Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Автокырсыктан каза болгон жигиттин энеси: "УУЛУМ КЫЗЫН КӨРБӨЙ КЕТТИ"

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж


15-апрелде Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Көк-Жар айылына жакын жолдо автокырсык катталган. Анда КамАЗ Хонда Фит үлгүсүндөгү жеңил автоунааны басып калган. Кагаздай бырышып калган жеңил унаанын ичинде айдоочудан сырткары 5 киши болгон. Окуядан улам бейкүнөө жерден мерт болгон 2 маркумдун бири Адилет Ырысбай уулунун туугандары күйүтү менен редакциябызга кайрылышты.

"УНААНЫ КАМАЗ БАСЫП КАЛЫПТЫР"

Адилет Ырысбай уулунун апасы Шайлообүбү Кенжекараева уулунун өлүмүнө кимди күнөөлөөрүн билбей жатканын айтат:
– Уулум Адилет 24 жашта болчу. Келиним экөөнүн чогуу жашаганына 1 эле жыл болгондо минтип кырсыктап кайтыш болуп калды. Биз Нарын облусунун Ат-Башы районунда турабыз. Балам келинчеги менен Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында жашачу.
Беш-Күнгөйгө каттоочу маршруттук таксилер эрте токтоп калгандыктан, жашоочулары Бишкектин четинен ары карай таксиге түшүп кетишет. Аялдамада турган балама бир унаа келип токтоп, "Биз да Беш-Күнгөйгө барабыз, ала кетели" дептир. Айдоочусу кыз киши экен. Артында айдоочунун курбусу жана дагы бир жигит менен кыз отуруптур. Менин балам алдыңкы орундукка отуруп, аялдамадан айылдаш таанышын көрүп, "кеч каласың, биз менен жетип ал" деп аны да салып алышат. Ошол маалда Шабдан баатыр көчөсүнүн өйдө жагында оңдоо иштери жүрүп жаткан. Беш-Күнгөй тараптан келе жаткан КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу жолго коюлган бетонду сүзүп, токтоно албай калыптыр. Андан буйтайм деп каршысында келе жаткан жеңил унаа жол чекесине чыгып кетет. Артынан КамАЗ дагы келип кулап, аны басып калыптыр. Алдыңкы эки орундукта келе жатышкан менин уулум менен айдоочу кыз мерт болду. Байкуштар эзилип эле калса керек. Куткаруучулар келип, КамАЗды тургузабыз деп кран менен көтөртүшүп, анысы КамАЗды көтөрө албай кайра түшүп кетип жатып унааны былчыйтып салыптыр. Артындагы аман калгандарды чыгарыш үчүн унааны бырчалап, кескилеп жатып араң сууруп алышыптыр.
Ошол маалда келиним кош бойлуу болчу. Кырсык тууралуу угуп, боюнан козголуп кыйналды. 2 жума мурун кыз төрөдү. Уулум кызын көрбөй кете берди.

"СИҢДИМДИН АРТЫНДА ТУЯК КАЛГАН ЖОК"

Жеңил унаанын айдоочусу Чынара Уразбекова 40 жашта, турмуш кура элек. Улуттук гвардиянын кызматкери болгон. "Жакын арада пенсияга чыкмак",- деп көзүнө жаш алган бир тууган эжеси Гүлнара Уразбекова буларды айтты:
– Сиңдим Чынара өмүрү өткөнчө өкмөткө кызмат кылып жүрүп кетти. Анын артында туяк калбаганы сыздатат. Ушул убакка чейин иш менен алышып жүрүп жеке жашоосун 2-орунга коюп коюптур. 20га жакын медаль менен сыйланган, былтыр президент Алмазбек Атамбаевден кол саат белекке алган. Ошолорду деле бир мактанып, "мен момундай иш кылып жатам" дебептир.
Окуянын эртеси таңкы саат 6да мага телефон чалып, сиңдимдин кырсыктаганын угузушту. Түз эле өлүкканага бардык. Ошол маалда каза тапкан берки жаш баланын да туугандары барып калышыптыр. Эксперттердин айтымында, килейген КамАЗдын прицеби жеңил унаанын алдыңкы бөлүгүн басып калганда Чынара ошол эле жерден мерт болуптур. Берки жигит 2 сааттай кыйналып жатып каза болгон дешти. Мен өзүмдү жоготуп коёюн дедим. Шордуулар, кантип гана өлүм менен кармашып жатышты экен ошол маалда.

"ПРИЦЕП УЛООГО УРУКСАТЫ ЖОК ЭКЕН"

– Болору болду, бир тууганыбызды жерге жашырдык, кыркылыгы да өттү. Эми бизге туш тараптан чалып, "жолду куруп жаткан курулуш компаниясын сотко берели" дегендер болуп жатат. Жол салуу иштери башталгандан бери менин сиңдим катышкан кырсык жетинчиси экен. Ага чейин жолдо тиешелүү белгилер коюлбай, жарык берүү иштери жасалбагандыктан 6 кырсык болуптур. Ал эми КамАЗдын айдоочусу болсо учурда камакта. Тергөөчү "Кырсыкка себепчи айдоочу жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Жолго коюлган цемент бетондорду көргөнгө чейин эле сигнал басып, жолунан чыккан унааларды качырып келген экен. Анын үстүнө айдоочулук күбөлүгүнө прицеп улоого уруксат берген "Е" категориясы басылбаптыр. Эксперттер тормозу да кармабай калган деп жатышат",- деди. Бул ишти тергеген Бакыт деген тергөөчүнүн айтымында, жол куруучу компания бардык жакка төлөчүсүн төлөп койгон өңдүү. Жол куруучу компаниянын берген документтерин көрсөң, бир да кынтык табууга мүмкүн эмес. Жарык берилген, жол белгилер коюлган сүрөт, видеонун баарын алып келип тергөөчүгө өткөрүп бериптир. Алар кырсыкка чейин коюлганбы же кырсыктан кийин эле коё калышканбы, суроо боюнча турат. А негизи кырсык болгон күнү эч кандай жарык берүү жок экендигин ошол жерде канчалаган күбөлөр айтып жатты.

"КОЛУҢАРДАН ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕЙТ ДЕДИ"

12-апрелден 13үнө караган түнү ушул эле жолдон кырсыкка учурап, жаракат алган Бишкек шаарынын тургуну Айдана Жунушова дагы жол куруу эрежелери сакталбай кырсыктаганын айтат:
– Инимди унаама салып алып кетип бара жаткам. Караңгы, жолдо эч нерсе көрүнбөйт болчу. Жолдун бүткөн тарабына унаалар чыгып кетпесин деп бетондорду коюп коюшкан экен. Айланасы капкараңгы, белгилери жок. Мен магистралга бурулайын деп бара жатып ошол бетонду сүзүп ала жаздадым. Андан качам деп рулду бура калсам, каршымда дагы бир унаа келе жатыптыр. Унаа менен сүзүшүп калбайын деп буруп, жолдун чекесине чыгып кеттим. Натыйжада иним экөөбүз тең жаракат алдык, менин белим ооруп, кыр аркаларымдын ортосунда ажырым пайда болду. Жок жерден эле грыжа алдым. Иним экөөбүз дарыланып чыкканча агаларым тиешелүү жактарга арыз жазып чуркап жүрүшкөн. Андан бери 2 ай өттү. Биздин арызыбызды карап да коюшкан жок. Тергөөчүлөр милдеттерин аткарышпайт, ал тургай медициналык экспертизанын жыйынтыгын да ала элек экен. Мен экспертке барып, "Жыйынтыкты мага берсеңиз болобу? Тергөөчүгө алып барып берейин" десем, ал "мыйзамсыз" деди. Ошондо биз журналисттерге кайрылып, жол куруучу компаниянын жетекчилигин издедик. Кызматкерлер көрүнгөн даректи айтышып, жетекчилигине жолуктурбай коюшту. Менин байкелерим бир кызматкеринин сүйлөп жатканын жашыруун камерага тартып алышыптыр. Анда ЖЧК "Мост-Групп" жол куруу компаниясынын кызматкери "Колуңардан эч нерсе келбейт го. Жетекчибиз абдан таасири күчтүү адам. Ага каршы чыккан менен, акыйкаттык таппайсыңар. Эмдигиче берчү жерине берип, ооздорун жаап койсо керек" дептир. Ошондон бери тергөөчүлөр бизди ары-бери топтой тепкилеп коюп жүрүшөт. Шарт боюнча курулуш жүрүп жаткандыгы тууралуу белгилер 30-50 метр мурун коюлуп, айланасына жарык берилиши керек экен. Биз бетондун түбүнө коюлуп, чалкасынан жерде жаткан 1 гана белгини көрдүк. Кырсык болгондон кийин ар кай жакка жыгач түркүк сайып, чубалгы тартып, ага кадимки бөлмөгө таккан лампочкадан 4-5ти илип коюшуптур. Анысын да эртеси эле ары-бери өткөндөр чыгарып уурдап кетишти.

"ЭМИ БАЛДАРЫМДЫ КАНТИП БАГАМ?"

Ар кимдин өз чындыгы бар эмеспи. 2 адамдын өлүмүнө күнөөлүү болуп, учурда камакта жаткан КамАЗдын айдоочусу Эрнис Камчыбек уулунун келинчеги Айзада Уланбек кызына байланыштык. Ал дагы өз арманын айтты.
– Кырсык болуп, адам өмүрү кыйылды, аны түшүнүп жатам. Бирок менин жолдошум атайын киши өлтүргөн жок да. Анын үстүнө кырсыкка жолдошумдун түздөн-түз тиешеси жок. Азыр мен 3 бала менен жалгыз калдым. 10 миң сом төлөп батирде турабыз. 2 айдан бери балдарым атасын сагынып ыйлап жатышат. Иштеп балдарымды багайын дейм, эмчектеги балам бар. Бир туугандарымдын жардамы менен жан сактап жатабыз. Жолдошум КамАЗды ижарага алып, жүк ташып иштечү. 15-апрель күнү Кой-Таш айылынан картошка жүктөп, Бишкектеги "Дыйкан" базарына жеткиргени баратыптыр. Тормозу кармабай калыптыр, айдоочулук тажрыйбасы жок, документи жок деп эле күнөөнүн баарын Эрниске коё беришиптир. Карапайым болсок эле ушинтип басмырлай берген туурабы? Эми аны 6 жылга камалат деп жатышат.
Биз аталган компаниянын жетекчилигин издеп кеңсесине бардык. "Мен башкы эсепчи болуп иштейм. Аты-жөнүм Надежда Васильевна. Бул иш боюнча тиешелүү органдар иштеп жатат. Керектүү материалдын баарын топтоп кетишкен. Учурда жетекчиликтин баары жок, өз алдыбызча комментарий бере албайбыз. Жетекчибиз 1 айдай жок болот" деген жообун узатты. Ал эми бул иш боюнча 4-июль күнү соттун алгачкы отуруму болот. Ушул эле компаниянын үстүнөн аталган жолдо 12-апрелде кырсыкка кабылган жарандар да арыз жазып жатканын кабарлашты.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Жакындарын жоготуп, жапа чеккендер жол курган ишкананы айыптоодо

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(16)
04.07.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллах озу сактасын
04.07.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудайым озу сактасын, окуп алып журогун ооруйт киши.
04.07.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх кудайым ай. Озун сактай кор. Дагы эле карапайым калк. Бири оо дуйнодо экинчиси темир тор артында. Уй булолору сыздап атат. Ал эми чыныгы куноокорлор жер бетинде жыргап журушот.
nazgul.elhan түзөттү 2016-07-04 16:21:51
04.07.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах бейишин берсин. Баары карапайым адамдар жабыркаганы, каза болгону жана соттолгону дагы. Окунучтуу....... Ыйлап жибердим окуп жатып. Биздин айылга барчу жолдон болгон экен, мен билгенден ушул трасса ондолуп бутпой койду, кооп адамдар жабыркап келет. Аллахым сактай кор.
04.07.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журогум ооруп чыкты окуп алып ((((
04.07.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайлары жаннатта болсун. Окунучтуу аябай!!! Куноолуу аныкталып, жазасын алар.
05.07.2016. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии байкуштарым жаткан жеринер жайлуу болсун, тиги кызы мн калган келиндин абалын элестетип козумо жаш келди,
05.07.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимисине жан тартышты билбейсин,Кудай сактасын,баарына сабыр тилейм.
06.07.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаң болсо танкасың, дегендей болуп жаткан го..
06.07.2016. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чондор тегеле жеп тойбоду.
07.07.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Демек Жол курулуп жатканда же кооптуу жерлерде атайын белги жок болсо кырсык болоордон мурда тийиштүү жерге маалымдаш керек...
07.07.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bakulya30 мен дагы окуп жатып ыйлап жибердим!Олгон адамдарды тааныбасамда аябай журогум ооруду.Жараткан озу сактасын боодо кырсыктан!
07.07.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой эле эрежелерди сактап иштешпейби, жок жерден адамдарды кырсыка учуратып анан сотко акча толоп журушпой! Ошол соттор акча жебей тойбогон курсактарына, коррупция жоюлганда компания дагы эрежени сактап иштеп жургунчулор да жапа тартпайт эле. Анан элибиз да жаманбыз коюлгагн нерсени уурдап, ото окунучтуу..! Жайлары жаннаттан болсун, жакындарына Аллах озу сабыр-канаат, куч-кубат берсин, кылган дубаларын кабыл кылсын!
08.07.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кандай знактор жок болчу ал жерде, знактор чон кырсык болгондон кийин коюшту, ага чейин эч кандай знак коюлган эмес. цементтерди эле тизип коюшкан, кундуз го макул корунот, а карангыда корунбочу....
09.07.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам иштебегендин кесепетин ушундай бей күнөө адамдар олуп атат жаткан жери жайлуу болсунболсун....
11.07.2016. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум ооруп жатат... аттин дуйно... менин да жигтим каза болуп озумо келе албай журом...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: