САУЛЕ АКТРИСАЛЫККА ӨТТҮ
№699 25-март-31-март, 2016-ж

6 жашында сахнага
«Сауле, Сауле» деп рэп айтып чыккан кичинекей кыз эсиңиздеби? Азыр ал бой жетип, «Айчүрөк» кыздар лицейинде 9-класста окуп жатат. Сауле окуу менен катар киного да тартылганын айтат.
«Режиссёр Нурлан Абдыкадыровдун «Кыргыз-казак бир тууган» аттуу комедиялык тасмасында тентек кыздын ролун жараттым. Кыргыз менен казак элинин куда-сөөктүк карым-катышын чагылдырган киного казак артисттери да катышкан. Аталган кино апрель айында жарыкка чыкмакчы»,- дейт ал.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1
Онорун оркундой берсин!