БИР БҮРКҮМ
№695 26-февраль-3-март, 2016-ж
-
Саламат Садыкова шаардын чок ортосунан 3 бөлмөлүү батир сатып алды.
-

Ырчы
Нурлан Насип 21-февралдан тарта Алматыда жана Орусиянын бир нече шаарларында жеке концертин тартуулайт.
-
Айпери Кубик кызы «Сыйлайбыз силерди, кайненелер» деген ыр жаздырууда.
-
Түркиянын Стамбул шаарында улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган иш-чаранын ачылышына Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов баштаган делегация катышты.
-
Самара Каримова 1-мартта Ош шаарында «Самара» сулуулук салонунун ачылышын өткөрөт.
-
Ырчы Фарида Карбозова «Сагынам» аттуу ыр жаздырды.
-
Айпери Кулбаева Ош шаарынын тургундарына Аялдардын эл аралык майрамына карата «Картайбачы, апаке» аталышындагы концертин тартуулайт.
-
Куудул Борончу Кудайбергенов эр ортону 50 жашынын урматына Кыргызстанды кыдырып 50 концерт тартуулаганы турат.
-
Кайрат Примбердиев жакында койгон концертинен түшкөн каражатты Бишкектеги майыптардын реабилитациялык борборун оӊдоп берүүгө жумшайт.
-
Ырчы Кенже Көбөкова «Кечирип кой» деген ырына клип тарттыра баштады.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1