
Машина айдоо жагынан тажрыйбасы мол адамдардын айрымдары оңдоо жагынан да уста болуп калышы мүмкүн. Ал эми үйрөнчүктөргө, анчалык тажрыйба топтой электер үчүн унаа оңдоочу уста Азамат Керимбаев кеңеш берет.
–– Машинам кылдыраганынан өткөндө бир досума көрсөткөм, жүрүү тетиктерин алмаштыруу керек деген, алмаштыруу канча турат?
Майрамбек, Бишкек
– Жүрүү тетиктери бузулганда унаа кылдырап калат. Мисалы, шар сымал тетик (шаровой) бузулса, анын баасы 800 сомго чейин барат, кызматы да 800 сом. Солдатиктер жарабай калганда да кылдырайт, анын баасы 300-600 сом, кызматы 200 сом. Рулдун учундагы тетик (рулевой наконечник) жарактан чыкканда да аны алмаштыруу зарыл. Баасы 300-600 сом, кызматы 150 сом. Коңгуроосу (колокольчик) да иштебей калышы мүмкүн, анын баасы 800-1000 сом, кызматы 500 сом турат.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
От албаса, жаны акуммулятордон 5ну койсон да от албайт.
Себебин издеш керек, инжектор-пинжектордон баштап, насос-пасосуна чейин текшерип...
Устанын баары эле ондой бербейт. Кээ бироолору кайра бузуп таштайт. Бузганда да кайра ондой албай турган кылып бузушат, туготтор...
Машина ондоого да "права" керекпи ???
Менин правам жок. Эми мага машине ондоого болбойбу ?