ДАНИЯР КӨБӨНОВ КАЙРАДАН КИЛЕМДЕ
№704 29-апрель-5-май, 2016-ж
Балбандарыбыз Бразилияда өтчү Олимпиадага жолдомо алуу үчүн акыркы аракетин көрүшмөкчү. 6-8-май аралыгында Түркиянын Стамбул шаарында жалпы 12 лицензия ойнотулуучу мелдеш старт алат. Бул мелдешке 75 килограмм салмакка чейинки категорияда белгилүү балбаныбыз Данияр Көбөнов килемге чыгат. Ошондой эле өлкөбүздүн атынан Руслан Царев (66 кг) жана Бексултан Махмудов (98 кг) катышып, Олимпиадага жолдомо алууга аракет көрүшөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0