ЖЫЛДЫЗДАР БИР ТАСМАДА
№701 08-апрель-14-апрель, 2016-ж


Кыргыз жылдыздары кайрадан чогулуп, жаңы тасмада роль жаратышууда.
Сүйүн Откеев режиссёрлук кылган «Мегатой» аттуу бул тасмага актриса
Нуриза Бурханова, Мерген Турган, Мурат Мамбетов жана
«Тамашоунун» жигиттери тартылышууда.
Комедия жанрында тартылып жаткан тасманын башкы ролуна бекитилген Нуриза:
«Чыгармачылыгым кайрадан жанданып кубанып турам. Тартуу аянтчасын сагыныптырмын, клипке, тасмага тартылуудан ырахат алып жатам. Бул тасманын сценарийи купулума толду, фильмде оң каармандагы келиндин ролун жаратам»,- деди.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
1