
Балдар, жаз келери менен сапсары болуп гүлдөп чыккан каакым жөнүндө билгиңер келеби? Ал көп жылдык чөп тибине кирип, саздак жерлерде, суу жээгинде, талаа-шалбааларда өсөт. Анын узундугу 30 сантиметрге чейин жетип, апрель-май айларында гүлдөйт. Аталган чөптүн уруктары аба аркылуу тарайт. Каакым дары катары да колдонулат.
Султан Төрөбеков
balakai@super.kg