
Мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев 17-мартта Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерип, алардын эстелигине гүлчамбар коюлду. Буга катар курман болгондордун арбагына багышталып куран түшүрүлдү.
Ушул эле күнү президент Атамбаевдин атынан Бишкектеги 7-Апрель окуясында курман болгондордун эстелигине да гүлчамбар коюлду. Аксыдагы эл менен жолугушуусунда президент:
«Аксы окуясы элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаган. Аксы окуясы элдин аң-сезимин өзгөртүп, улуттук намысыбызды ойготкон. Коомубуз тазаланып, үй-бүлөлүк башкаруудан арылып, накта элдик бийликтин орношуна карай жол дал ушул жерден башталган. Аксыдан башталган. Боспиектен башталган»,- деп билдирди. Мамлекет башчы өз сөзүн:
«Азгырык сөздөргө алданып, бузукуларды, сасык саясатчыларды ээрчип кетпейли. Анда биз балдарыбыздын, өлкөбүздүн келечегине балта чабабыз» ,- деп аяктады.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg