Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

"ЖОЛДОШУМДУ ӨЛТҮРҮП КЕТИШИП, КАЙЫР СУРАП КАЛДЫМ"

№715 15-июль-21-июль, 2016-ж


5-июлда Орозо айт майрамы белгиленди. Улуу күндө кайрымдуулук кылгандар көп болорун билген жардамга муктаж жарандар Айт намазында тилемчилик кылып, кайыр сурап акча чогултушту. Мурда балдарын бооруна кысып лөлүлөр көп жүрчү эле, азыр барган сайын кыргыздар да көбөйүп баратканын байкап келебиз. Аксагы, бала-чака көтөрүп, жетелеген кемпир-келини эл аралап тыйын чогултуп жүрүштү. Баарынын акыбалын батыра албасак да, кайдигер карап турбай, арасынан жок дегенде бир тагдырга токтолууну туура көрдүк.

"ОТВЁРТКА МЕНЕН ӨЛТҮРҮШҮПТҮР"

Айдай Абдулдаева 27 жашта. 3 баласы бар, жалгыз бой эне. Бир туугандары жок, жалгыз таянган апасы дагы оорукчан. Биздин чыгармачыл топко каарманым көл-шал боло көз жашын төгүп, аягы туңгуюк тагдырын айтып отурду:

– Өзүм Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болом. Нарын облусунун Ат-Башы районуна турмушка чыккам. Улуу балабыз тубаса жырык (заячья губа) болуп төрөлдү. 2013-жылы экинчи уулубуз төрөлөр алдында жолдошум Ат-Башыга кеткен. Келе жатып менин майда-чүйдөмө, дарыгерлерге сүйүнчүгө деп 5000 сомдой акча камдап алган экен.
"Ашык дөөлөт баш жарбайт" деп унаасына жолдон 2 баланы кардар кылып салып алыптыр. Алар Бишкекке отуруш уюштурганы келе жаткан балдар экен. Көңүл ачууга акча таппай жаткан немелер жолдошумдун жанында акчасы бар экенин билип калышып, Долон ашуусуна келгенде коркутуп акча талап кылышат. Анан экөөлөп кол салып, отвёртка менен сайгылап, жолдошумду өлтүрүп, унаасын айдап алып качып кетишиптир.
Ошентип ай-күнүмө жетип турганда капыстан өлүм басып, кара кийип отуруп калдым. Жашоо өз жолу менен өтө берет экен. Уулумду жарык дүйнөгө алып келдим. Жолдошумду өлтүргөн 2 кылмышкер кармалды. Бирөө кылмышты моюнуна алып соттолуп, экинчиси бошонуп кетти.
Кайын журтум "Ат-Башыда эле жаша" дешти. Өзүм күйөөдөн эрте жесир калсам, ал жакта улуу абысыным менен бир үйгө батышып жашай албайт элем. Бишкекке келе берүүнү чечип камынып жатсам кайненем "балдардын бирин таштап кет. Ошол боюнча кайрылып келчү болбо, баланы бербейбиз" деген талап койду. Мен балдарымды таштап кете албайт болчумун. Экөөнү тең алып баса бердим. Анткен менен кайындарым башында келип, балдар менен жолугуп жүрүштү, каршы болгон жокмун. Азыр болсо такыр эле катташпай калганбыз, сыягы балдарды бербей койдуң деп таарынышат өңдүү. Жардам да беришпейт.

"Апамдын буту ооруп, балдарымдын артынан жүрө албайт".


АЙЛАСЫЗДАН КУРГАН ЭКИНЧИ ТУРМУШ...

– Тууган-урук "колуңда 2 балаң турса, өзүң жаш болсоң, турмушуң оор болуп калат го? Балдарыңа ата боло турган бирөөнө турмушка чыгып ал" дешти. Акыры тагдырга моюн сунуп, үчүнчү баламдын атасына турмушка чыктым. Эки уулумду тең операция жолу менен төрөгөм. Жолдошум менин жашоомду жеңилдетмек тургай ичип, тескерисинче, көйгөй жаратчу болду. Чындыгында жашоом аябай оорлошуп кетти. Акыры ажырашып тындык. Кош бойлуу экенимди билчү, бирок жашайлы деп суранган да жок. Үчүнчүсүн дагы кесарево жолу менен уул төрөдүм. Операция аябай оор болду, врачтар аман алып калабыз дешип менин өмүрүм менен 7 жарым саат алышышыптыр. Жолдошум ошондо да бир басып келип баласынын бетин ачып карап койгон жок.
Андан бери наристеме 2 жарым ай болду. Ичимдин тигилген жерлери толук айыгып бүтө элек. Төрөгөндөн кийин балдарды багайын деп ар кай жактан жумуш издедим. Колумдагы ымыркайды көрүп эч ким жумушка албайт экен. Ошентип, батир акысын төлөй албай, ал жактан чыгып калдым. Азыр алысыраак туугандардын батиринде эптеп күн кечирип жатам.
Апам бар, ал 2-топтогу майып. Мен жашаган батирден алыс эмес жерде өз туугандарынын колунда жүрөт. Атам болсо каза болуп калган. Мен аны кийин билдим. Себеби апам менен атам мен кичине кезимде эле ажырашып кетишкен.

"КАЙЫР СУРАП КАЛДЫМ"

– Оор жумушка жарабайм. Жараган күндө деле эмчектеги балам менен кантип иштемек элем?! Бала деген жокту билбейт да, ызы-чуу салып курсагы ачканда ыйлайт. Акыры көчөгө чыгып кайыр суроого туура келди. Ушул заманда тилемчилик кылуу кандай азап экенин билбесеңиз керек. Бири жаман көрүп берет, бири жакшы көрүп берет. Оору-сыркоо ушуну менен чыгып кетсин деп же айрымдары чындап боору ачып жардам кылат. Ушунча азапка кайыл болуп, алакан сунуп тыйын чогултам.

"НЕБЕРЕЛЕРИМЕ ЖООПКЕРЧИЛИК АЛА АЛБАЙМ"

Айдай Абдулдаеванын апасы Айчүрөк Зикирова 66 жашта. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айчүрөк апа "буттарым ооруп, кан басымым дайыма жогору болуп турат. Кызым өз жашоосу менен өзү болсо жакшы болот эле" дейт.

– Мен "Дордой" жана "Ош базарларында" арча сатам. Өкмөттөн алган пенсиям 4000 сомдой болот. Кызымдын колунда эмес, өз туугандарымдын үйүндө жүрөм. Неберелериме деле каралашып турам. Улуусу 6 жашка чыкты, ал дагы мага окшоп 2-топтогу майып. Карыганда темселеп базарда арча сатпай кызымдын балдарын карап үйдө отурсам деле болмок. Бирок балдарды бакканга алым жок. Дайыма артынан калбай көзөмөлдөп туруу менин колуман келчү иш эмес.
Бир күнү неберемди жетелеп көчөдө жүрсөм бейтааныш балдар унаа менен келип, баланы колдон талашышты. "Эмне кыласыңар?" десем, "өз балдарың эмес экен. Бирөөнүн балдарын жетелеп алып тилемчилик кылып жүрөсүң" деп эле балдарды талашып кирди. Шашып жанымдагы паспортумду көрсөтө койсом аны да алып коюшту. Аңгыча кызым келип, балдарды алып калдык. Ушундай окуядан кийин неберелериме да жоопкерчилик алыштан корком.
Абышкам Кара-Кулжанын Совет айылынан болчу. Бизге "бул жакта каттоодо жоксуңар" деп жардам кылышпайт экен. Ошол себептен азыр элден жардам сурап, кичине болсо да балдар чоңойгуча кайрымдуулук кылып, жок дегенде балдарга жөлөк пул чектелип калса деген ойдобуз.

"Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк" демекчи, эне менен бала эки бөлөк жерде кор болбой бирге түтүн булатып, чогуу жашаса болмок экен деген түкшүмөл ой менен кала бердик. Бир билгенибиз, бул үй-бүлө мышык ыйлагыдай абалда тургандыктан жардамдын кандай түрүн болсо да кабыл алат. Андыктан биз да үй-бүлөнүн аянычтуу абалын коомчулукка, анын ичинен боорукер адамдарга жеткирип коёлу дедик.


Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Жалгыз бой эне: "Кайыр сураганга аргасыз болдук"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(38)
Медиа-портал
15.07.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Буюрса силердин кочоодо да майрам болсун!
SUPER.KG видео
15.07.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Карап отуруп журогум ооруп мен да коз жаш тогуп алдым.Кудай буйруса дагы далай жакшы кундор алдыда.Балдарыныздын келечеги кен болсун.Ден-соолугунуздар бекем болуп оорубаныздар....
SUPER.KG видео
16.07.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул кундорда отот силерди кандай гана Жакшы бактылуу кундор кутуп турат, тенирим силерге батасын берип ырайымын токсун оомийин
Медиа-портал
16.07.2016. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жашоо ушундай экен да, бирде ыйлдый, бирде ойдо болуп (((. Админ жашаган жерин, телефон номерлерин жазып койсонуздар, аз да болсо жардам кылгандар чыгаар деген ой келди мага.
Медиа-портал
16.07.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
админ ушул эженин номерин бере аласынарбы колдон келген жардамыбызды берели
Медиа-портал
19.07.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chechkin, kenzhebekkkk,
Саламатсыздарбы! Сиздерге купуя кат менен жооп берилди.
Модератор admin_media түзөттү 2016-07-19 17:09:20
Медиа-портал
20.07.2016. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_media, Админ мага дагы номерин жоноткулочу...
18.07.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балдарыңыздын омурун берсин. Ден соолук берсин кудайым. Кудай буйруса жакшы кундор келет сизге да.
18.07.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
сураныч номерин бере аласынарбы колубуздан келишинче жардам беребиз буйруса.
18.07.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
сураныч номерин бере аласынарбы?
18.07.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
unknown666, chechkin, kenzhebekkkk, саламатсыӊарбы? Силердин сурооӊорго купуя кат аркылуу жооп берилди.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-18 12:48:25
18.07.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балдарыныздын кунун,кучун корунуз.
18.07.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мага да жөнөтүп койгулачы номерин админ
18.07.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Neimar11, саламатсызбы? Купуя кат аркылуу жооп жазылды.
18.07.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул семьяны мурун эле ошто кочодон коп корчу элем. Апасы которуп журуп ар нерсе сатчу эле, кызы ар кайсы мектепте окуп журуп зорго бутургон болуш керек, же бутпой деле калса керек. Бир билем апасы которуп журуп ысырык сатчу анан жолдо баратканыбызда токтотуп алып бизден совет сураган мындай деп-"Кызымды мектепте аябай кемсинтишип мектептен мектепке которуп журуп тажадым, эмне кылсам болот айткылачы, барган мектебинде эле кызымды кошушпайт, болушот?". Анан кантип Нарынга тийип кетти эке
19.07.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira...,оа бизгеда жакында эле борбордук мечиттен жолуккан эле кызы ошондо да айткан кайырчылар мени батырбай жатат деп
18.07.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адресини жиберип коюнуздарчы.
18.07.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Телефон номерини жазып коюнуздарчы
18.07.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буну башка бир гезитен окудум эле.
18.07.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ номерин бересиздерби
Колдон келишинче жардам берели
18.07.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lion., Elika, саламатсыӊарбы? Силерге купуя кат менен жооп берилди.
18.07.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
капа болбонуз сиздин жакшылыктарыныз алдыда
18.07.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар дайым жакшы тилек менен жакшы нерсени ойлонуз, кудайм сизге да жакшы кунду,кыйынчылыкты женген кунду берет.Айдын он беши каарангы болсо, он беши жарык болот Ар бир баланын оз ырыскысы бар балдарыныз сизге келечекте жакшы жашоо берерин дубакылын ооммин
18.07.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ат-Башылык крутой байкелер барсыздарбы? Балдарга жалко.
21.07.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza-kyzy,Аскар Салымбеков ушундай жесир келиндердин сообуна калса кана?
18.07.2016. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага дагы адресин толук жонотунуздор!!!
19.07.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жардам беребиз деген баарынарга Рахмат, силерди кудай колдойт коргойт, эч кимдин башына мындай кун салбасын, эх аттин кыргызым
19.07.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кризисный центрга барып жашабайбы Кайыр сурагандын ордуна.же балдарын дет домго убактылуу 2-3 жылга таштап иштеш керек,апасын да караш керек.Айтор бир айласын табыш керек
20.07.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
happymother,жазган созуно караганда балалуу боло элек окшойсун.Сага суйлоп коюш оной,эне байкуш 2-3 жыл эмес 2-3 саат корбой жашай албайт кичинекей балдарын.Кайрымдуу адамдар бар жерде калбайт деп ишенем
21.07.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдарыңыздын үзүрүн көрүңүз.
21.07.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ адресин же номерин бериниздерчи жардам кылайын колумдан келишинче?
22.07.2016. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч телефонун номерин жонотуп койгула!
22.07.2016. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Номерин жазып койуңузчу,колдон келген жардамыбызды берели?
22.07.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuzat88, erlan92, temirov76, саламатсыздарбы? Сурооӊордун жооптору купуя кат аркылуу жөнөтүлдү.
23.07.2016. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх чиркин эжеке кыжалат болбой балдарынызга жакшы тарбия берип жакшы карасаныз болду эч качан жокко чокпонуз. мына менин да экииним менен апам чонойтту бизда ачкакалып эле бирде курсак тойсо бирде ач болуп эле чонойдук азыр кудайга шугур уй салдык машина алдык бир эмес экиден ишибиз бар бизнесибиз бар баары жакшы болду. алла таалама ыразымын. кичинемде кыйналган кундорду башыман откорду азыр ойлонуп ишкылабыз. акчаны кайда жумшаганды ойлоп иш кылып жатабыз.шугур кылалы барга копбой жокко чокпой
24.07.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын ошто уйу барго эгер ошол ысрык саткан аял болсо уйун квартирант киргизип Бишкекте да жаны конуштада уйлору болуш керек.
24.07.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба ошол аялкен синдимин кошунасы болчу Гулкайырда уйу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: