Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Кенже Дүйшеева: «ҮЙ-БҮЛӨМ ТУУРАЛУУ АЙТКАНДАН ЧОЧУЛАП КАЛДЫМ»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж


Кыргыз шоу-бизнесинде тарсылдаган, анча-мынча эркектен кем калышпай иштеп, чечим чыгарган мырза мүнөз Кенже Дүйшеева деген ырчы бар. Анын сахнада жүргөнүнө быйыл 20 жыл болот экен. «20 жылда кандай гана чыгармачылыктын оор түйшүгүнө чыдабадым, мына ошол жоопкерчилик, айрым бут тосуулар мени чыйралтты, күчтүү кылды»,- дейт ырчы.

– Кенже эже, саламатсызбы? Жаз ортолоп, жайдын жыты келе баштады, жаздын мелүүн абасы маанайыңызга таасирин тийгизип жатабы?
– Кандайсыңар, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы окурмандарды келе жаткан жана өтүп кеткен жаз айындагы майрамдары менен куттуктайм. Өзүм боюнча айтсам, жыл мезгили чыгармачыл адамдарга өтө чоң таасирин тийгизет. Мисалы, мага күз мезгили картайгандын белгиси болсо, кышында баары чээнде жаткандай сезиле берет. Чыгармачылык эргүүнү жаз менен жайдан алам. Азыр да ошол эргүүнүн арты менен иштейм, ырдайм, клип тартам, концерт коём деп чыйралып турган убагым. Май айынан тартып түштүк жергесинде «Жебе» тобу менен концертимди берем. Буюрса, кыздардан түзүлгөн топ ачсамбы деп турам. Жакында эле өзүмдүн чыгармачылык кеңсемдин ачылышын кылдык, буюрса, ушул экөөбүз отурган кеңседен кыргыз элине кызмат кылган көптөгөн таланттар чыгат деп тилек кылып жатам.

– Бизге мындан бир жыл мурун маек берген элеңиз, андан бери жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?
– Жакшылык менен жамандык эриш-аркак жүрөт деген чын окшойт. Былтыр күзүндө кайненем кайтыш болуп, биздин үй-бүлө чоң азаны башынан өткөргөн. Кайненем ыраматылык гүлгө аябай жакын жан эле, Алматыдагы үйүбүздө гүлдөрүн укмуш карачу. Бишкекте бир жумадай жүргөндө эле «ий, байкуш кайненемдин гүлдөрү соолуп калбады бекен» деп кабатыр боло берем. Кайненем каза болгондон кийин өзүнүн жакшы көргөн гүлү бар эле, ошол соолуп калды, ошондо «мен гүлдөрдү кайненемдей карай албай койдум окшойт» деп өзүмдү аябай күнөөлүү сездим. Ал эми жакшылыктардан «Жебе» тобундагы Самат үйлөнүп, келиндүү болуп колум узарып калды. Жакшы турбайбы, концерт, тойлор болгондо аларды тургуза албай эле кыйналчу элем, азыр келиниме чалып койсом болду, тургузуп, кийинтип, баарын даярдап коёт. Анан да жакында берчү концертимде кызым Томирис экөөбүз дуэт даярдап жатабыз, бул дагы мен үчүн маанилүү окуя. Кызым өзү ырдайм деп умтулуп жатат, бала да, каалоосун аткарып коёюнчу деп каршы болгон жокмун.

– Жолдошуңуз казак улутундагы мырза, Алматыда үйүңүздөр да бар экен, келечекте биротоло Казакстанда жашап калышыңыз мүмкүнбү?
– Мени кетире албай жүргөндөр эрте сүйүнбөй турсун. Турмушка чыгып үйдө отуруп калганда кайната, кайненем «Кенже, ырдай албай калгыча ырда, чыгармачылыгыңды улант» деп «добро» беришкен. Бирок кызымды атасы Казакстанда окутам деген ойлору бар. Акыры барар жерибиз ошол өлкө да, албетте, кийинчерээк мен ырчылыкты таштаганда биротоло Казакстанга кетебиз. Учурда аптанын башында Алматыда болсок, жуманын аягында Кыргызстандабыз.

– Интернетте Айжамал Кабылованын ажырашуусуна сизди күнөөлүү деп эсептегендер чыгып жатат. Буга жообуңуз кандай?
– Бул окуя мага да оор тийди.Анткени Азаматты да, Айжамалды да жакшы билем. Айжамалдын ажырашканын гезиттен окуп билдим. Мындан бир жыл мурун «АГК» тобу менен гастролдоп концерт уюштуруп жүргөм. Бирибиздин балабыз ооруйт, экинчибиз өзүбүз ооруп калабыз, үчүнчүсү жумуштары менен бошобой, аймактардагы концертке толук курам менен бара албай үзгүлтүккө учурап калган күндөр болду. Мага деле элден нааразычылык уга берген аброй алып келбейт да. Ошол эле айылга мен «Жебе» тобу менен барам, анан алардын бетин кантип карайм? Анан «кой, кыздар, ар кимибиз өз алдыбызча иштейли» деп сунуш киргизип, жалгыздан иштөөнү туура көргөм. Ал эми Айжамал менен Азамат экөө тең кызуу кандуулук, жаштык кылып жатышат. 1-2 жылдан кийин экөө табышып калышса, сөз кылып жаткандардын сөзү асманга желдей учуп жок болот.

– Экөөнү жараштырганга аракет кылып көрдүңүзбү?
– Бирөөнүн үй-бүлөсү бирөөгө караңгы токой, ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн саясаты бар. Азаматты иним, Айжамалды сиңдим катары жакшы көрөм. Экөөнө тең тартпайм. Азыр мен да бул окуяга байланыштуу өзүмө келе албай отурам. Ушундай учурда акыл үйрөткөндөр көп болот. Колдон келсе мындай окуяны коомчулукка жарыялабай эле коюшса болмок. Жараштыра турган адам коомчулукка жарыялабай эле жараштырып коёт. Бул жерде өз кызыкчылыктар көбүрөөк роль ойноп жатат.

– Чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кете албай үй-бүлөсү ураган мисалдар көп, ушундай окуялардан кийин өзүңүз үчүн кооптонбой элесизби?
– Мен гезит беттерине үй-бүлө, эки адамдын ортосундагы мамиле тууралуу көп айта бербеш керек экен деген тыянакка келдим. Көз тиет деген бар. «Бакыт тынчтыкты сүйөт» деп коюшат эмеспи, тынч эле өзүң үчүн бактылуу болсоң жетиштүү экен. Кудайга шүгүр, жолдошум чыгармачылыктагы мага шык берген, колдоо көрсөткөн башкы адамым. Ал мени түшүнүп, таянычым болуп жүргөндүктөн мен Кенже болуп турам.

– Мүнөзүңүз мырзалардыкындай, мындан улам айрымдарда «үй-бүлөсүн деле Кенже башкарат» деген ойлор жаралат болуш керек?
– Жумушта мен тарсылдаган, талапты катуу койгон адаммын. Бирок үйдүн босогосун аттаганда ал эркекке окшогон Кенжени сыртка таштап келем. Мага үй кызматчы жалдап, аны эки жакка жумшай берген жакпайт. Керек болсо өзүм эле кир жууп, камыр жууруп, тамактын түрүн жасап коём. Жетишпей баратканда эле сиңдилерим жардамга келет. Жолдошум сиңдилерим жасаган тамак менен мен жасаган тамакты кадимкидей айырмалап «баары бир Кенженин тамагына жетпептир» деп аларды чычалата берет. Чынында, канча тамак жасабайын даамынан эле меники экенин билет.


"Томиристин демөөрчүсү – атасы, кызымдын ырдайм дегенин атасы да колдоп жатат".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg



