
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда байыркы жаныбарга тиешелүү, азыркы жаныбарлардан көлөмү абдан чоң сөөк табылды. Жергиликтүү жашоочулар аны мамонттун сөөгүнө окшоштурушуп, Илимдер академиясына кабарлашкан.
Өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда байыркы жаныбарлардын калдыктарын изилдей турган бир да палеонтолог жок.
Чет элдик окумуштуулар бул сөөк 10-11 миң жыл мурун тукум курут болгон талаа мамонту экенин болжолдошууда. Илимпоздордун айтуусунда, талаа мамонтунун салмагы 10 тоннага жетип, бою 5 метрге чукул болгон. Бул Кыргызстанда табылган биринчи мамонттун сөөгү эмес, 1980-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунан мамонттун азуу тиши табылган. Учурда ал мектеп музейинде сакталып турат.
Ысык-Көлдөгү илимий табылганын айланасы курчоого алынып, милиция кызматкерлери тарабынан кайтарылып жатат. Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин маалыматына ылайык, аталган сөөктү иликтөө үчүн чет элден адис чакыртуу каралууда.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
Корсо Кыргызстанда бир палеонтолог бар экен деп жатпадынар беле?