
Тележурналист
Эрнис Кыязовдун НТС телеканалынан жумуштан бошотулганы интернетте талкуу жаратты. Бир катар басылмалар
«Кыязов президентке Фейсбук баракчасы аркылуу айткан кайрылуусу үчүн жумушунан айдалды» деп жазып чыгышты. Ал эми Кыязов жумуштан кетүү планы болбогонун, анын айдалышы саясатка байланыштуу экенин билдирди.
Телеканал жетекчилиги Кыязовдун кетишинен саясат издебөөнү айтып чыкты. Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси
Алмаз Үсөнов Эрнис Кыязов жеке менчик телеканалдын кызматкери болгондуктан анын кызматтан бошотулушуна Президенттик аппараттын кандайдыр бир тиешеси болушу мүмкүн эместигин айтты. Эрнис Кыязовдун НТСте «Ар тарап» берүүсүн алып барып жатканына 1 жыл боло элек болчу.
тарс-турс этип такылдап суйлойт.Ушундай журналистер саналуу гана.
Откон кеткен бийликке сатылбай чындыкты издеп келген жигит.
канчалаган журналисттер ошол бийликти мактап алардын созун суйлоп калат эмеспи.
Бийлике мындай жигит жакпай коздон алыс кылыш керек болуп атат да
Кыязов баарыбир элдик журналист!