
Президент Алмазбек Атамбаев "Судьбе назло", "Я не могу без тебя жить" аттуу обондуу ырларын ырдап чыгып, көпчүлүк билбеген талантын ачыкка чыгарды. Анын "Судьбе назло" чыгармасын кыргыз ырчылары кавер версияда жаңырта башташты. Биринчи бул чыгарманы Кайрат Примбердиев созолонтсо, көп өтпөй Салтанат Аширова, Айя Садырова, Жийдеш Идирисова, Омар жана "Non-Stop" дуэти да ырдап чыгышты.
"Бизге бир журналист бул ырды ырдап берүүбүздү суранган. Кесиптештеримдин ырдаганын чогултуп, монтаждап, интернет айдыңына таратышыптыр",- дейт Жийдеш Идирисова.
Ырчылардын аткаруусунан кийин көпчүлүк интернет колдонуучулары "президент жакшы ырдаган, силердики ага жетпептир" деген пикирлерди калтырышты.
Белгилей кетсек, өлкө башчысынын чыгармалары коомчулукка тарагандан кийин орусиялык ырчы Валериянын жолдошу, продюсер Иосиф Пригожин жергиликтүү телеканалдардын бирине Алмазбек Атамбаевге продюсер болууга даяр экенин билдирген. "Эгер ага продюсер керек болсо, мен даярмын. Жон Керри да гитарада, Билл Клинтон саксофондо ойнойт. Саясатчылар деле таланттуу болушат",- деген пикирин билдирген Пригожин.
Ажобузга жөнөкөй адам катары да тынч жашоосуна мүмкүндүк береличи.. ал да адам.. бизге окшоп ал да жан дүйнөсүнөн оргуштап чыккан каалолорун амалга ашыргысы келет..
Атамбаев элдин койгойун чечем, эл учун кам коруп экономиканы котором деп президент болгон, ырдаш учун эмес. Колунан келбесе эмнеге президент болот, президент болуп эмнени кыйратты, эл кыйналып жатат го, колуна
Силер ажоону жаман жаман дей берсенер,не ал ажо силерге жаман дегенинер учун жакшылык кылмакпы?коп коро албастык кылбай Ажону сыйлайлы,Мусулманчылыкта да Ажого каршы чыккан болбойт дейилет,даже соз айткан болбойт!
Акыркы 5 жылда мигранттар 1,5-2 эсеге кобойду. Тентитип кордогону учун