БИР БҮРКҮМ
№697 11-март-17-март, 2016-ж
-
ГҮЛНАРА КАХАРОВА апрель айында Ош шаарында жеке концертин берүүгө камынууда.
-
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти САЙНАБҮБҮ ЖУНУШАЛИЕВА 7-мартта 80 жаш курагында дүйнө салды.
-
8-мартта Японияда өткөн "Nodojiman the World-2016" аттуу ыр сынакта мекендешибиз ГҮЛҮМ КАСЫМБАЕВА япон тилинде ыр аткарып биринчи орунду алды.
-
11-мартта "АЗИЯ МИКС" командасы орусиялык КВНдин Жогорку Лигасында оюн көрсөтөт.
-
«ЧОРО» тобунун солисти Нурболот Теңизбек, ырчылар Адилет Азимов жана Нияз Касымов «Көз ирмем» аталышындагы ырды трио кылып жаздырышууда.
-
4-мартта "ТАМАШОУНУН" "Ак калпак" кубогун "Кыргыз двор" менен "Универсал" командалары утту.
-
Жакында МИРБЕК АТАБЕКОВДУН «Эми жолдон адашпа» деген жаңы ырынын клибине күбө болобуз.
-
«Театрлар таймашы» сынагынын биринчи таймашында Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театры жеңүүчү аталды.
-
Даниель Нурзада аттуу ырчы менен «Сени таптым» деген ырды дуэт кылып жаздырды.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0