Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«УУЛУМДУ АСКЕРДЕН СИЙИП КОЙГУЧА САБАШЫПТЫР»

№695 26-февраль-3-март, 2016-ж


Уулу бойго жеткен кайсы гана ата-энеден сураба, баары эле баласын аскерге жөнөтүүдөн зыркырап баш тарта тургандай. Бүгүнкү күндө аскерге чакырык өкүмдөй кабыл алынып баратат. Катардагы жоокер, 18 жаштагы Нурпайыз Дүйшөнбековдун атасы Камчыбек Жумакадыровдун айтымында, уулун улуу чакырыктагы аскерлерге кошулуп рота старшинасы сабаган. Анысы аз келгенсип, «оорукчан экен» деп психиатриялык ооруканага жаткырып коюшкан. Мына ушул чуулгандуу кабардын чын-бышыгын иликтөөгө аракет кылдык.

«АЗЫР ДЕЛЕ ПСИХИАТРИЯЛЫК ООРУКАНАДА ЖАТАТ»
-Балам Нурпайыз Дүйшөнбеков 1997-жылы туулган. 2015-жылы ноябрь айында Ош шаарындагы №30629-аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө кетти. Ал 6 баламдын улуусу. Аскердик антын бергенден 1 ай өтпөй улуу чакырыктагы аскерлердин «фокустары» башталыптыр. Мен деле билем, кандай гана аскер кызматы болбосун, ал жакта сөзсүз дедовщина болот. Бирок чеги менен болушу керек да? Илгери биздин аталарыбыз, агаларыбыз ушул турган Ош эмес, Орусия, Германия сыяктуу өлкөлөргө барып, өлбөй-житпей эле кызмат өтөп келишкен да. Анан кандай эле өзүбүздүн кыргыз балдар өз инилерин өлгөнчө сабашат? Эмне, кыргыздар ушунча мыкаачы калк келебизби?!
Уулума ур-тепки ноябрь айынан тарта башталыптыр. Баламды улуу чакырыктагы 4 аскер дааратканага алып кирип тепкилеп, курдун башындагы чоӊ темири менен сабашыптыр. «Шарик» деген ыкмасын да жасашыптыр. Анысы аз келгенсип, аларга ротанын старшинасы Ильич Таштанов да кошулуп тепкилептир. Балам «ур-тепкиге туруштук бере албай, ошол жерге заара ушатып, заӊдап да жибердим» дейт. Адам сийгиче сабаган бул эмне деген мыкаачылык?! Ошондон кийин Нурпайызды дароо ооруканага алып барышпай, денесиндеги көк аласы тарагыча санитардык бөлүмдө кармап жатышыптыр. Балам акыл-эсине толук келбей, өөдүк-сөөдүк сүйлөп калган го чамасы, заара ушатып да койчу экен. Мындан улам аны «психикасы туруксуз» деп Оштогу психиатриялык ооруканага жаткырып салышыптыр.
Муну мага аскер бөлүгүнөн чалып айтышты. Биринчи ооруканага барганда балам эч нерсе айткан эмес. Көрсө, старшинасы келип «айтпагын, мен жалгыз бой атамын, 2 балам бар, кесилип кетсем аларды ким багат?» деп коркутуп кетиптир. Балам бул окуяны кийин мага телефондон айтып берди.

