БИР БҮРКҮМ
№713 1-июль-7-июль, 2016-ж
АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА "Турмуш сабагы", АНЖЕЛИКА "Аячы мени" аттуу ырларына клип тарттырышты.
- ТУРДАКУН НИЯЗАЛИЕВ Түркиянын Стамбул шаарында "Дүйнө мусулмандары Султангазыда" долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чарада өз өнөрүн көрсөтүп келди.
- 1-июль күнү Улуттук китепканада Кыргыз Эл баатыры, Эл жазуучусу, драматург БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВДИН 80 жылдыгына карата "Кеменгер инсан, заман залкары" аттуу китеп көргөзмөсү ачылат.
- 29-июнда РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕАТРЛАР ТАЙМАШЫНЫН биринчи туру жыйынтыкталды. Экинчи туру күзүндө башталат.
- ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ Москвада 38-эл аралык кинофестивалда калыстар тобуна төрагалык кылууда.
- САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү машиналуу болду.
- АСКАТ СУЛАЙМАНОВ "План Б" аттуу комедиялык тасмага тартылууда.
- ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ менен Автандил Апаз Жайнаковдун "Өрүкзарга кетели" аттуу ырын жаңылап ырдап чыгышты.
- КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА кызы Томирис менен сөзү, обону Ибрагим Жунусовго таандык "Ай, кызым" аттуу ырды жаздырып, клип тарттырууда.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1