
Өткөн сандарыбызда Кыргыз Республикасынын Эл артисти
Чоро Думанаев көп жылдан бери жатакана тибиндеги бир бөлмөлүү батирде жашап келе жатканын жазган элек. Жакында эле актёрго үй берилди. Кубанычтуу кабары тууралуу актёр:
– Бейтапканада жатсам, мага үй берилгенин кабарлап батамды алып кетишти. Сүйүнүчүмдө чек жок, көп жылдан бери үй алуу үчүн тизмеде турган элем. Минтип Тарых жана маданият жылында бизди, искусство адамдарын унутта калтырбай колдоо көрсөткөндөргө рахмат. Жаңы салынган көп кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү батирди курулуш компаниялардын бири белек кылды. Апрель айында ачкычын колума тапшырабыз дешти. Менин үй алышыма көмөк көрсөткөн Кыргыз драма театрынын жетекчиси
Темирлан Сманбековго, кесиптештериме ыраазычылык билдирем,- деп билдирди.
Канчалаган жылдан бери эми уйлуу болуп отурат,а азыркы жаш ырчы,актерлор кантип 1жылда уйлуу,машиналуу болуп калышат.