БИР БҮРКҮМ
№704 29-апрель-5-май, 2016-ж
АК-ӨРГӨ CITY» командасынын курамы жаңы 3 оюнчу жигит менен толукталды.
- ТУРДАКУН НИЯЗАЛИЕВ менен МИРБЕК АТАБЕКОВ «Айтыңыз маарек» деген ырына клип тарттырышууда.
- Казак ырчысы ИНДИРА ЕЛЕМЕС «КЫЗ-БУРАК» тобунун «Сизге», «Практикант агай» деген ырларын казак тилине которуп ырдайт. Москва шаарындагы сейил бактардын бирине ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымы берилет.
- Кыл кыякчы ЗАЛИНА КАСЫМОВА Казакстанда өткөн «Жубанов көктеми» фестиваль-сынагында диплом менен сыйланып, казактардын алкышына арзыды. Аны менен катар аталган сынакта БАКЫТ ТИЛЕГЕНОВ дирижёрлук кылган Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы элдик аспаптар оркестри Гран-прини жеңип алды.
- «WE`LL BE» бий тобу май айында өлкө аймагында «Kyrgyzstan dance showcase» бий фестивалын өткөрөт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2