Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Дилбара Кыдырбаева, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аял: "ҮЙҮМ БАР ЭКЕНИН 7 ЖЫЛДАН КИЙИН БИЛДИМ"

№710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж


Кеңсебизге бири-бирин жетелеп, ысыктын күнүндө нымдалыша тердеп майыптар тобу кирип келишти. Алар "Бир жарым жылдан бери Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы мыйзамсыз иш-аракеттерди ашкерелей албай убарабыз" дешет. Алардын айтымында, бул коом монархиялык коом болуп калган. "Ак үй, Көк үйдүн алдында митинг уюштура берип тажаганда маалымат каражаттарына кайрылууга аргасыз болдук" дейт каарманым.

"КӨЗҮМӨ КИСЛОТА ЧАЧЫЛЫП, КӨРБӨЙ КАЛГАМ"
Дилбара Кыдырбаева 1-топтогу майып. Эки көзү тең көрбөйт. Ал 7 жыл мурун үйлүү болгонун жакында эле билген. Бирок аталган үйдө ушунча жылдан бери дени-карды соо эле адамдын үй-бүлөсү жашап келгенин айтат.
– 2008-жылы жолдошум кызганычтын айынан бетиме кислота чачып жиберип, эки көзүм тең көрбөй калган. Эки балам бар. Күйөөм сотто мага өмүр бою колума кол, бутума бут болом деп сөз берген, ушул күнгө чейин чогуу жашап келебиз. Ата-энем каза болгондон кийин алардан калган үйдө үй-бүлөм менен жашап калдым. Ошол эле жылы 1-топтогу майыптык алгам жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары Токмок шаардык дүлөйлөр жана азиздер коомуна мүчө болуп кирдим. Коомго мүчө болгонум менен, үй алуу же башка жардам берилет деген үмүт болгон эмес. Токмок шаардык дүлөйлөр жана азиздер коомунун жетекчиси Бактыбек Исмаилов "Өзүң томолой жетим экенсиң, Бишкектен үй алып берели",- деп калды. Ал кезде көзүм азиз болуп депрессияда жүргөндүктөн маани деле берген эмесмин. Ошондон кийин мени Токмок шаарынан каттоодон чыгарып, Бишкек шаарына каттоого тургузушуптур. Муну билген эмесмин.
2010-жылы Токмок шаардык социалдык коргоо бөлүмүнө майыптыгыма чегерилген жөлөк пулду алайын деп барсам, "Сен бул жакта эмес, Бишкек шаарында каттоодо турасың. Ал жакта сенин 1 бөлмөлүү батириң бар турбайбы" дешти. Бишкекте үйүм жок эле деп таң калдым. Баламды жетелеп алып жетекчибиз Бактыбек Исмаиловго барып "Менин наамыма жаздырып үй алган турбайсызбы, бул кандайча?" десем, ал "аламбы, албаймынбы, аны менен сенин ишиң болбосун" деп койду. Ошону менен колумдан эмне келмек эле деп унчукпай кала бергем.

"ИСМАИЛОВ "МЕНИ АРАЛАШТЫРБА" ДЕДИ"
Быйыл 2016-жылдын март айында мага кимдир бирөө жашыруун номер менен чалып, "Бишкек шаарынан сенин наамыңа батир алынганын билесиңби?" деп сурады. Менин "жок" деген жообумду уккан соң анын ким экенин сурагыча телефонду коюп койду.
Ошондон кийин Исмаилов мага телефон чалып "үйгө келип кетчи" деди. Барсам "2009-жылы сага Бишкек шаарынын 6-кичи районунан үй алганбыз. Сен убактылуу ошол дарекке барып тур. Ал жакта менин келиним жашайт. Текшерүү келип, үй кимдин наамында экенин сурайт. Сен ал жакка мени аралаштырба. Мен өзүм чуркап жүрүп ушул батирге жеттим деп айт",- деди. Унчукпай чыгып кетип калдым. Акыры текшеришкен окшойт. Телеканалдардын бирине майыптардын үй маселеси тууралуу талкууга чакырылыптыр. Менин көзүм көрбөсө да кулагым угат. Ошол жерде Бактыбек Исмаилов түз эфирден "үйдүн ачкычы Кыдырбаеванын өзүндө!" деп кыйкырды.
7 жылдан бери үйдү эмес, короосун да көргөн эмесмин. Ошондон кийин Бишкекке жумуштап кеткенимде Бактыбек Исмаилов аялы менен келип жолдошума ачкыч менен үйдүн документтерин таштап кетиптир. Үйгө келсем кошуналар кагазды ачып үй тууралуу токтомду окуп беришти. Көрсө, 2009-жылы өкмөт томолой жетим, майып деп менин наамыма Бишкек шаарынан үй берген экен. Ушул кезге чейин ал үйдө Бактыбек Исмаиловдун уул-келини жашап келиптир. Мага документти таштап коюшуп, 29-майда түнү менен уул-келинин көчүрүп кетишиптир.

"АКТИВИСТТЕР СИЗОДО БЕЙКҮНӨӨ ЖАТЫШАТ"
Алтынбек Тобокел уулу дагы ушул эле Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү. Анын айтымында, үйгө ээ болгон адамдардын көбү дени-карды соо, төрага Калык Мамбетакуновдун тааныштары жана туугандары.
– Коомдун карамагында Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарлары боюнча көп кабаттуу үйлөр, батирлер, нечендеген мурдагы завод-фабрикалардын имараттары бар. СССР тарагандан кийин алар иштебей калган. Мурун азиздер жана дүлөйлөр турмуш-тиричиликке керектүү түрдүү майда-чүйдө буюмдарды чыгарып иштешчү. Ал станоктун баары сатылып, менчиктештирилип, заводдордун имараттары эле калган. Ал жерде иштегендер азыр көрүнгөн жерде кайыр сурап, базарларда ырдап, эптеп жан багып жүрөбүз. Ал эми имараттарды тигүү цехтерине жана башка чакан ишканаларга ижарага берип, чоңдорубуз акчасын алып коюп эле жатышпайбы.
Өкмөт Бишкектен жер бөлүп берип, 90 батирлүү дагы бир үй салынды. Анда деле 25 жылдан бери мүчөлүктө турган жарандарыбыз батирлүү болуша элек. Устав боюнча коомго 5 жылдан ашык мүчө болуп турган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, үйү жок адамдарга батир берүүгө мүмкүн. Мамлекеттик каттоо кызматындагы документтердин баарын алып чыгып каратсак, батир алгандар эч кандай коомго мүчө эмес, ден соолугу жайында жалаң жетекчилердин тууган-уруктары болуп чыгууда. Мындай мыйзам бузууга чыдай албай баш көтөрүп чыккан активисттерди негизсиз жалаа менен каматып, азыр бир нече балдарыбыз
СИЗОдо жатышат. Биз ушул мыйзамсыз иштер тууралуу өкмөткө, депутаттарга, акыйкатчыга, Каржы полициясына чейин кайрылдык. Баары эле бир ооздон "Азиздер жана дүлөйлөр коому – бейөкмөт уюм. Өкмөт ал коомго мүлктөрдү бергени менен, кайра анын мыйзамдын негизинде бөлүштүрүлүп жатканына кийлигише албайбыз. Маселеңерди коомдун жетекчиси Калык Мамбетакунов карайт",- деп карышкырга кой кайтартып коюп жатышат. Бул коомго биз мүчөлүк акы төлөп турабыз. Мындан сырткары коомго берилген бардык мүлк, турак жай элдин төлөгөн салыктарынан салынып жатпайбы. Өкмөт эмне үчүн жок дегенде карапайым элдин алдында төлөгөн салыгы үчүн отчёт бербейт?!

"УСТАВДАГЫ ТАЛАПТАР АТКАРЫЛБАЙТ"
Токмок шаардык Азиздер жана дүлөйлөр коомунун башчысы Бактыбек Исмаиловду издеп Токмок шаарына бардык. Максатыбыз – "Дилбара Кыдырбаеванын наамындагы үйдө эмне себептен ушул кезге чейин сиздин уул-келиниңиз жашап келген, ушул айтылгандар чындыкпы?" деген суроону берүү болду. Бирок кеңсесине барып, Исмаиловду тапкан жокпуз. Кесиптештери анын иш сапары менен белгисиз жакка кеткенин айтышты. Ордуна орун басарынан жооп алалы десек, "ал да иш сапарга кетти" дешти. Бактыбек Исмаиловдун иш сапарына кеткенинен бир аз күмөн санап Токмоктогу үйүнө бардык. Үйдөн келини чыгып, атасынын кайда экенин билбей турганын, ал тургай телефон номеринен бери билбээрин айтты. Ал эми Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакуновдун кеңсесине 1 күн бою телефон чалып ала алган жокпуз. Коомдун бизге кайрылган мүчөлөрүнө байланышсак, алар да 1 айдан бери төрагасына байланыша албай жатышканын айтышты.
"Коомдун Токмок шаары боюнча башчысы Бактыбек Исмаилов төрага Калык Мамбетакуновдун күйөө баласы экенин жакында билдик. Мындан сырткары үйгө ээ болгон, жетекчилик кызматка отурган көп адамдардын Мамбетакунов менен туугандык байланышы бар экенин баарыбыз эле билебиз. Бул киши коомдун жетекчиси болуп 27 жылдан бери турат. Андан бери Кыргызстандын өзүндө эле 4 жолу ажо алмашты. Коомдун уставы боюнча жетекчиликке 63 жашка чейинки жарандар төрагалык кыла алат. Калык Мамбетакунов болсо 64 жашта. Өзү, Токмоктогу күйөө баласы Исмаилов жана башка жетекчилердин көбүнүн эле көздөрү көрбөйт. Азиз кишилер ушундай мыйзам бузууга барып жатышса, көзү көрүп, кулагы уккан бийликтеги башка жетекчилерибизден үмүт үзүп койсок деле болчудай",- дейт коомдун мүчөлөрүнүн бири Алтынбек Тобокел уулу.
Учурда бул маселе боюнча коомдун мүчөлөрү жетекчилигинин үстүнөн кылмыш ишин козготуунун аракетинде. Дилбара Кыдырбаева тергөө иштери башталып аягына чыкмайынча 6-кичи райондогу жаңы батиринде жашабай турууну чечкенин билдирди.

Гүлжан Асанкожоева
koom@uper.kg



“Менин үйүмдө жетекчибиздин уул-келини жашап жүрүптүр” дейт 1-топтогу майып аял

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(20)
SUPER.KG видео
10.06.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Уят,шермендечилик ,Кыргызстанда ушундай Адам сымалдардын айынан канча бейкуноо адамдар жабыркайт!, адилеттуулук жок такыр жок!Кыргызстанда акча баардык нерсени чечет ото кейиштуу
Медиа-портал
10.06.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tasuluu,
Саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз. Катачылыктар кайталанса бизге купуя кат аркылуу кайрылсаңыз болот, рахмат!
SUPER.KG видео
10.06.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз жок!
13.06.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кеч болсо да уй тийиптир унчукпай жашай бергиле куноолуунун жазасын кудай берет
13.06.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Тушунбойм документтери кантип болушу мумкун натариус менен ээсине гана берилет уй го,ишенич кыйыныраак го.
Медиа-портал
13.06.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tasuluu,
Саламатсызбы! Катачылыктар дагы деле кайталанып жатабы?
13.06.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
детекчилик кайнатасы болсо нотариусу жок элэ чечип алатта
13.06.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карышкырлар эл башкарып жатат мамлекетибизде.Акча менен илибой жумушту бутурот.
13.06.2016. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоооббооо кылдым
14.06.2016. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канымды кайнаткан тойбостор
14.06.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандар, бирөөнүн акысын жегенден алыс болгула, акыры аябай жаман!
14.06.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоо бумеранг
14.06.2016. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул Кыргызстанда жашагым келбей кетет ,кееде
15.06.2016. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ушундай кыйналган адамдардын акысын деген адамдарды Адам дебей эле койсо болсо керек
16.06.2016. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайды "семейный подряд" деп койчу беле, калган областардагы жетекчилери дагы туугандары болсо керек. Бироонун ырыскысын жегендерди Алла Талаам дагы мумкунчулугун чектеп коёт, абайлагыла!
16.06.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Arslan12, туура айтасын кудай сактасын да, кокпой кантип жашап журду экен уяты жоктор. дал сен айткандай болуп калса (андайда озу эмес баласы болот) кайра ден-соолугун кайрып ала албайт го.
18.06.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобоо, кантип беттери чыдап жашап журушот.Уят,уят абийир,ар намыстары кантип жол берет экен.Оздору майып майыптардын устунон тоношуп, Жан дуйнолору кыйналбайт бекен а .Аттин,аттин....чындап коркосун жашаштан .Тономой,таламай ,карапайым элди,келечек муунду ким ойлойт, уф ушуларды ойлосон кесел болосун.
18.06.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уят, акмакчылык
SUPER.KG видео
26.06.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле.
SUPER.KG видео
01.08.2016. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят бироонун акчасын аш болбойт .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: