
18-март күнү Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланган Каржы министрлигинин кезектеги тендери коомчулукту таң калтырды. Министрлик 15 чиновник үчүн дайвинг
(суу алдында сүзүү) боюнча кызматтарды 230 миң сомго сатып алмак. Башкача айтканда, жыл аягына чейин 15 чиновник 113 ирет бассейнге барып, суу алдында сүзүүнү үйрөнмөк.
Аталган тендер коомчулуктун кескин сындарынан улам артка кайтарылып, министр
Адылбек Касымалиев кызматкерлерине сөгүш жарыялады. Аталган министрликти КСДПнын квотасынан барган адам жетектээри, эл каржылык каатчылыктан катуу кыйналып жаткан маалда бул министрликтин сууга сүзүү үчүн элдин жүз миңдеген акчасын коротмокчу болгондугу коомчулуктагы сындарды ого бетер күчөттү.
2015-жылдын декабрында эле Касымалиев баштаган министрлик 228 миң сомго 2 планшет, 284 миң сомго 10 кресло сатып аларын жарыялап, сын-пикирлердин алдында калган. Ал окуя салык төлөөчүлөрдөн чогулган акчаны тескөөчү мекемеге эч бир сабак болбоптур.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg