Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЖОНУН АТА-БАБАЛАРЫ БАТКЕНДЕН ЧҮЙГӨ КАНТИП КЕЛИП КАЛЫШКАН?
ӨЛКӨ БАШЧЫНЫН ТЕГИ ТУУРАЛУУ ИЛИКТӨӨ

№697 11-март-17-март, 2016-ж


Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин ата-теги Баткен аймагына барып такалары тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун иликтөөсү көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. Төмөндө аталган изилдөө автордун кээ бир толуктоолору менен берилди.

 

АЛГЫ СӨЗ
Адатта президенттердин тегин сүрүштүрүү биздин өлкөдө эле эмес, бардык өлкөлөрдө кездешүүчү өнөкөт. Мурдагы мамлекет башчылардын тегине байланыштуу талаш-тартыштуу пикирлер бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Ал гана эмес, жакындан бери улут лидери Исхак Раззаковдун теги тууралуу да түркүн пикирлер айтылып, тынымсейит уруусунун айрым өкүлдөрү «биздин уул» десе, таластык саруулардын тобу «жок, ал биздин уруудан» деп чыгышты. Ал эми Исхак Раззаковдун лейлектик түпкү туугандары «талаша бергиле, ал баары бир өзүбүздөн, биздин гана эмес, улуттун чыгаан уулу» деп сыймыктанышат.
Ал эми азыркы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин теги тууралуу ар кыл пикирлер ал бийликке келе электе эле айтыла баштаган. Президент болгондон бери талаш-тартыш уланып, атүгүл «анын теги кыргыз эмес» деп баяндалган макалалар да жазыла баштады.
Мындай пикирлер тарыхчы катары мени да көптөн бери кызыктырып келет. Анын үстүнө биз, кыргыздар, өз эне тилибизде мыкты сүйлөгөн башка этностон эле эмес, керек болсо өзүбүздүн улутубуздан чыккан чыгаан уулдарды да боорубузга тартуунун ордуна жерип, алыстатууга аракеттенебиз. Атүгүл кабылан Манас бооруна тартып эл кылган Алмамбетти баш кылып, Чубагын төш кылып жериген учурубуз жок эмес. Бөлүнүп-жарылуу, өзгөлөрдү обочолонтуу, кыргыз экенибизден шек саноо илдеттеринен арылмайынча күчтүү, бирдиктүү улутка айлана албайбыз го деген кооптонуу коомчулуктун көңүл борборунда болуп келет.

 

АТАМБАЙДЫН АТАСЫ ПОЛОТ ХАНДЫН КОЛ БАШЧЫСЫ БОЛГОНБУ?
Алмазбек Атамбаевдин теги тууралуу алгачкы маалыматты «Зиябиддин Максым» фондунун төрагасы раматылык Муктар Бостонбаев агамдан 10 жыл илгери уккан элем. Анда Кокон ордосунда хандыктын тарыхын жазган Зиябиддин Максымдын улуту – кыргыз, уруусу – төөлөс, жердиги – Ноокат экенин жаңыдан эле тактап, тарыхчынын 1666 беттен турган «Фергана хандарынын тарыхы» аттуу Стамбул университетинин китепканасынан табылган кол жазмасын кирилл тамгасына котортуп, китеп кылып чыгаруу менен алектенип жүргөн учур эле.
Маркум Муктар акенин айткан маалыматы боюнча, азыркы президент Алмаз Шаршеновичтин Ноорузбай аттуу чоң аталары Полот хандын (айтылуу Молдо Исхак Асан уулу, 1844-1876) жакын кол башчыларынан болуп, кийин Полот хан Кокондун акыркы эгемен ханы катары дарга асылган соң Абдылдабектин кошуунуна кетет.
Падышалык жазалоочу аскердин куугунтугунан улам Алымбек датка уулу Абдылдабек Ооганстанга кеткенде жанындагы жигити Кашкарга кетип, андан Чүйгө, азыркы Арашан айылына келип туруп калганы тууралуу маалыматты ага жазуучу Акбаралы Мусабеков айтып бергенин Муктар аке кеп кылган.
Ошондон бери бул пикир көпкө чейин үстөмдүк кылып келди. Жогорудагы маалыматка таянган Алмаз Шаршенович да эки-үч курдай эл менен жолугушуу учурунда: «Айрым уламыштар боюнча, менин чоң аталарым Полот хандын кол башчыларынын бири болгон»,- деп айткан жайы бар.
Полот хандын, Абдылдабектин таржымалын архивдик булактардын негизинде изилдеп келген биз үчүн мындай маалымат бир топ кызыгууну жараткан. Бирок бул айтылгандар тарыхый чындыкка эч бир коошпой туруп алган соң архивди жана тарыхый жазма булактарды иликтөөнү улантууга туура келди.

 