Кенже Дүйшеева: "Жолдошумдун бир сөзү менен арыктадым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(104)
SUPER.KG видео
24.04.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Тарсылдаган Өзгөн кызы
SUPER.KG видео
24.04.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягыыы баягыыы дей бериптиргооо
Медиа-портал
25.04.2016. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Г.Садыбакасовадан мынча конулу калган себеби эмнеде ким билет
Медиа-портал
25.04.2016. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оштогу афишаларымды тытып кетет деп намекту гулшайырга ыргытыптыр го. ХХХ ХХХ ХХХ кыз бурак болбосо бу кызды биз таанымак эмеспиз
Модератор admin_media түзөттү 2016-04-25 09:27:27
Медиа-портал
25.04.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pirim77, такталбаган маалымат жазып кимдир бирөөнү каралоого тыюу салынат!
SUPER.KG видео
25.04.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кенже Дуйшеева эжени таланттуу жана кучтуу айым катары берген интервьюларынан улам билип келем. Созду дагы мааниси менен суйлойт. Азаматсыз!!! Бирок, мен бир нерсеге дайыма ойлоно берем))) Эмнеге ырчылар оз создорундо эл суранды, эл бул ырды ырдап чык деди деп коп айтышат. Кайсы адам оз жашоосун эмес бироонун жашоосун ойлонот? Ар бир адам оз жашоосу менен курошуп, турмушта бир нерсеге жетишсем экен деп аракет кылат го. Мен ырчылардын ырларын угуп, оз баамды берем, бирок суранган эмес элем.....
Медиа-портал
25.04.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кенже эже азамтсыз,бирок суйлогон,кыймыл аракети бут эле Гулшайыр Садыбакасова эжекенин сабактары экен.озундой кыймылдап,суйлоп койду.кантсе да ошол эженин колунан чыккан да сабагын алган дегендей.
SUPER.KG видео
25.04.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bakytchik, аябай туура айтыпсын. Чын эле эмнеге дуйнолук денгээлде боло алышпайт? Дуйнолук кээ бир ырчылардын ырларын укканда унун угуп суктануу болот менде. Музыка жаатында эч кандай тушунугум жок болсо да, бийик ундон шыр эле ичке унду алып кетишкенин (кандай аталат экенин билбейм, кечирим сурайм) угуп жатып билем. А ырчы адам менден дагы жакшы сезип байкаса керек. А бирок эмнеге ырдашпайт андай кылып? Же биздин ырчылар эптеп тойго ыр жаздырса эле болдубу?????
Медиа-портал
25.04.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
datumb, Pandora,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек! 10 күндөн БАНга!
25.04.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кенже эженин аябай сыйлайм, башкалар улгу алчу аялзаты.
25.04.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавица го кызы,бактылуу болсун!
25.04.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жамандагым келбедиго, "жараштыра турган адам, жарыя кылбай эле жараштырып койот" деп Г.Садыбакасовага намекала го дейм?…
Гулшайыр эже сабырлуу экен! Айчурок Именалиевага окшоп, айбын айтып отурган жок. Ушул убака чейин унчукпай келет..
25.04.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Palan4a,
Кенже ушул жерде перегнула палку. бардык нерсенин чеги бар да. эмне учун сен озундун оюнду бироого тануулайсын, тушунбодум. Садыбакасова озунун жакындыгын ошол аркылуу билдириптир. аны тим эле баса белгилеп отконун карачы. деги ушу кыздын чон эле устаты менен тирешкени жакпады. не деп капа кылганда да адамбыз да, баарыбызда кемчилик бар. а бирок Гулшайыр эженин конул оорутканы менен катар сага кылган таасирин, эмгегин бир таразага салып кордунбу ушул убакка келип.ансыз сен ким болмоксун
25.04.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ziko_kt,"причем тут я?" дейн дегем?))
25.04.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Palan4a,Булардын айыбын Гулшайыр эжебиз ооо учо болунуп кеткенде, кантип эрге бергенин, септерине канча акча коротконун, топко жаны келишкенде кандай кыздар экенин жарыялап буткон. Акылдуу аял болсо кылганы пеш кылбаш керек эле. А Кенже эжеге келсек бир эле бул тарбиясын албаган , ал нерсе адамдын ары жагынан элдин баары билет болунуп чыгып кетседа коптогон ийгиликтерге жетишип олтурат, кана Садыбакасова эжебиздин кайсы кыздары эмне кылып жатышат козго коруноор?
25.04.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенже эже кечиримдуу болун
25.04.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сизге жакшылык кылгандарды унутпан
25.04.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кенже,азамат. Сизди билбегендер айта беришсин,аны муну деп. Аларга конул болбонуз. Ишинизге ийгилик.
25.04.2016. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гулшайыр эже эмне болсо дагы апаныз менен тен аял
25.04.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сизди ырчы кылганда Гулшайыр эже
25.04.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кыласыз жеке жашоону айтпай жолдошунуз менен бактылуу болунуздар! кызынында озунунда демоорчусу куйоосу да
25.04.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ийгилик аябай жагатда Кенже эже
25.04.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
чыгармачылык ийгилик сизге!!! кызыныз аябай суйкумдуу экен.бактылуу болунуз
25.04.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Душманды алыстан издебе дейт.ошол сынары Кенже эжешабызда турмушумду элге жарыя кылгым келбейт.дептир.Айжамалды синдим деп туруп.аркасынан мактанганы эмнеси ай.артист баарыбир артисттигин кылат.сыйкалыка салып
25.04.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ай Кенже эже, Кенже эже сизде чоон бир кеп жатат)))Маегиниз айрымдардын уй-булосу бузулуп бактысыз а мен мына бактылуумун дегендей эле туюлду.Тфу-тфу коз тийбесин уй-булонузго!
25.04.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кенже Эже мен сизди аябай сыйлайм эн куччту аялсыз Аллахым дагы бактылуулукту берсин,эн сонун айтыпсыз "мени кетире албай атткандар ,эрте суйунбосун деп" сахнадан кеттпениз "ит уро берет,кербен журо берет"
Медиа-портал
25.04.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эмне эле гулшайырды кудай кылып жатасынар? гулшайырды да дагы бироо чыгарган, гулшайыр ырдаткан кыздардын баары эле кенже болуп кеткен жок. ал озунон да завист этет.
Медиа-портал
25.04.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Maksat81,эн туура айтасын. Кенже эже турмушка чыкканда мынча акчам кетти озунун эч нерсеси кетпеген баарын мен кылдым деп суйлогон создорун укканбыз. Алматыдан кудааларды да мен тосуп алгам мен узаткам эл кылбаган септи кылгам деп.
25.04.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сыйлаган ырчы айым!Үй-бүлөлүк бакыт,чыгармачылыгына чоң-чоң ийгиликтерди каалайм.Биздин шоу бизнестеги алдыңкы ырчы аялзаты деп билем!
Медиа-портал
25.04.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уй-булолук бакыт. Чыгармачыл ийгилик
25.04.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Манералары жакпайт. Суйлогону да.
26.04.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pozitiff, атына затын жарашсынчы ((
26.04.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pozitiff, Мага да жакпайт. Гулшайыр эжени туурап суйлойт.
25.04.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тиги жакта уй-було бузулуп атса,биякта менде баары сонун дегендей эле болуптур))итак эле бактылуу,озу айткандай эже бир интервьюсунда "элде жок бакыт менде бар" деди эле го,торобогон аялга таш ыргыткандай эле болгон.
25.04.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бакыт-бул кызын имела в виду.
25.04.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыз Бурак Кенже Дүйшееваны жаткан жеринен эле атактуу кылган жок. Кыз Буракта жүздөгөн кыздар келип иштеп кетти. Кайсынысын Кенже Дүйшеевадай эстей аласыңар. Иштесең тиштейсиң дегендей, ар бир ийгилигине тырмагы менен жер казып олтуруп жетти Кенже Дүйшеева. Кенже Дүйшеева келген кезде Кыз Бурак кризисте болчуу, Гүлшайыр эже ооруп, бир туугандары менен чабышып оор мезгилди башынан өткөрүп турганда кичинекей Кенже Дүйшеева эжеге жөлөк, караан болуп Kыз Буракты кайрадан жандандырды.
25.04.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колунан келишинче, жан дили менен сүйүп иштеди Кыз Буракта. Сайкалды чоңойткону эле Гүлшайыр эжеге болгон чоң кызматы деп билиш керек. Сайкал азыр Кыргыз эстрадасынын эң сонун үндөрүнүн бири болуп жетишти. Адамдын кадырын билип, акысын жебеш керек. Экөөнүн ортосундагы таарыныч атак даңктын айынан эмес адамгерчилик таарыныч деп ойлойм.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: