БИР БҮРКҮМ
№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
-
«АК ШООЛА» балдар хору май айында Санкт-Петербург шаарында өтчү эл аралык фестивалга катышат.
-
Ырчы КУБАНЫЧ САТАЕВ Toyota 4Runner үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду.
-
Жаш режиссёр КЫМБАТ АДЫЛБЕКОВАНЫН "Таксист" аттуу кыска метраждуу тасмасы Канн кинофестивалында көрсөтүлөт.
-
ЭМИЛ БАЛТАГУЛОВ, АЗАМАТ САРЫБАЕВ Түркияда өткөн түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы фестивалга катышып келишти.
-
АЙНУРА САЛАХИДИНОВА, АЗИЗА, РОЗА ШАКИРОВА «Шат күндөр» деген ырына клип тарттырышууда.
-
АСКАТ МУСАБЕКОВДУН кызы Акзыйнат «Сары кыз», «Ала-Тоонун ары жагында» деген ырларды жаздырып ырдап чыкты.
-
Жаш ырчы АЙДАНА ДЕКА «Бакытым» деген ырына клип тарттырууда. Мындан сырткары өзүнүн бий тобун ачууга камынып жүрөт.
-
АТАЙ ОГОМБАЕВДИН «Маш ботой» күүсү «Акак» жана «Камбаркан»
фольклордук-этнографиялык тобунун аткаруусунда Нью-Йорктогу БУУнун имарат залында жаңырды.
-
«КЫЗ-БУРАК» тобу «Энекебай», «Эх, байке» ырына, Сайкал Садыбакасова «Кыялымда жашайсың», «Ойлорумда» деген ырларына клип тарттырышууда.
-
ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ май айында Гүлжайна Атаканова менен бирге өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып концерт берет.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0