АТАМБАЕВДИН ТЕГИ – ПИШПЕК СЕПИЛИНДЕ КЫЗМАТ ӨТӨГӨН КОКОН САРБАЗЫБЫ?
Айрым гезиттердеги жоромолго караганда, А.Атамбаевдин теги – өзбек, Кокон хандыгына караштуу Пишпек (Бишкек) сепилинде кызмат өтөгөн өзбек сарбаздарынан имиш. Байтик баатыр өз баласы Байсал үчүн өч алуу максатында Пишпектин беги Рахматулланы жигиттери менен жаздоочу жайы Ак-Чийге алдап мейманга чакырып, ал жерден ага сокку урулуп, оор жарадар болгону, кийин орустардын жардамы менен сепил талкаланганда андагы сарбаздар туткундалып, алардын арасында Шахмурад деген өзбек сарбаз ысымын Шама деп өзгөртүп, Байтиктин айылында жашап калганы тууралуу макаланы окуп калдым (Саясат.кg – Алмазбек Атамбаевдин теги өзбекпи? 2014-ж., 14-апрель). Ошол Шамадан Асанбай, Атамбай, Өтөмбай, Толкунбай, Тойгонбай аттуу беш уул төрөлгөнүнөн бери бул жоромолдо жазылыптыр.
Бул макаладагы маалыматтар да көңүл түпкүрүндө калган экен, кийин мүмкүнчүлүк болуп Алматыдагы архивдик ишимди кайра уланта баштаганымда А.Атамбаевдин түпкү теги Пишпек сепилинен туткунга алынган Кокон сарбазы делген жоромолго кызыгып көргүм келди.
Ачыгын айтыш керек, архивге бир кирип алсаң, ал өзүнчө эле кенч. 1988-90-жылдары Ташкенттеги Өзбекстандын Мамлекеттик борбордук архивинде отурганда да өзүмдүн темам калып эле, тарыхтын башка темаларына саякаттап кетчүмүн. Бир барганда Курманжан датка темасы менен «ооруп» калып, ал тууралуу материалдарга сүңгүп кетип, бир айлык иш сапарым текке кеткен. Дагы бир жолу барганымда Токтогул Сатылгановдун артынан түшүп, анын абак жылдарын тактоого алам деп убактымдын бардыгын «уурдатып» алган элем. Биринде өзбек аталып, алардын окуу китептеринде өзбек акыны делип жазылып келген Молдо Калбектин теги кыргыз экенин, болгондо да жазгыч акындардын сап башында турганын, азаттык аракети үчүн 1878-жылы Сибирге сүргүнгө айдалганын, урпактары Ноокендин Чоң-Багыш айылында турарын тактоо менен алпурушкан элем.
Ал эми Алматыдагы архивде да бирде Тилекмат акенин тагдырына кирип кетсем, бирде Кыдыр аке тууралуу документтерге аралашып кетем. Бир туруп Шабдан баатырдын изине түшсөм, бирде Калыгул олуянын урпактарына кызыгып, андан уйгур делген Турдакун Усубалиевдин ата-бабаларын иликтөөгө азгырылып жүрдүм. Андан ары убагында Кененсары менен Ноорузбайды талкалоодо өзгөчө эрдик көргөзгөн Абайылданын Шерботосун чукуп кирем. Кайрадан айланып келип Байтик баатырдын өмүр таржымалын толук камтыган жаңы документтер менен алпурушуп жүрдүм.
Ал эми 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөш, анын башкы каармандары тууралуу документтердин өтө көптүгүн көрүп, алардын айрымдарына тарыхчылардын колу жете электигине ынандым. Кыскасы, архивде кыргыздарга тиешелүү документтердин көптүгүнөн улам эки жылдан бери Алматынын архивин жыйынтыктай албай келем. Чынын айтсам, чети жаңыдан гана оюлгандай болду.
Мына жогоруда айтылган документтер менен алектенип жүрүп, Чүйдө туруп калган келгин «Кокон сарбазын» да унутта калтырган жокмун. Архивдик документтердин арасында 1860-1862-жылдары Пишпек сепили Орусия империясы тарабынан каратылып алынганда сепилден туткунга алынган хандыктын өкүлдөрүнүн жана сарбаздарынын тизмеси да бүт катталып, сакталып калган (КРБМА, ф. 3, 53 номерлүү иш кагазы).
Бул иш кагаздарындагы туткундардын ысымдары жазылган тизменин арасында Шама же Шахмурад аттуу адам жок. Архивдик бул документтер Атамбаевдин ата-теги Пишпек сепилинде кызмат өтөгөн Шахмурад аттуу Кокон сарбазы болгон деген жоромолду жокко чыгарат.

 

ЭЛ МЫКТЫЛАРЫ БӨЛҮНГӨНГӨ БӨГӨТ КОЙГОН
А.Атамбаевдин ата-тегине байланыштуу архивдик материалдар Алматыдан дароо эле табыла калган жок. Анткени алардын кайсы болуштукта жашаганын айтып берген эч ким болбоду. Айылдаштарынын арасында да азыркы Арашан айылы кайсы болуштукка караганын билген адам чыкпады.
Андыктан ХIХ кылымдын акыркы чейрегинен тарта ушул аймакта жайгашкан Аламүдүн, Ала-Арча (кийинчерээк Талкан, Канай болуштугу аталып калган), Бөлөкпай (кийинчерээк экиге бөлүнүп, Узун-Кыр, Байсейит болуштугу аталып калган) болуштуктарына тиешелүү документтердин арасынан иликтегенге туура келди.
Айылдаштары Алмаз Шаршеновичтин бабасы, тактап айтканда, Атамбайдын атасы Шама бир мезгилде (кайсы мезгил экенин эч ким билбейт) Кокон хандыгынын ордосунда кызмат өтөп келген арашандык төбөл, солто уруусунун атактууларынын бири Чынгыш баатыр менен кошо келгенин, кийин ал өз балдарындай кам көргөнүн бир ооздон кеп кылышат.
Ал гана эмес, Чынгыш баатыр көзү өтөргө жакын урук-туугандарын жыйнап, «кимде-ким Шаманын өзүн, анын урпактарын өгөйлөсө, менин арбагым урат!»деген өтө катуу керээзин айткан экен.
Ошондуктан Чынгыш баатырдын айылдаштары эч качан Шаманы «бөтөнсүң» деп бөлбөй, бооруна тартып тууган кылып келгенин арашандыктардан, Солтонун аксакалдарынан уктум. Балким, ошондон уламбы, Шаманын урпактары да жаңы туугандары менен камыр-жумур аралашып, бөлүнүүнү сезбей, атүгүл өздөрүнүн түпкүлүгүнө да анчалык маани бербей жашаптыр.
Алматынын архивинен Шама жана анын урпактарын табууга мага Чынгыш баатырдын урпактарынын жардамы өзгөчө болду. Тактап айтканда, адегенде Балтабай Чынгышев, Шайылда Чынгышев, Үркүмбай Чынгышев деген Чынгыш баатырдын балдары тууралуу маалыматты кездештирип, алардын арасынан Шама Сарыбагышев, Асанбай Шамин, Атамбай Шамин, Өтөмбай Шамин, Толкунбай Шамин, Тойгонбай Шамин деген ысымдарга туш болдум.
Демек, Арашан айылынын тургундары айткандай, Чынгыш баатыр Шаманы өз уулдарындай көрүп, ага үлүш жер, мал бөлүп берип өзгөчө мамиле кылганын архивдик документтер да бышыктап турат.

 

АРХИВДИК ДОКУМЕНТТЕР А.АТАМБАЕВДИН ТЕГИН ТАКТАП БЕРЕТ
Архивдик документтерди табыш өзүнчө машакат, аларды тапкандан кийин чечмелеп сүйлөтүш андан өткөн татаал экенин, өзгөчө кесипкөйлүктү, тактыкты, кылдаттыкты, талыкпай изденүүнү талап кыларын менин устатым, кыргыздын чыгаан тарыхчысы, маркум профессор Кушбек Үсөнбаев көп айтар эле.
Алматыдан азырынча табылган азганактай архивдик документтер Атамбаевдин тегин тактоодо өзгөчө мааниге ээ болду.
Казакстандын Борбордук мамлекеттик архивинин (мындан ары КРБМА) 44-фондуна тиешелүү 41221 номурлуу иш кагазы 1874-жылдын 2-февралындагы Токмок уездинин болуштуктарындагы түтүн ээлерин каттоого алган маалымат топтомунан турат.


Бул иш кагазынын 41-бетинен баштап Ала-Арча болуштугундагы түтүн ээлери, алардын арасында айтылуу Байтик Канаев баштаган көпчүлүктүн тизмеси катталган.

Кыргыз президенти А.Ш.Атамбаевдин ата-теги тууралуу падышалык архивдик документ. Аны Казакстан Мамлекеттик архивинен кыргыз тарыхчысы Кыяс Молдокасымов тапкан. Фонд № 44, иш кагаз № 41221, 41-бет. Алматы, Казакстан. 29.05.2014.


Ал эми 61-бетте Шама Сарыбагышев он башы экени, үй-бүлөсүнүн курамы 4 эркек, 3 аялдан тураары жазылган:

(КРБМА, 44-фонд, 41221 номурлуу иш кагазы, 61 b-бет) чоңойтулган түрү.

Андан кийинки беттен Асанбай Шамин да өз алдынча түтүн ээси экени, үй-бүлө курамы эки адамдан (өзү жана жубайынан) турары көргөзүлгөн.

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41221, 61 b-бет. Алматы, Казакстан. 29.05.2014.



Мына ушул архивдик маалыматтын өзү буга чейин Акбаралы Мусабеков тарабынан «такталган» Алмазбек Атамбаевдин чоң аталары Полот хандын кол башчыларынын бири болгон деген уламыштарды жокко чыгарат.
Анткени архивдик документ ырастап тургандай, Кокон хандыгындагы Полот хандын (Молдо Исхактын) жетекчилиги алдындагы боштондук күрөш (1873-1876-ж.ж.) мезгилинде Шама жана анын балдары Токмок уездинин Ала-Арча болуштугунда орун-очок алышып жашап турган.
Дагы бир табылган архивдик документ 1877-жылга тиешелүү. Бул мезгилде деле Шама он башылык милдетин аткарып турганы маалым:
Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 32700, 33 b-бет. Алматы, Казакстан. 22.05.2015.
(КРБМА, 44-фонд, 32700 номурлуу иш кагазы, 33-беттин артында).
Бул архивдик документ көргөзүп тургандай, 36-номурлуу тизмеде Шама он башы катары катталып турса, 38-болуп тизмеде Самабай Шамин делип, анын тунгуч баласы Асанбайдын ысымы туура эмес жазылган. Анткени ал учурда кыргыздардын аты-жөнү орус жазмакерлеринин сабатсыздыгынан улам ушундайча жазылып калган.
Айрым учурда араб тамгасында жазылган маалыматтар, киши аттары падышалык оторчул бийликтин катчылары тарабынан кирилл тамгасына которулган учурда ката жазылып калчу.
Адамдын аты-жөнү туура эмес жазылып калган учурларды кийинки документтерден да көрүүгө болот. Архивдик документтерде Шаманын атасынын аты Сарыбагыш экенин окудук. Бирок Атамбаевдердин ата-тегинде Сарыбагыш деген ысым учурабастыгын анын айылдаштары бир ооздон ырасташты. Демек, бул жерде да чоң бир сыр катылып жатканы иликтөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталды. Ал тууралуу сөз кийинчерээк болсун.

 

КИМДИГИ ТАКТАЛДЫ, ТӨРӨЛГӨН ЖЫЛЫ АНЫКТАЛДЫ
Эми Шама жана анын балдарынын жашын, үй-бүлөлүк курамын, социалдык катмарын аныктаган дагы башка архивдик документтерге токтоло кетүүнү туура таптым.
Бул маалымат 1885-жылга тиешелүү жана болуштуктун аталышы Ала-Арча эмес, Талкан болушу деп өзгөртүлүп аталып калган:
Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41686, 18-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.
(КРБМА, 44-фонд, 41686 номурлуу иш кагазы, 18-бет).
Мына ушул тизменин ичинен 2 бетти толугу менен эле берүүнү туура көрдүм.
Талкан болуштугунун тизмесинде 2-болуп айтылуу Байтик баатырдын, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары жазылган.
Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41686, 19-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.
(КРБМА, 44-фонд, 41686 номурлуу иш кагазы, 19-бет).
Бул архивдик документте Байтик баатыр 1885-жылы 63 жашта экени, байбичеси Апар 47 жашта болгону, андан ары анын 10 төөсү, 400 жылкысы, 350 мүйүздүү малы, бак-шактары тууралуу маалыматтар берилген.
Ал эми 85-беттеги тизмеден Шама жана анын Асанбай, Атамбай аттуу уулдары тууралуу маалыматка туш болобуз:
Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41686, 85-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.
(КРБМА, 44-фонд, 41686 номурлуу иш кагазы, 85-бет).
Мурдагы падышалык Орусияга таандык документтер сакталган Алматыдагы архивден табылган бул маанилүү документте Шама Сарыбагышев Талкан болушундагы 9-айылда жашаганы, 70 жашка чыкканы, анын байбичеси Айимхандын 60ка чыкканы, эң кенже уулу Тойгомбай 17ге келгени, чарбасы менен бирге коргончосу жана багы бар экендигинен маалымат алабыз.
Бул учурда Шама 10 башылык кызматын уулдарынын бирине өткөрүп бергенин көрүүгө болот.
Андан кийинки турган тизмеден Асанбай Шаминдин (документте Исенбай деп туура эмес жазылып калган) 35 жашка келгени, жубайы Макмал 30 жашта болуп, 5 жашар Алыбай деген уулу, 7 жаштагы Сыйнат деген кызы, ошондой эле чакан чарбасы болгонун билүүгө болот.
Тизмеде 7-болуп катталган Атамбай Шамин агасы Асанбайдан туура 10 жаш кичүү экенин, жубайы Тилебала 22 жашта болуп, 2 жашар Жаркымбай аттуу уулу бардыгы тууралуу маалыматка ээ болобуз. Эң кызыгы, Атамбайдын кат тааныган сабаттуулугун, он башы жана мергенчи болгондугун да ушул документтен билебиз.
Кийинки беттеги тизмеден Өтөмбай жана Толкунбай тууралуу ушул сыяктуу эле маалыматтар кездешет. Беш бир туугандын арасында сабаттуусу жалгыз эле Атамбай болгон.
Архивдик бул документтен биз Шама Сарыбагышевдин 1815-жылы төрөлгөнүн, уулу Асанбай 1850-жылы төрөлсө, анын иниси Атамбайдын туулган жылы 1860-жыл экенин тактай алабыз.
Дагы бир 1892-жылга тиешелүү документте Шама тизмеде катталган эмес.

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 31639, 274-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014. (КРБМА, 44-фонд, 31639 номурлуу иш кагазы, 274-бет).


Демек, мындан 1892-жылга карата Шаманын каза болгонун, байбичеси Айимхан жесир экенин тактоого болот. Айимхан эне болсо кенже уулу Тойгонбайдын колунда экенин ушул документ тастыктайт (Асанбай мындагы тизмеде 79-сапта турат, бирок ага "Атамбаев" деген тегаты жаңылыш жазылып калган).
1895-жылдагы дагы бир документте Шаманын сөөгү кайсыл жерге коюлганы, бейитинде күмбөз болгону маалымдалат (КРБМА, 44-фонд, 42222 номурлуу иш кагазы).
Атамбаевдин ата-теги тууралуу бул макалада кыскача гана токтолгондон улам калган архивдик документтер учкай эле баяндалды. Аларга келечекте кеңири кайрылабыз деген ишенимдемин.

 

«КОКОН САРБАЗЫНА» КАЙРЫЛУУНУН КАЖЕТИ БОЛБОДУ
Жогоруда баяндалгандай, 1860-1862-жылдары Пишпек сепили Орусия империясы тарабынан каратылгандан кийин туткунга алынган сарбаздар менен анда жашаган айрым адамдардын тизмеси камтылган архивдик документтерде Шама же айрым маалымат каражаттары жазып келишкен Шахмурад деген ысымдын эч кездешпегендиги айтылды. Чындыгында, бул окуядан 15 жылдай алдын ала эле Шама Чынгыш баатыр менен азыркы Арашан айылына келип байыр алганын, 2 уулдуу болуп, очор-бачар жашап калгандыгын жогорудагы архивдик маалыматтар бышыктап тургандан улам «өзбек сарбазы» тууралуу жоромолго кайрылууну эп көрбөдүм. Анткени тарыхый чындык, архивдик документтер бардыгын орду-ордуна коюп салды.
Эми эң башкы тактоого алчу маселе – Шаманын кайсыл мезгилде кайдан келгени, ал өз атасынын атын жашырып, "Сарыбагышев" деп катталып калышынын сыры, түпкү теги, мурдагы жашаган жери жана ал жердеги урпактары тууралуу.

 

