БИР БҮРКҮМ
№715 15-июль-21-июль, 2016-ж
Жай башталгандан бери өлкө ичинде 39 киши, анын ичинде 15 жаш бала СУУГА ЧӨГҮП каза болду.
- Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас таза суу менен башка облустарга салыштырмалуу аз камсыздалган. Мунун айынан ГЕПАТИТТИН А жана Е түрлөрү менен ооругандардын саны өсүп жатат.
- Баткен облусуна өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп АБИШ ХАЛМУРЗАЕВ дайындалды. Ал Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурору Абдибакыт Халмурзаевдин бир тууганы.
- Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шайлоочулардын ДОБУШУН САТЫП АЛУУ менен алектенгендерди 3 жылга эркинен ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
- Кыргыз өлкөсүндө ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНЫН саны азайып баштады. 2016-жылдын 6 айында 2,5 миңге жакын жол кырсыгы катталган. 2015-жылы ушундай эле 6 ай ичинде 3 миңден ашуун жол кырсыгы орун алган.
- 2015-жылы кыргыз өлкөсү боюнча балдар Баткен жана Ош облустарында эң көп ТӨРӨЛГӨН.
- Балбан ЖАНАРБЕК КЕНЖЕЕВДИН Олимпиада оюндарына алган жолдомосу кайтарылды. Балбандын канынан мельдоний заты табылганы айтылып Бириккен күрөш дүйнөсү уюму анын Олимпиада оюндарына жолдомосун алып койгон болчу.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0