
Индияда өткөн «Алтын үч бурчтук» кинофестивалында режиссёр Дальмира Тилепбергенованын «Асман алдында» тасмасы көрсөтүлүп, анда баш каармандын ролун аткарган актёр Анвар Осмоналиев «Мырзанын мыкты ролу» наамына татыды. Кубанычы коюнуна батпай жүргөн актёр: «Кинофестивалда 21 тасма ат салышты. «Асман алдында» тасмасы көрсөтүлүп жатканда толкунданып, чоң жоопкерчиликти сезип турдум. Кезек-кезеги менен сыйлык ээлери аныкталып, «Мырзанын мыкты ролу» деп менин ысымымды атаганда сүйүнүп кеттим. Мен үчүн күтүүсүз болду. Азыр деле кубанычым тарай элек»,- дейт. Кошумчалай кетсек, аталган кинофестивалда режиссёр Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка» тасмасы калыстар тобунун сыйлыгына арзыды
Саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап кайра аракет кылып көрүңүз. Катачылыктар дагы кайталанса бизге купуя кат менен кайрылсаңыз болот, рахмат!
Саламатсыздарбы!
Мүмкүнчүлүк болгондо Кинозал бөлүмүнө жүктөлөт. Сунуштарга рахмат!