ЧЫНГЫШ БААТЫРДЫН ТАРЖЫМАЛЫ ЧЫНДЫККА ЖЕТЕЛЕДИ
Бул маселени тактоо үчүн биз кайрадан Чынгыш баатырга кайрылабыз. Арашан айылындагы баатырдын урпактары Чынгыш баатыр Кокон ордосунда кызмат өтөп кайтканын бир ооздон баяндашат. Атүгүл Чынгыш баатырдан кийин ордого Чоң-Таштан Керимбек деген адам барып кызмат өтөп келгенин эскеришет.
Биздин тактообузга ылайык, Чынгыш баатыр Кокон ордосуна 1842-1845-жылдары кызмат өтөп келген. Анткени 1842-жылы Кокон хандыгы Бухара эмирлиги тарабынан каратылып, хандык катары жоюлуп, кыйроого, талоонго кабылган хандыкты кайрадан калыбына келтирүү вазийпасы Нүзүп баштаган кыргыздарга жүктөлгөн. Таластан хан урпагы Шералыны макулдатып, Чаткал тоолору аркылуу ашып келген кыргыздар Сафед-Буланда аны ак кийизге салып, хан көтөргөндөн кийин мүлдө Анжиян, Арка, Алай, Ички кыргыздарына чабармандарды аттандырып, кайрылуу каттарды жөнөтүп, хандыкты баскынчылардан тазалоого, өз алдынчалыгын калыбына келтирүүгө түп көтөрүлүп чыгышкан.
Чынгыш баатыр сыяктуу эчендеген эрендер кайрылууга жооп кылышып ар кайсыл аймактардан аттанышып, жардамга келишкен. Натыйжада эчендеген оор беттешүүлөрдө душмандарды жеңип чыккан көчмөн эл хандыкты калыбына келтирип, Шералыны хан тактысына отургузуп, бүтүндөй ээлиги кайтарылат.
Бирок арадан көп убакыт өтпөй ордодо кутумчулук күчөп, кыргыздар хандын айланасынан сүрүлүп, акыры хандыкты сактап, бекемдөөгө башчылык кылган Нүзүп 1844-жылы Маргалаңда Шералы хандын жарлыгынын негизинде өлтүрүлөт.
Бул кайгылуу окуядан кийин кыргыздардын Шералы ханга көңүлү кайт болуп, тажиктер менен кыпчактардын кыянат аракетине каршы чыгалбай, кыргыздарга карата кылмыштуу чечимдерди жүзөгө ашырган ханга каршы бир катар кыргыздар кайрадан көтөрүлгөн.
Алайда Алымбек датка баштаган кыргыздар 1845-жылы көтөрүлүп, Ошко аттанышат (казак тарыхчысы Тимур Бейсембиевдин эмгектеринде 1844-жыл деп баяндалат). Көтөрүлүштү басып, кыргыздарды жазалоо үчүн Мусулманкул миң башы, Көр уулу аскер башы баштаган кошуун Ошко келет. Оштун тегерегинде катуу кармашуу болуп, натыйжада Мусулманкул баштаган кошуундун жеңиши менен аяктайт.
Ошол эле учурда алайлык кыргыздар менен макулдашкандай, кесек уруусунан Сейитбек датка, төөлөс уруусунан Полот датка, Исфаранын акими Сатыбалды жана башка Ноокат, Кадамжай, Айдаркен, Баткен, Лейлек кыргыздары көтөрүлүп, апасы аваат уругунан болгон Алим хандын Оро-Төбөдө жашаган уулу Мурадды хан көтөрүшүп, Шералы ханды тындым кылышат.
Мурад хан болгону 11 күн хан тактысын ээлеп, кыргыздар ордодогу таасирин кайрадан орнотууга аракет кылышкан. Бирок Алай кыргыздарынын көтөрүлүшүнөн жеңиштүү кайткан Мусулманкул 13 жашар Кудаярды хан көтөрүп, Коконго кирет. Ортодо катуу кармашуулар болуп, натыйжада Мурад ханды колдогон кыргыздар жеңилүүгө дуушар болуп, Мурад хан өлтүрүлөт. Ал менен кошо Шералы ханды өлтүрүүгө катышкан кыргыздар кыргынга алынып, катуу жазаланган.
Мына ушул кыргынга жана жазалоого кабылган кыргыздардын арасында Шама жана анын туугандары, атасы Ноорузбай да болгон. Ал учурда Шама 30 жаштын тегерегинде болуп, кандуу окуялардын чордонунда жүргөн. Кыргыздар кыргынга кабылып, жазалоо күчөгөндө Шама (Айдаркенде, Чоң-Кара айылында жашаган туугандарынын айтуусунда, Шамамат деп да айтылат) Кожешкен, Зардалы тоолоруна качып, изин жашырат.
Шаманын атасы Ноорузбай менен Чынгыш баатыр – жашташ, бири-бири менен дилдери жакын, ынактыгы арткан эле. Чынгыш баатыр ордодогу кызматын өтөп, өз элине кайтканда тоо арасында жашырынып жүргөн аяш уулу Шаманы (же Шамаматты) Чүйгө ала келип, Сарыбагышев деген фамилия менен жашырып, өз балдарынан артык көрсө артык көрүп, кем көрбөй өз калкалоосуна алган.
Ал эми Чынгыш баатырдын 1845-жылдары өз айылында, туугандарынын арасында болгонун, 1846-1847-жылдардагы кыргыз-казак капсалаңында эрдиги менен өзгөчөлөнгөнүн Белек Солтоноевдин эмгегинен, башка бир катар санжыралардан кездештиребиз.
Кокон хандыгын 1845-жылдан кийин Шералы хандын балдары, анын уулдары башкарып турган учурда, алардын жазалоосунан кооптонгон Шама Ноорузбай деген өз атасын оозанбай, Сарыбагышев деген жашыруун фамилия (тегат) менен жүргөндүгүн жогоруда архивдик документтер бышыктап турат. Мына ошол Шаманын уулу Атамбай, андан Ысак, Ысактан Шаршен, анын уулу Алмазбек Атамбаев – учурда кыргыз мамлекет башчысы.

 

ШАМАДАН ШАРШЕНГЕ ЧЕЙИНКИ УРПАКТАР
Алматыдагы архивден табылган маалыматтарга ылайык, 1815-жылы төрөлгөн Шама Кокондогу капсалаңдуу окуядан улам из жашырып, Чынгыш баатыр менен Сары-Өзөн Чүйгө келгенде жашы отуздарда болгон учур эле.
Ал үйлөнүп, үйлүү-жайлуу болгондон кийин да бир топ жыл балалуу болбой жүрүп 1850-жылы тунгуч уулу Асанбай төрөлгөн. Андан кийин да 10 жылдай балалуу болбой жүрүп, 1860-жылы Атамбай жарык дүйнөгө келген. Бирок 1874-жылдын 2-февралындагы Ала-Арча болушундагы элдик каттоого ылайык, Шаманын үй-бүлөсүндө 3 аялзаты бар экендиги көргөзүлгөн. Демек, Асанбай менен Атамбайдын аралыгында 2 кыз төрөлгөн. Кийинки каттоолордо ал кыздардын ысымдары көргөзүлбөгөнүнө караганда, алар жашы жетип, турмушка чыгып кеткендей.
Ошондой эле 1892-жылдагы Талкан болушунун элин каттоого алган учурда (ар бир үч жылда, болуштук шайлоонун алдында эл каттоо жүргүзүлүп, элдин эсеп-чоту алынып турган) дагы Атамбайдын 8 жашар уулу Жаркымбайдын ысымы гана учурайт.
Азырынча Шаршендин атасы Ысактын (Сары-Өзөн Чүй жергесинде Исхак деген ысым Ысак деп аталат) ысымы көргөзүлгөн маалыматты кездештире элекпиз. Айрым маалыматтарга караганда, Ысак жаш кезинде эле, уулу Шаршен бир жашка караган учурунда (1907-жылдары) кырсыктан улам каза болуп, ымыркай уулун бир жашынан тарта чоң атасы Атамбай торолтуп өстүргөн. Ошондуктан учурда Атамбаевдердин фамилиясында Ысак деген ысым колдонулбай калган. Ал эми Атамбаевдин айрым учурларда өз уруусун кытай деп атаганы Шаманын чоң аталары Кутуй (Кутай) бийдин ысымы менен байланыштуу.

 

КҮДҮКТӨНГӨН СУРООЛОР, ТАКТООГО НЕГИЗ ЖООПТОР
Шама Сары-Өзөн Чүйгө жер которуп келген учурда 30дун кырындагы жигиттик курагы экен. Мени күдүктөнткөн бир маселе: Шама 30 жашка чейин үйлөнгөн эмеспи, эгер үйлөнсө, анда бала-бакыралуу болгон эмеспи деген суроолор болду. Акыры бул суроого жоопту Баткендеги Чоң-Кара айылынын аксакалдарынан (алар 1959-жылга чейин Кожешкенде жашап келишкен, кийин гана азыркы Чоң-Кара айылы негизделип, ал жерге көчүрүлгөн) Айдаркен шаарынын тургуну (түбү кожешкендик) 87 жаштагы Каримов Рахманберди аксакалдан алдым.
Рахман аванын Атамбаевге тууганчылыгы бар деп угуп калчу элем. 2015-жылы февраль айында анын кандайча тууганчылыгы бар экенин өз оозунан угуу максатында атайын Айдаркенге бардым.
Аксакал учурашканда эле: «Жакшылап карачы, кимге окшош экенмин?» деген суроосун узатты.

Рахманберди ажы жана К.Молдокасымов. Айдаркен ш., 2015-жылдын үчтүн айынын (январынын) 19у.



Жакшылап карасам көгүш тарткан көздөрү, бет түзүлүшү Алмазбек Шаршеновичке түспөлдөшүп кетет экен.
Аксакалдын айтымына караганда, Шаманын атасы Ноорузбай менен анын 4-атасы Ырыскул бир тууган экен.
Шаманын Кокон ордосундагы капсалаңдуу окуядан кийин из жашырып күн чыгышка (Чүйгө) кеткендиги тууралуу маалыматты Рахманберди ава мындан 40 жыл мурун чоң атасынан уккан. Чоң атасы көзү өтөр алдында небересин чакырып, өз чоң атасы Ырыскулдун бир тууганы Шама из жашырып кеткен боюнча дайынсыз болгонун, аны издеп табуусун керээздеп кеткенин Рахман ава эскерип отурду. Ошондон бери анын кабарын далай издеп, бирок эч майнап чыкпай келгенин айтты.
Рахман ава 2001-жылы кыш мезгилинде Бишкекке Оштон учмай болуп, бирок "Манас" аба майданын каптаган коюу тумандан улам бир суткадан ашык Ош аэропортунда калганын, ошондо бир цыган улам айласын кетирип келечегин айтып берем деп ээрчип алганын, акыры "макул, угайынчы" деп кулак төшөсө, ал дароо эле көп жылдан бери тууган издеп убараланып жүргөнүн, издеген тууганы Чүй тарапта бакубат турмушта жашаарын, жакында табышарын айтат.
Бул кабар Рахман аванын өчкөн үмүтүн кайра жандантып, Шаманын дайынын издөөсүн улантат. Ошол кезде Алмаз Шаршенович да досу Эгемберди Эрматовго чоң аталары тууралуу айтып, аны табууга жардам берүүнү суранат. Эгемберди Эрматов Кокон доору боюнча көркөм чыгармаларды жазып жүргөн жазуучу досу Акбаралы Мусабековго кайрылат. Акыры бул жазуучу тууганы Шаманы издеп жүргөн Рахман ава тууралуу Чоң-Кара айылынан угуп, ага жолугат.
Сураштыра келсе, экөөнүн тең издегени бир болуп чыгат. Натыйжада туура 160 жылдан кийин туугандар бири-бирин табышат. Туугандашып катташып жүргөнүнө 10 жылдан ашканын Рахман ава кубануу менен айтып отурду.

 

РАХМАН АВАНЫН АЙТКАНЫН, ИЗДЕП КЕЛГЕНИН ЧОҢ-КАРАЛЫК АКСАКАЛДАР ЫРАСТАШТЫ.
Рахман авага жолуккандан кийин Алматыдагы архивдик иликтөөмдү кайрадан уланттым. Жогоруда баяндалган архивдик маалыматтар кеңейди. Буюрса, архивдеги изилдөөлөр аягына чыга элек, дагы улантылат.
Жакында Рахман аванын айткандарын толуктоо максатында кайрадан Баткендеги Чоң-Кара айылына барып, аксакалдар менен баарлашып кайттым. Чоң-Кара айылынын тургундары негизинен 1959-жылы Кожешкенден көчүрүлүп келгендер экен. Кожешкенде азыр эл жашабайт, жайында гана чоң-каралыктар жайлоого чыгышат.
Кожешкенде төрөлүп, учурда Чоң-Кара айылында жашап жатышкан айыл аксакалдары Жүзбай Жамылбаев (1940-жылы Кожешкенде төрөлгөн), Курсан Бегалиев (1947, Кожешкен), Миңбай Дарманбаев (1940, Кожешкен), Жолдубай Кадыров (1941, Кожешкен), Нажимидин Ташбаев (1952, Кожешкен), Назир Адилбеков (1955, Кожешкен) бир ооздон Рахман аксакалдын Шама аттуу тууганын издеп келгенин ырасташты.
Баткендик аксакалдар Шаманын атасы Ноорузбай да ордо кызматына аралашып келгенин, кийин анын ишин баласы Шама улантканын, Шама бардар турмушта жашап, 4-5 айылдын хандыкка төлөнүүчү салыгын өзү эле төлөп келгенин кошумчалашты.

Кокон хандыгындагы капсалаңдуу окуядан улам Шаманын күн чыгышты көздөй жашырынып кеткенин санжыраны мыкты билген аталары, чоң аталары Карабай (1958-жылы каза болгон), Асемидин (1952-жылы каза болгон) жана 100 жашка чыгып, 1974-жылы каза болгон Абдрахман аксакалдардан уккандарын карыялар кеп салып отурушту.
Бул аксакалдардын жана Рахман аванын айткан санжырасына караганда, Шаманын атасы Ноорузбай, анын атасы Турсун, андан ары Туматай, Кутуй, Ажы бий, Меңди, Кутан болуп кетет экен. Чоң-Каралык аксакалдардын жана айдаркендик Рахман аванын айтымында Шаманын өз аты Шамават. Норузбай шам мезгилинде наристелүү болуп, уулунун ысмын Шамават койгон. “Ават” гүлдөп, өнүккөн деген түшүнүктү билдирет. Чүйгө келгенден кийин Шамават аты Шам, Шама деп кыскартылып айтылып калган.
Ноорузбайдын баласы Шама Кожешкенден кеткен соң ал чөлкөмдө Ноорузбайдан урпак калбаптыр. Шаманын атасы Норузбай, анын чоң атасы Туматай дагы балбан кишилер болуптур.
Туматай өтө балбандыгы менен өрөөнгө эле эмес, бүтүндөй хандыктын учу-кыйырына таанымал адам болгон. Ал Кожешкенде сазга батып калган төөнүн бир жаштан өткөн тайлагын сууруп чыгып, бир нече аралыкка тоону ашып көтөрүп келген. Ошондой эле Туматай балбан Кожешкендеги тоону тешип, суу өткөргөндүгү менен да элдин эсинде калган. Азыркыга чейин эски арыктын изи Туматай арык деп аталып келет.
Шама да атасы Ноорузбай, чоң аталары Туматай балбандан калышпаган алибеттүү, далысы жер жыттабаган балбан болгон. Кокон хандыгындагы ар кандай окуяларга атасы Ноорузбай сыяктуу Шама да байма-бай аралашып жүрүп, жыйынтыгында кыргыздарга кыянаттык кылган, тери чокоюн унуткан Шералы ханды тактан алып түшүүгө, анын өлүмүнө байланыштуу окуяга жакындан аралашып, натыйжада Мусулманкулдун мыкаачылык жазалоосунан улам жашыруун жер которууга аргасыз болгон.
Шаманын Чүйгө келип көргөн уулдарынын арасынан Толкунбайдын бою 2 метрге жакын болгонун урпактары менен айылдаштары эскеришет.
Бул жерде кызыгууну жараткан дагы бир маселе: Шаманын Чүйдөгү уулу Атамбай уулун Ысак (жогоруда айтылгандай Чүй жергесинде Исхак Ысак деп аталары маалым) атаганы. Демек, Атамбай атасы Шаманы куугунтукка алып, өз элинен, өз жеринен из жашырып кетүүгө аргасыз кылган Кудаяр ханды 1875-жылы август айында тактыдан кууп, хан көтөрүлгөн карапайым элдин өкүлү Молдо Исхак Асан уулунун ысымын Атамбай өз уулуна ыйгарып, жаңы төрөлгөн уулуна азан чакыртып Исхак же Чүйдүн шартында Ысак деп атаган.

 

БӨЛҮНБӨ, КЫРГЫЗ, БӨЛҮНБӨ
Биздин архивдеги иликтөөлөрүбүз мындан ары да улана бермекчи. Өткөн жылы Кочкордун Теңдик айылында жашаган Калыгул олуянын урпактарынын кайрылуусу боюнча Дөөткул Шыгаев, Көбөгөн Шыгаевдин өмүр таржымалын баяндаган, буга чейин белгисиз архивдик документтерди Алматыдан таап, урпактарынын колуна тапшырган элек. Учурда андай кайрылуулар туш тараптан келип түшүүдө.
Негизги басым 1916-жылдагы Улуттук боштондук күрөшкө жана анын башкы каармандарына, азапка кабылып, кыргынга учураган жалпы элдин тагдырына жасалмакчы. Ал эми Атамбаевдин тегине байланыштуу иликтөөбүз, өз учурунда Токтогул, Шабдан, Курманжан датка, Полот хан (Молдо Исхак), Алымкул аталык, Байтик баатыр, Тилекмат аке жана башка инсандардын тарыхын издөө сыяктуу эле архивдеги изилдөөбүздүн «адашкан убактыларындагы азгырыктын» жыйынтыгы болду.
Эң башкысы архивдик маалыматтар да, оозеки баяндар да Атамбаевдин түпкү теги башка улутка тиешелүүлүгү жөнүндөгү жоромолду эч тастыктаган жок. Тескерисинче, ал нукура кыргыз тегинен экендиги бышыкталды.
ХVIII-XIX кылымда хандыктагы капсалаңдуу окуядан улам ферганалык кыргыздардын өкүлдөрү Чүй, Нарын, Ысык-Көл чөлкөмүнө жер которуп, түбөлүккө мекендеп туруп калган учурлар көп эле болгон. Атагы таш жарган Көлдөгү Сарт аке менен Тилекмат аке бири – Ноокаттан, экинчиси – Кара-Кулжанын Ажыке жайлоосунан жер которуп, касиеттүү Ысык-Көлдү мекендеп, эл башкарып туруп калышса, айтылуу СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскуловдун чоң атасы Болот Өзгөндөн Жумгал жергесине келип байырлап туруп калган. Анын Акмөөргө болгон арзуусу аркылуу жаамы кыргызга таанымал болду. Урпактары таланты менен ааламга таанылды. Актаңдай акын Арстанбек Буйлаш уулу да Алымбек датканын доорунда Фергана өрөөнүндө болуп, Теңир-Тоого, Көлгө кайтканы маалым. Тарыхта мындай окуялар ондоп саналат.
Шаманын таржымалы да ошондой инсандар менен тагдырлаш. Анын улуу баласы Асанбай арык казып, багбанчылык кесибин аркалап, Бишкек шаарында ысымы түбөлүккө орун тапты.
Шаманын урпактарын бир чөлкөмдүн элине эле ыроолой салуу дегеле мүмкүн эмес. Түпкү мекени Баткен болсо, өздөрү Сары-Өзөн Чүй эли менен жуурулушту, ажырагыс биримдикти жаратты. Кайрадан атактуу баатыр Чынгыштын: «Кимде-ким Шаманын өзүн, анын урпактарын өгөйлөсө, андайды менин арбагым урат!» деген керээзи кулакка жаңырат.
Чынгыш баатырдын керээзи бир эле Шаманын урпактарына карата айтылган керээз эмес, мүлдө кыргызга айтылгандай туюлат. Кыргыз кыргызды бөлүп өгөйлөсө, ата-бабаларыбыздын арбагы урарын эсибизден чыгарбасак. Элибиз бөлүнбөй, ар дайым ынтымакта, ырыскыга бөлөнүп жашашса.
Азырынча сиздер менен Шамага (Шамаматка) жана анын урпактарына байланыштуу учкай гана маалыматтар менен бөлүштүм. Ортодо орун алган окуялар кенен чечмелөөгө алынган жок. Келечекте иликтөөбүз архивдик жаңы даректер менен дагы толукталса, алардын негизинде, балким, окуяларга кененирээк кайрылып, изилдөөнү улантууга туура келер, атайын эмгек жазылар, бардыгын убакыт көргөзөт. Ал эми бул маалыматты толуктоого салым кошом дегендер болсо же талашып тактык киргизем дегендер чыкса, алар менен байланышууга ар дайым даярмын. Азырынча өзүбүз архивден тапкан жаңылыктар, санжырада айтылган баяндар, жазмаларда кездешкен маалыматтар ушулар. Балким, Шаманын жана анын замандаштарынын урпактары дагы бул макаланы окушса үн катышар, кошумча-алымчасы болсо айтышар.

Кыяс Молдокасымов



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(34)
14.03.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына кызык. Баарын тарых айгинелейт .
14.03.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Рахмат Кыяс Молдокасымовго бар болунуз,сиздей тарыхчыларыбыз кобойо берсин,
14.03.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Баткенчи аяш авалардан экенда ажобуз.
14.03.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шого шондой болгон экен да
14.03.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо Ажобуз Айдаркендик эмес, Зардалынан нары Кожешкендик болуп калат экенда. Кожешкенден Ажонун туугандары Айдаркенге кочур келсе, демек Ажода Айдаркенчи болбойтко!
15.03.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай экенда
15.03.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо кандай, кадимки Полот хандын - Исхактын жердеши болуп чыктыбы?
15.03.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оо, Ашава эми Баткендеги чек ара маселесин чечпесе точно элдин да, туугандарынын да, Чынгыштын да кусуру урат
15.03.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ичпалаа тушунбодум ,эшматтын баласынын эжекесинин агасынын айдоочуусу кошунасы болуп кеттиптир го
15.03.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
сенсациялык ачылыш болуптур десе мен ойлопмун Кыргыздардын тарыхы боюнча ачылыш болгон окшойт деп, бул Атамбаевтин тарыхы мени кызыктырбайт, тарыхта кала тургандай болуп мамлекет башкарса кичине болсода кызыгырак болот эле, ансыз деле Кыргызстандын президенти болуп тарыхта калатко бирок, Кыргыз учун не кылган дегенде ошондо келечектеги муундар кантип эскеришет муну.......?????
16.03.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nurik2103,Бул да тарых, , Кыргызстандын президенти, демек кыргыздын тарыхы !
17.03.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dani2014,не деген тары? Баткенден Чуйго кочуп келип президент болуп ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-17 12:32:18
17.03.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurik2103, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
15.03.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
албетте тегибизди билгенибиз жакшы, бирок ким кай жерден экени башкы эмес, башкысы кыргыз элибиз, жерибиз учун жасаган жумушубуз го
15.03.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
бул макала татаал, кээ бир жерлерде биз колдонбогон (оозанбай, күдүктөгөн, алибеттүү)создор менен берилиптир....
15.03.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
биздин падышабыз окуп алып ой кокууй ушундай болгонбу дегендир
16.03.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TUMANaka, dubai, Oi_pikir, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга, mr_exclusive, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
16.03.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай гана кызыктуу макала супер инфо ушундай тарыхый инсандар жонундо кобуроок жазып турсанар биздин жаштар тарыхына кызыгат эле.
16.03.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А шояктынбыыыы же шояктан эмесби десем корсо шояктан экенсизда аа Аша аяш ава
16.03.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунчо бир китеп кылып чыгарчудайго
16.03.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо ажобуз кыргыз эле болуп чыктыбы
16.03.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунгон адамга ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-17 12:38:24
17.03.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oke, провокация жарата турган пикирлерди калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
16.03.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тарых десе жата калып окуйм!.Супер инфого рахмат.,ушундай тарых тууралуу коп коп жазгылачы?Антпесе,саясат жана криминал окуй берип...кыскасы тарых пайдалуу саясаттан караганда..рахмат дагы бир жолу!!
16.03.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Akayevdi kalmak dedinger, Bakiyevdi dunggan dedinger, emi Atambaievdi kyrgyz emes degender bolup jatyptyr, emne keregi? Alar prezident bolgongo cheyin kyrgyz bolup, prezident bolgondon kiyin kyrgyz emes bolup kalaby?
16.03.2016. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каерде баткен деп турат Байтик баатыр деп жазылып туратко
17.03.2016. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо чоон рахмат жан дуйномо азык болду. Ушундай соонун тарыхты окуган. Ал эми жогорудагы тушунбогондор. Какшык менен суйлогондор качан бир кыргыз онолот силер ушинтип ар бир нерсени туура эмес кабыл алып атсанар. Тарыхчы Кыяс байкеге да чоон рахмат. Биз колдуктор болобу оштук болобу тубубуз бирда. Ушинтип изилдей келсек. Бул макаланар кооп жаштардын ан сезимин ойготоор деген умуттомун.
17.03.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыяз мырзанын кучтуу тарыхчы экенине шегим жок, бирок бул жерде бир аз мучулуштуктор орун алгандай. Айтайын дегеним кыргыздар 7 атасына чейин каерде жашап, каида кочуп келгенин билет да. Биздин уруу-уруу болгонубуз озу эле чон тарых болуп берет го. Анан кантип Ажобуздун бабасы Шама белгисиз болуп божомолдоо кобойуп жатат. Менин оюмча ата-теги жашырылып жаткандай. Сарбаз болгону чындыкка жакынырактай.
17.03.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edu.kg., сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
17.03.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lale82, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
17.03.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы экен ))) Ата теги биз жактык экенине суйунуп калдым. Ар бирибиз оз ата-тегибизди билсек, келечегибиз учун раса жакшы.
18.03.2016. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айланчыктап ажону
Арзыматтар кобойду
Атасы сарбаз дыйканбы
Андан эмне озгорду

Жакшылап карап ойлонсон
Жагынуунун айласы
Жети атасы ажонун
Жалпыга кандай пайдасы

Тарыхты болуп чукумуш
Таанылуунун айласы
Туп атасы ажонун
Тарыхка кандай пайдасы

19.03.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыяс ага! Сиз архивде көп олтурган жана олтурат экенсиз, Бишкек баатыр тууралуу эч маалымат жаэбаптырсыз, ал жөнүндө окудуңузбу? Ошол туралуу кызыгып көрбөйсүзбү.
21.03.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кечиккен маалымат демекмин. Президенттикке ат салышып жатканда ушул маалымат чыкканда "бомба" болмок. Эми кеч, мунун президентке эле кереги тийбесе, калын элге маанилуу деле эмес. А, баса, быйыл маданият жылында Кыяс мырзага пайдалуу болуусу мумкун)))
aijan түзөттү 2016-03-21 10:06:37
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: