Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

SUPER.KG’ДЕН КҮНСЕРЕП

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж


SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

23-июнь:
ОРУСИЯ СУУ АЛДЫНДА ЖҮРҮҮЧҮ ЖАҢЫ КУРАЛЫН ЫСЫК-КӨЛДӨН СЫНАЙТ

Орусиянын Аскер-деңиз флоту жакында суу алдында жүрүүчү жаңы торпеда менен толукталат. "Футляр" аталышындагы бул курал Ысык-Көлдө мамлекеттик сыноодон өткөрүлмөкчү. Курал сыноодон ийгиликтүү өтсө, 2017-жылдан баштап аны заводдон массалык түрдө чыгаруу башталат. Орусиялык маалымат булактары "Футляр" буга чейин колдонулуп келген "Физик" торпедасынын жакшыртылган үлгүсү экенин жазышты. Жаңы куралдын узундугу 7,2 метр болсо, салмагы 2 тонна 200 килограммды түзүп, 50 чакырым аралыкка чейинки суу астындагы кемелерди кыйратуучу күчкө ээ.
Жаңы торпедасын Орусия деңиздерде эмес, Ысык-Көлдөн сынаганы жатат. Кубаттуу снарядды текшерип көрүүгө эмне үчүн кыргыздын көзгө басар жалгыз көлү тандалганы түшүнүксүз.
Ысык-Көл – кыргыз туризминин чордону, сырттан келгендер кыргыз жеринин табияты менен туристтик мүмкүнчүлүгүн Ысык-Көл аркылуу таанып-билишет. Снарядды сынап көрүү канча убакытка созулары белгисиз, бирок муну уккан туристтер Ысык-Көлдө эс алуу планын өзгөртүшү толук мүмкүн. Анткени саякаттоодо коопсуздук маселеси биринчи орунда. 2014-жылы "Кумтөр" маселесине байланыштуу Жети-Өгүздө митингге чыккандарды өкмөт "жайкы сезондо тополоң кылып, туристтердин баарын качырдыңар" деп күнөөлөдү эле. Улуттук коопсуздук үчүн деп массалык маалымат каражаттарына чектөө киргизүүгө шашылган депутаттар бул иш боюнча үн ката элек...

24-июнь:
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ БИР ТЕПКИЧКЕ АЛГА ЖЫЛДЫ

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун 15-саммити өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов катышты. Лидерлер аймактык коопсуздук, уюмга Пакистан менен Индияны кошуу маселелерин талкуулашты. Саммит алкагында Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек алакасындагы маанилүү маселелерди талкуулашты. Өлкөлөр ортосундагы экономикалык алаканы арттыруу жана саясий диалогду жандандыруу зарылдыгын белгилешти. Кыргыз коомчулугу кыргыз-өзбек президенттеринен чек ара маселесин талкуулоону күтүп жатышат. Эки өлкө башчысы сүйлөшүп чече турган көйгөй көп. Такталбаган чек ара тилкелери, маал-маалы менен кайталанып турган конфликттер, эки өлкөгө жарандардын каттоосунун чектелиши... Үстүбүздөгү жылдын март айында Аксы аймагында болгон чек ара чатагынан кийин өлкө президенттери биринчи жолу маңдай-тескей отуруп сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул ортодогу көйгөйдү ачык талкуулоого шарт түзгөн жакшы аянтча. Социалдык тармактарда Атамбаевди Ташкент аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри жогорку деңгээлде тосуп алганын, Каримов жакшы маанайда жолугушуу уюштурганын айтышып, өлкө башчынын коңшу өлкөдөгү сапарынын жемиштүү болоруна ишеним арткандар көбөйдү.
Саммиттин өзүнө келсек... Президент Алмазбек Атамбаев ШКУ аймагында жана дүйнөдө кырдаал курч бойдон калып жатканын белгилеп, "Ислам мамлекети" тобунун аракетин мисал кылды: "Жарандарыбызды террордук уюмдарга тартып, аларды үгүттөө менен кандуу кагылышуу болуп жаткан аймактарга жөнөтүп жаткандары бизди тынчсыздандырат. Бул аракеттерди террордук согушчан топторду даярдоо эле эмес, экстремизм идеологиясын жайылтуу катары баалап, ага системдүү түрдө каршы туруу керек деп эсептейм". Уюмга тийиштүү маселелер боюнча да пикирин айтты. Жыйынтыгында кесиптештерин 2016-жылдын сентябрында Ысык-Көлдө өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.

