Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЗАМАНДЫН ЖҮГҮН КӨТӨРГӨН АЯЛДАР

№696 4-март-10-март, 2016-ж


Аялзаты адам баласынын алсыз бүтүндүгү катары калыптанып, бала төрөп, жашоону улап келет. Бирок азыр алар негизги милдеттери менен катар эркектер менен тең тайлаша заман жүгүн көтөрүп келишет. Бул ирет сиздер менен эч кимге жүгүн артпай, өз арабаларын сүйрөп жүргөн аялдар жөнүндө сөз кылабыз.

«МАКСАТ БАР, БИРОК АГА ЖЕТЧҮ ЖОЛ ЖОК»
Жаңылай Айтемирова 3 кызын өзү жалгыз чоңойтуп жаткан учуру. Айтымында, жолдошу «улам эле кыз төрөй бересиң» деп башка аялга кетип калган.
– Мен Баткен облусунан 1996-жылы Бишкекке келгем. Ата-энем, бир туугандарым менен келип, ушул жакта тиричилик кылып калдык. 2009-жылы турмушка чыккам. Эки жыл мурун жолдошум экөөбүз эки айрылыш жолго түштүк. «Кечке эле кыз төрөй бересиңби? Мен башканы таптым, ошого кетем» деп келиптир. Кийим-кечесин түйүп берип, чыгарып ийдим. Ортобузда 3 кыз бар. Улуусу 7ге чыкса, кичүүсү эки жарым жашта. Кичүү кызым 5 айлык кезинде төркүнүмө келдим. Ошондон бери 1 бөлмөлүү үйдө апам, атам, иним аялы менен, агам аялы, балдары менен, мен 3 кызым менен баш калкалап келебиз.
Чынын айтсам, алдыга койгон максаттар чоң болгону менен, ага жетиш үчүн бир да жол жок. Эртең менен туруп улуу кызымды окууга жөнөтүп, андан соң арабамды сүйрөп «Ош базарга» келем. Дүңүнөн саткан соодагерлерден курут, семичке, күлбото сатып алам дагы базардын айланасында орун которуп, суук болсо күнгө, ысыкта көлөкөгө жылып соода кылам. Жакшы дегенде күнүнө 500 сомго чейин, соода жок болгондо 200 сомдой пайда табам. Тапканыма үйдө тосуп алчу кыздарыма нан, печенье, сүт, анда-санда акчам жакшы болгон күндөрү колбаса алып барам. Максатым – үстүмдө үйүм болсо, 3 кызым менен өзүнчө жашасам... Бирок ушундай соода менен мага жакын арада үй буюрбаса керек.

«КЫЗДАРЫМДЫН ДЕН СООЛУГУН КУДАЙГА ТАПШЫРГАМ»
– Жөлөк пул? Жок, бир да кызыма эч жерден жөлөк пул албайм. Себеби бирөөсүнүн да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Төрөлгөндүгү тууралуу маалым кат менен улуу кызымды мектепке киргизгем. Азыр ооруканага алып барганга дагы документтери жок болгондуктан, ден соолуктарына деле кайдигермин, башка эмне кылам? Кудайга тапшырам, Жараткан өзү сактасын. Анткени кичүү кызым кээде талмасы кармап, көгөрүп жатып калат. Биринчи жолу ушундай болгондо ооруканага алып барсам, башынын ичине жарабы же билбейм, бир нерсе өсүп кетиптир дешти. Дарылатайын дегенде эки көзүм төрт, кантейин эми, өлбөстүн күнүн көрүп, эптеп жан багып жатсак?!
Дагы жакшы, баш калкалатып жаткан агама, бир туугандарыма рахмат. Азыркы заманда 3 балаң менен эмес, жалгыз башыңды батырыш кыйын да. Бала болгондон кийин агамдын балдары менен менин кыздарым бир нерсе талашып урушат, чырдашат экен дегендей. Кыздарым ыйлап калса жеңемден ыйбаа кылып болуша албайм. Ичим ачышып кала берем. «Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк» демекчи, менин абалым кимди тынчсыздандырмак эле? Агам айтып калат «өзүмдүн үйүмдү бүтүрүп алган соң сага да жер алып, үй салабыз» деп.
Муңайып отуруп калган Жаңылайдын жашын сурадым. «28демин» дейт. Жаш туруп ушундай түйшүк тарткан келинге боорум ачып, дагы келип турарымды айтып коштоштум. Кыжы-кыйма, бут коёрго жер жок көпчүлүктү аралап кетип баратып артымды бурулуп дагы карадым. Ал ушундай турмуш үчүн төрөлгөнсүп, жогорудагы тагдырдын бирин дагы башынан өткөрбөгөндөй, кардарларын жылмайып кабыл алып, соодалашып жатты...

 

«ЭКИ БАЛАМДЫ ЖАЛГЫЗ ӨСТҮРДҮМ»
Кезектеги каарманым дагы «ийгиликтерге жетүү үчүн оңой жолду баскан жокмун» дейт. Жамила Тойчубекова 60 жашта. Алыскы Жумгал районунун Эпкин айылында «Чынар» айыл чарба жана үрөнчүлүк кооперативин жетектейт. Пайгамбар жашына таяп калса да комбайн айдап буудай, арпа чабарын айтат.

"Эркектер менен аралашып жүрүп комбайн айдоону, кийин трактор башкарып, пресс-подборщик иштеткенди үйрөндүм".


– 1 кыз, 1 уулду жалгыз өстүрдүм. Жолдошум экөөбүз жаш кезде эле ажырашып кеткенбиз. Белди бекем бууп, балдарды багыш керек деген чечимге келип, жер иштетүүнү туура көрдүм. Чарба түзөйүн десем, «иштеткен жериңдин аянты 50 гектардай болушу шарт» дешти. Айыл өкмөттөн ижарага жер сурап барсам «аялдын колунан эмне иш келмек эле?» деп болбой койду. Ал учурда колумда бир да техника жок болчу да. Ошентип тырышып жүрүп 1996-жылы кооператив түздүм. 2000-жылы 1 миллион сом насыя алып, биринчи тракторду сатып алдык. Удаасынан дан эгип, түшүм аз берип калган жерге малга тоют айдап семиртип жатып насыядан кутулуп бүттүм. Эл мындайды күтпөсө керек. Кийин «сени күрөөгө койгон үйүңөн айрылып, талаада калат го дечүбүз» деген кишилер четтен чыкты го, тобо.
2007-жылы тобокелге салып 2 миллион сом насыя алып, ага комбайн сатып алдым. Ишим оңунан чыгып, экинчи насыямдан да кутулуп алдым. Бара-бара кооператив айыл чарбасына керектүү бардык техника менен камсыз болду. Эркектер менен аралашып жүрүп комбайн айдоону, кийин трактор башкарып, пресс-подборщик иштеткенди үйрөндүм. Чарбадагы балдар түшкү тамакка кетип же бошобой калышканда убакыттан уттурбайлы деп колго тийген техниканы айдап, буудай, арпа, чөп чаап талаага кетип калам.

 

«КЫРГЫЗДА 3 ООРУ БАР: АРАКЕЧТИК, ЖАЛКООЛУК, КӨРӨ АЛБАСТЫК»
– Мына ушул 3 оору бизди артка тартып жатат. 2014-жылы кооперативдин алкагында иштетип келе жаткан 50 гектар жерди айыл өкмөтү мыйзамсыз тартып алып койду. Жумгалда жер деген иштетилбей ээн жатат. Мен иштетип жаткан жерди эл иштетиши керек экен. Элге башка жер калбай калыптырбы? Керилген талааны жакшынакай иштетип жаткан адамдан алып койгондоруна түшүнө албай, азыр ошол жерлерди кайра алууга аракет жасап жүрөм.
2011-жылы чет өлкөлүк уюмдар каржылап, мени Египетке гүл өстүрүү боюнча семинарга жөнөтүштү. 15 күндүн ичинде алардын эмгекчилдигине таң берип келдим. Жеринин баары кум, таштак. Ал эми өстүргөн жемиштери апельсин баш болуп мен көрбөгөн өсүмдүктөргө чейин бар экен. Ошондо кыргыздын жерин элестетип бир чети сыймыктансам, бир чети элге нааразы болдум. Алардыкына салыштырмалуу биздин жердин топурагы талкан, суусу мүрөк турбайбы. Баркын билбейт экенбиз, темселеп чилче тарап, жерибизди чанып көрүнгөн жерде балдарыбыз тентип жүрөт. «Эр эмгегин жер жебейт» деген кепти такыр эле унутта калтыргандайбыз.
Жамила апа азыркы экономика, элдин учурдагы аң-сезими, дегеле заман-турмуш тууралуу ой толгоолорун айтып, бир топ жакшы ой-максаттарга таасирлентти. Ар кимибизде Жамила апаныкындай дымак, демилге, күч жана тобокелчилик болгондо тез эле өнүккөн өлкөнү курмак окшойбуз. Жоктон бар кылып турмушун түздөп, балдарын эч нерседен кем кылбай багып, заман жүгүн артынып алып иштеп жүргөн ушундай аялдарга таазим!

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
07.03.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуздар,ден соолук каалайм.
07.03.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы
07.03.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Урматтуу Супер-инфо. Жаңылайга кабарлап коёсуздарбы. Балдарды Коргоо борборуна келсин. Документ алууга, кыздарына да жардам берилет.Дарек: Жаш гвардия 32"А" күндүзгү бөлүм саат 11:30-14:00 күн сайын.
07.03.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kadam,рахмат сизге Алла ыраазы болсун,окуп алып ыйлагым келип турду эле сиздин жазганынызга андан бетер эреркеп кеттим.А так тааныбайм ал келинди.
08.03.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kadam,Саламатсызбы? Рахмат, каарманыбыз Жаңылай телефонду жана болжолдуу түрдө Жаш гвардия кайсы көчө менен кесилишкен жерде экенин сурап жатат.
08.03.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гүлжан Асанкожоева,Киев көчөсүнөн Токтогулду көздөй баратканда күн батыш жакты көздөй тупик көчө бар. Этаж үйлөрдүн акыркысы, сол жакта өзүнчө темир торлуу эшик бар. Сыртында кооз сүрөттөр тартылган. Тел: 0312 65-58-84. 0552 10-66-56-Акыл байке. 0779 34-04-11-меники. Сөзсүз жардам беребиз.
kadam түзөттү 2016-03-08 20:48:57
09.03.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kadam,Аллах ыраазы болсун,силерге таазим этем!!!
08.03.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эжеге ден соолук ишиге ийнилик каалайым
09.03.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырчылар дагы кайрымдуулук кылып концерт койбойбу? Ушуга окшогон келиндерге жардам берген озу сооп болот концертке келгендерге ящик ачып койсо акча да таштап кетишмек)) Эн жок дегенде времянка алып уйлуу болуп калышмак
09.03.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
28де болсо 87-88-жылкы эле экен да, оор турмуш тез картайтат тура , жакшылыктан үмүт үзмбөңүз Жаңылай, кыздарыңызды орто мектептен калтырбай окута бериңиз, кудай пенделерине берээрин унутпайт.
10.03.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Siren90, куйоосун жоопко тартыш керек. Алимент толосун.
09.03.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жаңылай м-н бүгүн жолугуп суйлөштүк. Документтерин калыбына келтирүүгө эч кыйынчылык жок.Жакында бүтөт. Бир гана өкүнүчтүүсү, күйөөсү экөөнүн нике күбөлүгү жок болгондуктан кыздары апасына катталып калат.Эгер нике күбөлүгү болгондо,минтип күйөөсүн кутуртуп тайраңдатпай алимент кестирип желин чыгарып койсо болмок.Кыздар! Молдонун нике кыйганына жыргап жүрө бербей, мыйзамдуу никеге турууну да унутпагыла! Нике күбөлүктүн баасы болгону 20 сом турат.Ал эми туулгандыгы тууралу күбөлүктүн баасы 16 сом.
10.03.2016. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kadam, чоон рахмат. Жанылайга берген жардамынызга. Куйоосун сот аркылуу жоопко тартса болбойбу. Мисалы: установление отцовства кылуу керек. Жолок пул да чыгып калсын кыздарга. Нике куболугун алуу керек экенин айиканыныз эн туура.
10.03.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kadam,эн туура айтасыз.Кыздар турмушка чыгып жатканда созсуз нике куболугун алдыргыла
10.03.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай аялдардын кордолуп балдары мн кыйналганын уксам аявай боорум ооруп кетет.Айрыкча биздин кыргыздар кыз торойсун дегени чучукка жетет да , кыз эмне Адам эмеспи кудайга шугур кылалычы кыргыздар.Эмне эксен ошону аласын да деген Адам жок аялын кордоп балдарын кочого таштаганы эмнеси.Сулуу эмес аял заты жок куйоосунон зависит этет аялдын сырткы келбети!
10.03.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылайга аябай боорум оруп атат жапжаш экенда,мектепте жакшыраак лкуп билимдуу болсо тагдыры башкача болмок беле деп ойлодум эми кантсе да жаш экен озун колго алып балдарын окутуп жакшылыгын корсун!
11.03.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла колдосун...
11.03.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алимент алса болот нике куболугу жок деле. Алимент алса жолок пул бербейт бирок
18.03.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Суперчилер жакшы жаңылык м-н бөлүшүп коюуну туура таптым. Жаңылай үч кызына тең туулгандыгы тууралу күбөлүктү биздин уюмдун колдоосунда алды.Кызын доктурлардын кароосунан өткөрүүну да пландаштырып жатабыз. Баардыгы өз убагында бүтөт, бир гана Жаңылайдын мажирөөлүгү ишти артка тартып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: