БИР БҮРКҮМ
№714 8-июль-14-июль, 2016-ж
«АЗИЯ МИКС» командасы Орусиянын Светлогорск шаарында болчу «Голосящий КиВин-2016» музыкалык фестивалына даярдык көрүп жатат.
- БЕГИМАЙ КАРАБАЕВА «Жашоо», «Ардагым», НУРМАТ САДЫРОВ «Сагыныч кыз», Гүланда "Атама", ИРЛАН ТААЛАЙБЕКОВ "Жолукпай канча жүрмөкпүз?" аттуу жаңы ырларды жаздырып бүттү.
- Орус ырчысы ВАЛЕРИЯ август айында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо концерт берет.
- АЙПЕРИ КУЛБАЕВА «Картайбачы, апаке», ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ «Коштошуу» деген ырына клип тарттырып жатат.
- Кыргызстандык «РУЛА» цирки Түркияда үч ай өнөрүн көргөзмөкчү.
- 1-8-июль аралыгында Кыргызстанда ОРУСИЯНЫН МАДАНИЯТ КҮНДӨРҮ болуп өттү.
- ДАНИЯР ЭРМАТОВ жакында Ысык-Көлдү кыдырып жеке концертин бермекчи.
- Режиссёр ГЕННАДИЙ БАЗАРОВ Мурза Гапаровдун "Туздуу чөл" пьесасынын негизинде "Туздуу чөл" аттуу тасманы тартууга киришти.
- ЭМИЛ БАЛТАГУЛОВ "Атакем", "Суусамыр" аттуу ырларына клип тарттырып бүттү.
- АЗИЗ МУРАДИЛЛАЕВ Руслан Акундун жаңы тасмасына тартылганы жатат.
- АКБАР СҮЙҮНБАЕВ II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жазган "Эр жигити кыргыздын" аттуу ырына клип тартууга даярдык көрүүдө.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0