27-июнь:
"ЭЛДИК КАБАР" КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН ЖАНДЫКТЫ КУТКАРЫП КАЛДЫ

Super.kg порталынын жана жарандык активисттердин аракети менен жоголуп бараткан жандык – мадыл өлүм коркунучунан куткарылды. 1975-жылы жоголуп бараткан жандык катары Кызыл китепке киргизилген мадылдын баласын 4-класстын окуучусу Кочкор районундагы Мадияр жайлоосунан кармап алгандыгы тууралуу кабар
Super.kg порталынын окурманы тарабынан белгилүү болду. Порталдын "Элдик кабар" рубрикасына кабар жиберген окурман мадылды окуучу бала иттердин жардамы менен кармап алып жергиликтүү мергенчиге алып келип бергендигин, мергенчи экспонат катары катырып коюу үчүн кичинекей жапайы мышыкты мектептин зоологиялык музейине өткөрүп бермекчи болуп жаткандыгын кабарлады.
Бул кабар журналисттердин, жарандык активисттердин жана табиятты коргоочулардын тынчын алды. Мыйзам боюнча, Кызыл китепке кирген мадылды өлтүргөн адамга 25 000 сом айып пул салынат. Бул акча жоголуп бараткан жандыктардын тукумун коргой албасы анык. Талкуулар жана кайрылуулардан соң мергенчи мадылды коё бергени белгилүү болду.
Жапайы мышыктын жарадар экенин угуп тынчы кеткен НАБУ (Германиянын табиятты коргоо уюму) уюмунун кызматкерлери атайын Кочкорго барып, жандыкты таап Бишкекке алып келишти. Учурда мадыл ветеринардык адистин көзөмөлүндө. Аны Ысык-Көлдүн Ананьев айылындагы реабилитациялык борборго алып барып, кадимки калыбына келген соң эркиндикке коё берүүнү пландап жатышат.
Кичинекей жапайы мышыкты куткаруу операциясы Кыргыз Республикасында саясат жана күнүмдүк тиричиликтен башка да жалпы адамзаты, табият үчүн маанилүү иштерди ойлой турган адамдар бар экенин көрсөттү.

28-июнь:
100 МИҢ ДОЛЛАР ПАРА АЛУУНУН ЖАЗАСЫ 1 ЖЫЛБЫ ЖЕ 14 ЖЫЛБЫ?

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 100 миң доллар пара алууга айыпталган Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевди 14 жылга эркинен ажыратты. Судья Абдуразак Боромбаев Кылычбек Арпачиевди "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актап, "опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.
Эске салсак, Кылычбек Арпачиевге пара бермекчи болгон адам экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков экендиги дароо эле белгилүү болгон. Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы өткөн жылдын март айында кармалса, май айында Карганбек Самаков "коррупция" беренеси боюнча шектелип камакка алынган. Экс-депутат Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарындагы 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (айдоо аянттарын үй салууга боло турган категорияга которуу) кылмышына айыпталган. Үй камагына чыгарылган Карганбек Самаковдун иши боюнча сот процесси аягына чыга элек.
Туура 1 ай мурун эркиндикке чыккан экс-депутат Хажимурат Коркмазов да өткөн жылдын июль айында Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Адегенде "коррупция", "опузалап пара талап кылуу", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча козголгон кылмыш иши барып-барып "алдамчылык" беренесине которулган. Жыйынтыгында Коркмазов Бишкек шаарынын ушул эле Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Жогорудагы өкүмдөр Кыргыз Республикасындагы сот системи окшош кылмыш иштери боюнча ар кандай өкүм чыгарышы мүмкүн экендигин көрсөтүп жатат. Бул тармакта реформа жасалмайын, соттук бийликке эл дагы, эл аралык коомчулук дагы ишеним артпайт.

29-июнь:
"КУМТӨР" ӨКМӨТТҮ ИЙГЕ КЕЛТИРДИ

Кумтөр" 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында ишкананы үзгүлтүксүз иштетүүгө талап кылынган бардык уруксат кагаздарына ээ болду. Кыргыз өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги "Кумтөр" кениндеги борбордук карьерди иштетүү долбооруна экологиялык макулдашууну бергендигин компания бүгүн жарыялады. Муну менен ишкананын кенди иштетүү долбоору бекитилди. Башында экологиялык маселелер улуттук мыйзамдардын негизинде жөнгө салынарын айтып, компанияга керек болгон уруксат кагаздарын бербей жаткан кыргыз өкмөтү 1 айдын ичинде позициясын 100 пайыз өзгөртүп, экологиялык маселелер тирешинде бир кадам артка чегинди...
2016-жылдын 6-июнунда "Центерра" компаниясы "Кумтөр" долбооруна байланышкан талаштар боюнча арбитраждык сотко доо арыз бергенин маалымдаган. Компания экологиялык мыйзам бузуулар боюнча 6,7 миллиард сом айып пул төлөөгө макул эмес. Ага чейин компания Бишкек шаардык райондор аралык соту тарабынан доого жыгылган эле. Эл аралык арбитражга жөнөткөн дооматында "кыргыз өкмөтү бир катар уруксат кагаздарын бербей, кечиктирип жатат" деген. Ошентип өкмөт талап кылынган уруксат кагаздарынын эң акыркысын 27-июнда бергени белгилүү болду. Мындай моюн сунуусун өкмөт "мамлекеттик органдар тараптан "Кумтөр" кенинде иштин үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү үчүн уруксат берүүлөр компанияны экологиялык талаптарды сактоо милдеттеринен бошотпойт" деген билдирүү менен актоого аракет кылды. Кыргыз соту мындан 1 ай мурун "канадалык компания иш процессинде экологиялык талаптарды бузган" деп чечим чыгарганы суу кечпей калды, сыягы... "Центерра" сот тарабынан салынган айыпты төлөй элек. Ошол эле учурда өкмөттүк органдардын башчыларына тийиштүү уруксат кагаздарына кол койдурууга жетишти.

www.super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: