
Машина айдоо жагынан тажрыйбасы мол адамдардын айрымдары оңдоо жагынан да уста болуп калышы мүмкүн. Ал эми үйрөнчүктөргө, анчалык тажрыйба топтой электер үчүн унаа оңдоочу уста Азамат Керимбаев кеңеш берет.
–– Унаамды токтобой айдап бара жатканда жакшы эле, бирок, мисалы, жол чыракка токтогондо машинам титиреп жатат.
Темир, Бишкек
– Мотордун титиреши үч маселеден улам жаралат. Биринчиден, мындай маселе мотордун жаздыкчасы иштен чыкканда жаралат, ал 1000 сомдун айланасында турат, кызмат акысы 300 сом. Экинчиден, инжекторду тазалоо керек болгондо пайда болот, тазалоо акысы 2500 сомдун тегереги. Үчүнчүдөн, ички гранаттар жарактан чыга баштаганда титирейт. Бир гранаттын баасы 800 сом, алмаштыруу 500 сом.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
Инжнектор системи мындай проблемаларды бериши чанда.