Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
МАРИЯ ШАРАПОВА СПОРТТОН ЧЕТТЕТИЛИШИ МҮМКҮН
№697 11-март-17-март, 2016-ж

8-март күнү орусиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова тыюу салынган каражат колдонгонун айтып чыкты. Быйылкы жылдан баштап Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги тарабынан тыюу салынган мельдоний каражатын колдонгону үчүн эми ал 4 жылга чейин спорттон четтетилиши мүмкүн.
«Мельдоний дарыгерим тарабынан жазылып берилген, аны 10 жылдан бери колдонуп келем. Ал каражат 2016-жылдан тарта тыюу салынганын байкабай калыптырмын. Спорт менен ушинтип кош айтышууну каалабайм, мага дагы мүмкүнчүлүк берилерине ишенем»,- деп билдирди Шарапова.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0