«КАЙРАДАН ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДАЙБЫЗ»
-Нурпайыз буга чейин эч кандай акыл-эсинде көйгөйү жок эле чоӊойгон. Эгер ал психикалык жактан оорулуу болсо, анда аскерге алып жатканда жүргүзүлчү медициналык кароодон өтпөй калмак да. Жакында анализдеринин жыйынтыгын аскер-дарыгердик комиссиясына атайын почта аркылуу Бишкекке жиберишти. Мен баланын атасы катары анализдин жыйынтыгын талап кылсам, «бул жашыруун маалымат» деп айтпай коюшту. Өз баламдын оорусун менден жашырышабы?
Бул маселе боюнча Ош гарнизондук аскер прокуратурасына арыз менен кайрылдым. 3 ай болуп калды, тергөөчүсү эмгиче иш козгой элек. «Эртелетсеӊер боло» десем, «сабалгандыгы аныкталган медициналык маалым кат болмоюнча иш козгой албайм» дейт. Кызык, анда эмне ооруканага соо баланы алып барып жаткырып коюштубу? Айтор, күздөн бери эле ушулардын мышык-чычкан ойноткону менен алышып жүрөм. Жоокер энелеринин комитети деген уюм бар экен, аларга кайрылсам, анализдердин жыйынтыгын талап кылып жатышып, уулумду аскердик кызмат өтөөгө ден соолугу жараксыз деген чечим чыгарылганын кабарлашты. «Анализдеринин жыйынтыгы чыккан турбайбы, эми иш козгобойсуӊарбы» деп аскер прокуратурасына кайра кайрылсам, «балаӊ оорукчан экен, ошондой тыянак чыкты. Бул жагдайда биз кылмыш ишин козгой албайбыз» деп коюшту.
Оорукчан баланы анда аскерге кантип алышты эле? Мен сопсоо баламдын оорукчан аталып калышын каалабайм. Бул жакка келген соӊ көз карандысыз эксперттерге кайрылып, кайра экспертиза жүргүзөлү деп жатам.

«ОКУЯНЫ БИЗ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛДЫК»
Аталган окуяны өз көзөмөлүнө алып жаткан Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин жетекчиси Уулкан Байгубатова окуя боюнча төмөнкүчө оюн билдирди:
-Бизге Дүйшөнбековдун ата-энеси кайрылган. Өз алдыбызча иликтөө жүргүзүп, ыйгарым укуктарыбыздын баарын пайдаландык. 90 аскерден түшүнүк кат алып, аскер прокуратурасына, Башкы штабга кайрылуу жасадык. Учурда окуянын үстүнөн иликтөөлөр жүрүп жатат. Нурпайыз Дүйшөнбековдун атасы бизге кечирээк кайрылып калган экен. Эгер анын сабалгандыгы чын болуп, ошол замат кайрылышканда, балким, далилдерди алмакпыз. Азыр бала психиатриялык ооруканада жатат. Аталган оорукананын дарыгерлери «жоокердин оорусу аскерге алынганга чейин эле болгон» деп маалым кат беришти. Жоокердин оору тарыхы жазылган кагаздарда «бейтапта коркуу сезими бар, түнт, кабыл алуусу кеч» деген аныктамалар бар деп жатышат. Кайсы бир жеринде «энеси эпилепсия менен жабыркайт, ал кан аркылуу балага өтүшү мүмкүн» деген да тыянактар жүрөт.
Азыркы жигиттердин көбү мекен үчүн аскер кызматын өтөбөй эле, аскер күбөлүгүн алыш үчүн эптеп 1 жыл өткөрүп келейин деп кетип жатканы чындык. Ошол себептен көп балдар аскерге алынарда ооруларын жашырышат. Жогорудагы окуя боюнча илинчек таппай жатабыз.

«УСТАВДАН СЫРТ МЫЙЗАМ БУЗУУ АНЫКТАЛГАН ЖОК»
Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматкери Азамат Дүйшөмбеков буларды билдирди:
-Катардагы жоокер Нурпайыз Дүйшөнбеков 2015-жылы 21-октябрда Кочкор райондук аскер комиссариатынан чакырылып, 28-октябрда Оштогу №30629-аскер бөлүгүнө жиберилген. Ош гарнизонундагы госпиталда жоокерлер тереӊдетилген медициналык кароодон өтүшүп, врач Дүйшөнбековго «салаа муундарынын артрити» деген диагноз коюп, Ош облустук психиатриялык диспансерге консультацияга жиберген. Ал жактан кароо жүргүзүлүп, жоокерге «ден соолугу чыӊ» деген маалым кат менен милдеттүү кызмат өтөөгө жиберилген. Ноябрь айында Дүйшөнбековго кайрадан кароо жүргүзүлүп, «олигофрениянын жеӊил түрү» (акыл-эсинин өөрчүүсү жай) деген диагноз коюлган. Аны Ош облустук психиатриялык ден соолук борборунун врач-психиатры текшерүүгө алып, ал стационардык дарыланууга жаткырылган.
Бул боюнча кабар алган Дүйшөнбековдун атасы келип, Республикалык жоокерлердин энелери комитетине арызданды. Алар арыздын негизинде текшерүү тобун түзүп, аталган аскер бөлүгүндөгү жоокерлердин баарынан түшүнүк кат алышкан. Ошондой эле Дүйшөнбеков катардагы 4 жоокердин фамилияларын атап, аларды ур-тепкиге алды деген. Текшерүү жүргүзгөн топ ошол жоокерлердин сүрөттөрүн Дүйшөнбековго көрсөткөндө аларды так көрсөтүп бере алган жок. Учурда бул иш боюнча Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары Дүйшөнбековдун абалына карата соттук-медициналык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Комитеттин мүчөлөрү окуяда уставдан сырт мыйзам бузуулар болгондугун аныкташкан жок.
Аскердеги дедовщина маселеси боюнча буга чейин көп эле иликтөөлөрдү даярдаганбыз. Алардын баарында «иликтөө жүргүзүлүп жатат, экспертиза дайындалды» деген гана жооптор айтылып келет. Ал эми бир да окуяда «ооба, бул аскер бөлүгүндө дедовщинадан жоокер майып болгон же каза тапкан» деген жооп болгону эсибизде жок. Төө куш сымал кумга башты ката койгон ыкма менен маселе чечилип калбайт. Өлкө башчысы баш болуп күч түзүмдөрүн чыӊдоо, аскерлерге шарт түзүү керектигин айтып, өзгөчө көӊүл бурулуп жаткандыгы чындык. Анткен менен «ооруну жашырса өлүм ашкере кылат» демекчи, ушундай окуялардын аягы тыйылып, аскер кызматында тартип орномоюнча кыргыз куралдуу күчтөрү оңолбойт.

 

«Супердин» сурак бурчу
УУЛУӉУЗДУ АСКЕРГЕ ЖИБЕРЕСИЗБИ?

Рина Туганбаева, 48 жашта:
– Кандай гана эне болбосун, баласын аскерге жиберүүдөн баш тартат. Бул маселеде атасынын чечими олуттуу болуп калат го. Эӊ тартиптүү, кызмат өтөө жеӊил деген бөлүккө да эне баласын кыйылып жатып жиберет. Үй-бүлөлүк маселелерден улам, бала атасыз өсүп жаткан болсо, эркекке тиешелүү тарбияны көрүп келсин деп жиберсе болот. Тилекке каршы, азыр аскерге кеткен балдарыбызга ал жактагылар жоопкерчиликсиз мамиле жасашат. Андыктан ата-эне жиберсемби же жибербесемби деген эки анжы ойго көбүрөөк кептелет.

Каныбек Турусбеков, 45 жашта:
– Кыргызда жакшы сөз бар «ата көргөн ок жанат, эне көргөн тон бычат» деген. Ар бир ата уулунун аскерге баруусун камсыздап, колдон келсе жибериши керек. Үйүнөн алыстаган бала ата-эненин, бир туугандын баркын түшүнөт. Мекенди коргоо ар бир атуулдун милдети экенин билишибиз керек. Мен балдарымды аскерге жибермекмин.

Дарханай Рахманбердиева, 51 жашта:
– Мен жибербейт болчумун. Себеби ал жакка барып майып болуп келгендерди, сопсоо кетип сөөгү келгендерди көрүп эле жүрөм. Аскерге балдарды турмушка бышып келсин деп жиберебиз. Азыр ал жакта тартип талаптагыдай болбосо, эмне кереги бар? Карапайым элдин балдарынан башка ал жакка эч ким барбайт экен. Бизге деле бала керек да.

Мерген Турган, 48 жашта:
– Биздин учурдагы аскер кызматы менен азыркыны салыштырып болбойт. Бизди мурун аскерге эркектерге тиешелүү касиеттерге ээ болсун деп жиберчү. Биз анда алыс барып, ата-эненин, туулган жердин баркын билип, бекем, чыдамкай, намыскөй болууга үйрөнүп келчүбүз. Азыркы аскерлердин абалын көрүп-билип эле жүрөм. Инимдин баласы кызмат өтөп келди, бирок жүрүм-туруму жакшы жакка өзгөргөнүн байкаган деле жокмун. Аман-соо балдар барып, кайра майып болуп келип жатышат. Колдон келсе баламды жибербейт болчумун. Балдар чоӊойгуча аскер кызматыбыздын абалы оӊолуп, тартип орноп калар деп үмүт кылам.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Төрт жоокер жана ротанын улугу баламды заңдап койгончо сабашкан"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундузбек Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(55)
SUPER.KG видео
20.02.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оой ушул кантип болсун...ужас...эч кимге ишенбеш кк бп калды...
Медиа-портал
20.02.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sabagandardy kuday ozu jazalasyn
SUPER.KG видео
20.02.2016. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым озу жазаласын
Медиа-портал
23.02.2016. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Balaniz aman eken baike eptep alip kam korunuz nervder olso kaira tirilbeit korkup bawka nerderi da jok bolbosun janinda bolunuz kirgiz askeri aman bolsun bawka baldarinizdi da jiberbei ele koiunuz akchasin dele tolobow kk alar tolop jatabi balanizdi maiyip kilip koigonuna kilmiwkerler jazaasin alsin akmaktar!!!
29.02.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дедовщина десе эле азыр кыргыз жоокери өзүн Манас элестетип алса керек.Бир сакалчан келсе ыштанын булгап коёру бышык.Армия адам кылып тарбиялап,чыныгы жигит кылып чыгарчу,азыр майып болуп келет.Анын эмнеси армия.
29.02.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аллах Таала озу жазаласын ошол ур тепкиге алгандарды. Бир кун болбосо бир кун ушундай кун келет жашап атканына да бушайман жешет. Кайтар дуйно деп коет алардын да балдары чоноет, болбосо Аллах Таала башка жолдор менен болсода жазасын берет.
29.02.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Качан токтойт ушундай окуялар?Президент бир нерсе дебейби?канча деген балдар олуп жатышат армияда,аягында озу асынып алган болот же случайно устуно бир нерсе тушуп кеткен болот.Кыргызстанда эч качан СПРАВЕДЛИВОСТЬ болгон эмес
29.02.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурун эле ооруйт болчу...
Астаапырлаа, аскерге текшербей эле алып калышканбы ыя!!!
Энесинен отуруп алып оору тапкан кандай ХХХ, эртең мекенибизде кокустук болуп кетсе кантебиз?! ..............?
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-01 11:20:57
29.02.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sabagan owol sabatsiz,karangy, ХХХ ХХХ!!!jok jerden kunoogo batywkan ХХХ ХХХ!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-01 11:21:30
29.02.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
жалгыз бой ата болсо эле ошону кылса болот бекен не озунун деле балдары бар экен ошолорду ойлоп койсо болмок баланын тагдырын талкалабай кудай таразаласын
29.02.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Карга карганын козун чокубайт. Бул иштин акыр аягы да жок. Карапайым адамдын балдарын уруп согуп олтуруп койсо да куноо озундо болчу деп кутулушат. Бул аскерди деле мурда ооручу экен деп атышпайбы. Мурдатан оорулуу болсо кантип армияга алышсын. Уят...
29.02.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жон эле соз да булардыкы неге ушуларга чара корушпойт ойдодогулор
29.02.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чондор башын оорутуп не кылат.
29.02.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bizde Deputat , bay chinovnik, Ministrlerge zakon kyzykturbayt, armiyaga bargan tuugandardu Allahum ozu saktasun a tak adamdun kolunan jakshuluk kelishi kuyun boldugo .
29.02.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин тиги чондор неге ушуларды карабайтат тушунбойсун,каяктагы кычык нерселерди чукугандан коро. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-29 17:58:32
29.02.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mirana9395,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
29.02.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мындай армиянын эмне кереги бар мамлекетке.Бирин бири өлтүрсө,курал кармаганды билбей өзүн атып алса,жалаң колунда жоктун баласы барса,буга эч ким жооп бербесе.Бул армия Кыргызстанды эмес бир айылды да коргой албайт.Эми кудайым тынтчтык эле берсин да.Өкмөт чара көрбөсө болбойт буга.
29.02.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурда аскерге мекенди, эл жерди коргогонго уйротуп жонотсл, азыр оорукчан кылып жоното турган болдуго. Катуу контрольго албаса бул корунуш кобойо берет. Аскерге эч ким барбай кала турган болду.
29.02.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч Кандай контроль жок болгону учун ушундай го....тан калыштын кереги жок...бул бир эле бала эмес да дагы канча байкушту кыйнап жатышат...аскер болмуштар)))
29.02.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карга карганын козун чукубайт. Чындык жок туугандар.
29.02.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Старшинаны ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-01 11:21:48
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: