
Окурмандардан келген суроолорго врач дерматолог, косметолог МЭЭРИМ ДАВЛЕТОВА жооп берет.
– Бир курбум салонго барып бетимди тазалатып келдим дей берет. Мен бир да жолу барган эмесмин. Салонго барбай эле каражаттарды сатып алып, үйдөн тазаласа болбойбу? Негизи тазалоо деген кандай процесс?
Уулкан, Талас
– Жеке өзүм кардарларымдын бетин тазалоодо төмөндөгүдөй ыкма колдоном. Бетти тазалоо тартиби 5 этаптан турат.
1. Бетти атайын каражаттар менен тазалоо.
2. Теринин үстүндөгү тер чыгуучу эң майда тешикчелерди ача турган, бет терисин жумшартуучу маска коюу.
3. Атайын аппарат жана кол менен тазалоо.
4. Эс алдыруучу маска жабуу.
5. Акырында бет териге ылайыкташкан крем сүйкөө.
Албетте, үй шартында да тазалай турган ыкмалар көп. Мисалы, 3 чоң кашык акталган сулу данын ысык сууга 5-15 мүнөт чылап, аны бетке коюп, 5 мүнөт укалоо керек. Соңунда жылуу суу менен жууп саласыз.
Дерматолог, косметолог эскертет! Үй шартында кандайдыр бир ыкма колдоноордон, дары ичерден мурун адис менен кеңешиңиз!
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
Бул жерде үй шартында эмес, салондон бетти тазалатуу боюнча айтып жатат. Аппаратты үй шартында колдонууга болбойт. Салондо гана жасалуучу ыкма. Аппаратты колдонуу боюнча адиске кайрылыңыз.