– Биз 1 жыл мурда банк аркылуу насыяга дүкөндөн муздаткыч алганбыз. Муздаткычка 3 жылдык мөөнөткө кепилдик берилген. Бирок ал иштебей калды. Кимге кайрылышым керек?
Улан, Ош.
-Банк сизге муздаткыч алууга жардам гана бере алат. Сатып алууда кардар буюмдун сапатын карап алуусу зарыл. Эгер алган буюмуӊуз жарактан чыгып калса, анда сизге 3 жылдык кепилдик берген дүкөнгө кайрыласыз.
«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеӊештерге муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg