“Кыз-Бурак” тобунун мурунку солисттери Айжамал Кабылова, Гүлнара Калдарова, Кенже Дүйшеева турмушка чыккандан кийин өздөрүнчө “АГК” деп аталган топ түзүшкөнү маалым. Ошондон бери “Кыз-Бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен мамилелери солгундай түшкөн эле. Ага кошумча жакында эле шоу чөйрөдө "Айжамал Кабылова менен Гүлнара Калдарова устатынан кечирим сурашыптыр" деген кептер тарады. Окуянын чын-бышыгын билүү максатында Гүлшайыр Садыбакасовага байланышканбыз.
Ал өз сөзүндө: «Ооба, жакында эле Гүлнара менен Айжамал мени Оштогу ресторандардын бирине чайга чакырышты. Үчөөбүз 4 сааттай отуруп сүйлөштүк, сырдаштык, кучакташып ыйлаштык, кечириштик. Өздөрүнүн да башынан көп жамандык-жакшылык өтүп, эненин баркын түшүнүп калышыптыр. Ортобузда чоң таарыныч деле жок болчу, болгону «Кыз-Бурак» тарагандан кийин мамилебиз солгундап, мурункудай катташпай калганбыз. Мен да капа болуп унчукпай, көңүл бөлбөй койгом. Айжамалды 5-класстан баштап карамагыма алгам, жарым жыл мурун атасы каза болуп калган, ага куран окудук. Өзүңөр билгендей, азыр ал башынан катаал мезгилди өткөрүп жүрөт. Айжамал менен сүйлөшүп, анын үй-бүлөсүнүн урашына кымындай да күнөөсү жок экенине ынандым. Мен кызымдын үй-бүлөсүн сактап калууга болгон аракетимди жумшайм. Керек болсо күйөө балам менен да сүйлөшүүгө даярмын. Турмушта өйдө-ылдый болот, аны чогуу жеңбесе, жылдап курган уяны бузуп коюш оңой эле. Бузукулардын айынан чырактай жаш үй-бүлөнүн урап калышын каалабайм»,- дейт.
star@super.kg
же мурдуна суу жетерин кутуп журот го...
Кенженин ар бир кыймылы,ырдаганы жагат.оз жолунда туура бара жатат.эрки кучтуу кыз экен бааладым алга кенже,тенелбе
кыйын суйлойт го тоону омкоргонсуп баарына уйротуп турмушту ,Гульнара жонокой молодец Кенже менен Айжамал жаман болушту эле менменсинип турмушка чыккандан кийин,Гулшайыр эже молодец энесиндей кабыл алыптыр дагы буларды.
Тилинен да,колунан да келген айым деп билем Кенжени.Ар бир жасаган иши так,даана.Суйлогон созу орундуу.Билсе уйротот да,сага не...?! Сопсонун кылып жигиттерден топ тузуп койду.Кенже топтон кеткенден кийин балээ да жок го!