
Орусияда өздөрүн «патриот» деп эсептеген жигиттер дагы эки кыргыз кызын
«башка улуттун өкүлдөрү менен кафелеп жүрөсүӊөр» деп
суракка алган
видео интернетке тарады. Кыздардын бири камерадан жүзүн жаап-жашырбай, өзүн жана жанындагы шеригин коргоого аракет кылып, мигранттар арасында болуп жаткан ачуу көрүнүштөрдү айтып жигиттерди акылга келтирүүгө жандалбас кылган. Тема баягы эле. Жигиттер башка улуттун өкүлдөрү менен жүрдүӊөр деп кыздарды ыйманга чакырып, ошол эле маалда аларды түртүп, колун кайрып, балит сөздөр менен сөгүп жатышат.
ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү
Эрнис Осмонбаевдин билдиришинче, учурда ИИМдин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү аркылуу «патриоттор» изделип жатат. Ошондой эле толук маалыматка ээ болуу үчүн эки кыз дагы изделип жатканын кошумчалады. Коомчулук ИИМден мындай адаттагы стандарттуу жоопту эмес, бул бейбаш жигиттердин жок дегенде бир-экөөнүн кармалып, тиешелүү жазасын алышын күтүүдө.
ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү аталган видео боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо +79261891017 номуруна кайрылууну өтүнөт. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
Коомдук адепке туура келбеген, кимдир бирөөнү кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
Бир чака таза сууну биртамчы жаман суу булгайт" деген ушуда!
Тийишкенделе жыртайып жалжандабастан, кабагын салып каттуу айтса унчукпай калат. Анан "мени караватат" деп взаимно коз карашса, албетте пайдаланатта!
Эскертүү! Коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынат!
Аппак эмес баары эле ар ким озуно жооп берсе... Ун эч убакта бир женден чыкбайт эки женден чыгат. Башканын жашоосуна аралашбоо эн дурус казанына аш салып бербеген сон.
Каш коём жеп коз оюп алып жатышат.