булактарына айтты. Ал эми шаардык кеӊештеги «Ата Мекен» фракциясы мэрликке талапкерди көрсөтүүдөн баш тартты. Фракция башчысы
Рысбай Аматов «мунун өзүнүн белгилүү себептери бар» деп билдирген.
Эске салсак, борбор калаага мэрди шайлоо 27-февралга белгиленген. Мэрди шаардык кеӊештин депутаттары шайлайт. Ал эми мэрликке талапкерлерди фракциялар, коалициялык көпчүлүк жана өкмөт башчы сунуштай алат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg