
Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы, скрипкачы
Нурайым Азыкбаева жеке жашоосу тууралуу:
«Мени да бирөө катуу сүйүшүн каалайм. Бирок ал да өз убактысы менен келсе керек. Андыктан убакытты шаштырбай эле коёлучу»,- деп маек курган эле. Нурайымдын бул тилеги ишке ашкан өңдүү. Дегенибиз, ал акыркы кезде комузчу жигит менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн байма-бай интернет баракчасына жүктөп калды. Нурайым чынында эле жүрөгүнүн ээсин тапканын ырастады.
«Жигитим да чыгармачыл адам, өлкөбүздөгү алдыңкы жаш комузчулардын бири – Назбек Кенчинбаев. Экөөбүз көп жылдан бери таанышпыз. Консерваторияда бирге окуп, дос болчубуз. Бара-бара ортобузда сезимдер пайда болду. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 1 жылдай болуп калды. Азырынча чыгармачылыкта ийгиликтерди жаратып алалы деп жатабыз. Жакында эле скрипка менен комуздун дуэтин Кыргызстанда биринчилерден болуп жаздырдык»,- дейт кубанган ырчы. Чыгармачыл эки жашка бакыт каалайбыз!
star@super.kg