
Кинорежиссёр
Мирлан Абдыкалыковдун «Сүтак» көркөм тасмасы Орусиянын «Ника» кино сыйлыгына көрсөтүлдү. Аталган фильм «КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» наамында ат салышмакчы. Бул жагымдуу кабар тууралуу режиссёр:
«Сүтак» – менин алгачкы толук метраждуу көркөм тасмам. Азырынча бул эмгегим жолдуу болуп, фестивалдардан куру кайта элекпиз. «Никага» көрсөтүлгөнүн жакында гана билдиришти. «Сүтак» тасмасы сыйлыкты алып калса деп тилек кылып жатам»,- дейт.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан «Ника» кино сыйлыгына «Курманжан датка»
(Cадык Шер-Нияз), «Свет аке»
(Актан Арым Кубат), «Ханбийке Назик» (
Эркин Салиев) тасмалары көрсөтүлгөн, бирок бири да жеңүүчү аталган эмес. Кино сыйлыкты тапшыруу аземи быйыл 1-апрелде өтөт.