
5-март күнү УКМКнын Бишкектеги имаратында өрт чыкты. Адегенде аталган имаратта жарылуу болгонун да кабарлап жибергендер болду. Бирок чекисттер дароо эле өрт электр зымдарынын чыңалуусунан чыкканын айтууга жетишишти. Маалыматка ылайык, 15 чарчы метр кызматтык жай жана коридордун 20 чарчы метри өрттөн жабыркаган. Буга катар 6 кызматкер түтүнгө ууланып ооруканага жаткырылды.
Коомчулукта чекисттердин башкы имаратындагы өрт жөн жерден чыкпагандыгын, ички кызматтык чагым болушу мүмкүн экендигин айткандар четтен чыгууда. Ошону менен катар
"өрт маанилүү документтерди жок кылууга багытталган" дегендер да жок эмес. УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү
Рахат Сулаймановдун айтымында, эч кандай маанилүү документтер өрттөн жабыркаган эмес.