Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Даниэл Тего, футболчу: «МАГА БОЛУШУП ЖУБАЙЫМ КӨБҮ МЕНЕН УРУШТУ»

№717 29-июль-02-август, 2016-ж


«Дордой» футбол клубунун коргоочусу, «кара кыргыз» атыккан Даниэл Тего футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын мыкты оюнчуларынын бири. Ганалык жигит кыргыз кызына үйлөнүп, ушул жылдын апрель айында кыздуу да болушкан. Африкалык жигит кыргыз кызына үйлөнгөнүн жактыра бербеген жергиликтүү көпчүлүк интернеттен түгөйлөрдүн дарегине негативдүү комментарийлерди жазып, бейтааныш эле адамдардан сөгүш уккан учурлары болуптур. Эки улуттан куралган чакан мамлекеттин ээлери Даниэл Тего менен Элнура Орозбаева үй-бүлөлүк кызыктуу жашоосу тууралуу кеп салып беришти.

– Саламатсыңарбы, эки улуттун өкүлүнөн куралган түгөйлөрдү тагдыр кантип табыштырды?
Элнура:
– Даниэл экөөбүз социалдык тармактардын биринен таанышканбыз. Таанышуумдун максаты – англис тилин үйрөнүү болчу. Ошол маалда англис тили боюнча кошумча сабактарга барчумун, аны практика жүзүндө өөрчүтөйүн деп Даниэл менен сүйлөшүп баштагам. Башында жөн эле дос катары сүйлөшчүбүз, кийин гана достугубуз сүйүүгө айланып кетти.
Даниэл: – Ооба, мен орусча, Эля англисче үйрөнөлү деп таанышканбыз. Алгачкы жолугушууда курбулары менен келген. Сыягы аларга да англис тилин үйрөткүсү келген окшойт же чет өлкөлүк жигит менен жалгыз жолугушууга баргандан коркконбу...
Э.: – Негизи чет өлкөлүк жигит менен жалгыз жолугушууга баргандан чочуладым десем да болот, бирок мага баарыбыз сүйлөшкөнгө компания керек болчу, ошон үчүн курбуларымды ээрчитип алгам. Кийинки жолугушууда, тескерисинче, мен жалгыз, Даниэл бир досун ээрчитип келген. Ошентип экөөбүз 3 жылдай достоштук, мамилебиз олуттуу тепкичке көтөрүлгөндө ата-энеме айткам. Ата-энем каршы болгон жок, туура кабыл алып, "бизди жигитиң менен тааныштыр" дешти.
Д.: – Өзүм чет өлкөлүк болгондуктан Элянын ата-энеси менен таанышкандан абдан корктум. Кандай кабыл алат деп көп ойлондум. Ошон үчүн да көп жолу ата-энеси менен таанышууну "эртең, эртең таанышалычы" деп жылдыра бергем. Эля мени "эч нерсе болбойт, менин ата-энем башкалардай эмес, баарын түшүнөт" деп жатып көндүргөн. Таанышуубуз мен күткөндөн башкача болду, алар мени чет өлкөлүктөй эмес, уулу катары сый-урмат менен тосуп алганына кубандым. Азыр аларды абдан жакшы көрөм. Кайнене-кайнатам мени өз баласындай көрүшөт.

– Экөөңөр үйлөнгөндө көпчүлүк жактырбай, түрдүү кептерди айтышты, бул нерсени кандай кабыл алдыңар?
Э.: – Мен эл мынчалык терс пикирлерди айтып, негативдүү комментарийлерди жазат деп күткөн эмесмин. Башында кадимкидей ыйлагым келчү. Жолдошума эмес, жадакалса жаңы төрөлгөн кызыма да жамандык каалагандар болду. Эч ким бирөөнүн жашоосун талкуулабашы керек. Эртең өзүнүн баласы чет өлкөлүккө турмушка чыгып же үйлөнүп калышы мүмкүн.
Д.: – Убагында менин да маанайым түшкөн. Менин жашоом менен адамдардын кандай иши бар?! Жазгандар жаза берет, мага ишенген командам, жакындарым бар. Алар турганда башкалардын кеби эмне болуп калыптыр. Менин расалык өзгөчөлүгүм боюнча кемсинтүүлөрдү жубайымдын ата-энесинен уксам капа болмокмун, ал эми мен тааныбаган адамдар айтып жатканы мага баары бир. "Мүмкүн болсо интернетке кирбей, эмне жазып жатканын окубай эле кой" деп жубайыма көп айтам.

– Элнура, кайын журтуң менен таанышкансыңбы, Ганага баргансыңбы?
Э.:
– Жок, азыр кичинекей кызым менен алыс жол жүрө албайм. Кызыбыз Даниэля бир аз чоңойсо, жолдошум өз мекенине алып барып келем деп жатат. Жакында эле Кыргызстанга бир тууган иниси келип кеткен. Кызымдын сүрөттөрүн, видеолорун Ганадагы туугандарга жиберип турабыз. Даниэл үйдө төрт бир туугандын улуусу, өзүнөн кичүү үч иниси бар. Атасы Ганадагы бир чоң уруунун падышасы, өзүнүн эли, жери бар. Даниэл ошол уруунун мураскери. Эки ай мурун кайнатам каза болуп калды. Алардын салты боюнча сөөктү үч айдан кийин жерге беришет экен. Атасын жерге берүү үчүн Даниэл жакында Ганага кеткенге даярданып жатат.

– Арты кайрылуу болсун! Даниэл, жубайыңыз кош бойлуу кезинде уулдуу болгуңуз келген экен...
Д.:
– Ооба, уулдуу болсом экөөбүз футбол ойномокпуз. Бирок кызымды абдан жакшы көрөм. Эля экөөбүз УЗИге барганда уул болот деп үмүт кылган элем.
Э.: – Чынында абдан уулдуу болгусу келген. УЗИге ишенбей "курсагың чоңойгондо дагы келеличи, балким, уул деп калат" деп 3-4 жолу УЗИге түшкөнбүз.

– Даниэл, жубайыңыз үйдө кандай кожойке?
Д.:
– Тамакты даамдуу жасайт. Айрыкча лагман менен пиццасына тойбойм. "Эмне тамак жасайын?" деп сурабайт, анткени лагман менен пиццаны өзгөчө жакшы көрөрүмдү билет.
Э.: – Даниэл үйдө бардык жумуштарды жасайт, тамак жасашат, бала карашат. Биздин ашканада биринчи тамак шорпо болсо, экинчи тамак сөзсүз ганалыктардын ашканасына таандык бир даам болот. Даниэл башкача адам. Айрыкча анын ак көңүлдүгүндө чек жок. Жардам бергенден тажабайт.
Д.: – Мени Эля "ашыкча берешенсиң, өзүңдү деле ойлобойсуңбу?" деп урушат. Мен "бай болуп эмне кылабыз, элден артта калбай жашасак болду" деп айтам.

– Футболчунун айлык акысы үй-бүлө бакканга кенен жетеби?
Э.:
– Кудайга шүгүр, жетет. Учурда үй алабыз деп акча чогултуп жатабыз.

– Футболчулар чет өлкөгө машыгууга көп чыгышат, мындай учурда жалгызсырабайсыңбы кызың менен?
Э.:
– Башка өлкөгө учуп кеткенде "жеттиби, жетпедиби" деп кабатыр болосуң. Кээде футболчулардын жубайлары бири-бирибиз менен сүйлөшүп, кимдин жолдошу биринчи чалды деп сурап калабыз. Оюндарда дайыма Даниэлге жан тартам, кабатыр болом, жараат алганда чогуу дарылайбыз. Былтыр Австралия менен болгон оюн абдан эмоционалдуу өткөн. Оюн бүткөндөн кийин эшикке чыгып алып кыйкыргым келген. Чет өлкөгө машыгууга кеткенде Даниэл кызымды көрөм деп скайптан байланышып, кечке интернеттен чыкпай калат.

– Даниэл, сыр болбосо кайсы динди карманасың?
Д.:
– Мен негизи Ганада жашап жүргөндө христиан динин карманчумун. Кыргызстанга келгениме 9 жыл болуп калды, карасам досторумдун баары эле мечитке барышат экен. Мен да аларды ээрчип мечитке барып жүрүп, ислам динине жакын болуп кеттим. Учурда ислам динин тутунам. Эляга үйлөнгөнгө чейин эле ислам динине өткөм.

– Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбосо керек, кимиңер урушчааксыңар?
Д.:
– Экөөбүздүн уруша турган маселебиз жок. Бирок мага болушуп, мени коргоп, мен үчүн жубайым көп адамдар менен урушкан. Экөөбүз сейилдеп баратканда көчөдөн элдер жаман көздөрү менен карап, Эляны урушса, алар менен айтышып кетчү. Мен жубайыма "эмне кыласың нервиңди коротуп, теңелбечи аларга" деп жубатам. Билем, баарына жага албасымды, бирок жаман адамдар бүт жерде бар. Антип айтышып отурсаң, тескерисинче, андайлардын санын көбөйтөсүң.

– Үй-бүлөңөрдүн пайдубалы бекем болсун! Маегиңерге чоң рахмат!

"Ар бир голумду жубайыма, жакындарыма, командалаштарыма арнап келем".


"Даниэл абдан романтик, мен төрөгөндө бөлмөлөрдү кооздоп жасалгалап коюптур".


Лунара Бекиева
star@super.kg



Даниэл Тего: "Кыргыз кызына үйлөнгөн соң кыргыз тилин билишим керек”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(93)
Медиа-портал
31.07.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
негатив болгондор бут эле эркектерби деп ойлойм пешенесине ХХХ жазыптыр жашай берсин бактылуу эле жашап аткандай кызы жанынжа куйоосу жанында койгулачы 3эмдерди торотуп качып кетип атат ошолорго да тема козгогулачы банерлерди илгиле биз не кылтабыз аялдарыбызды деп кечке эле аялдарга асылбай эркек былжыраса аял киши торго отот да
Модератор admin_media түзөттү 2016-08-01 11:12:07
Медиа-портал
01.08.2016. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Коргум жок!
Медиа-портал
01.08.2016. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Барекелде мындай кетиште жуз жылга жетпей кыргыз улуту кескин азайып кетет.Азаттыка кирсен дагын чет олколукторго турмушка чыккан кыргыз кыздарды корсотот эми супер инфо сиздер дагын баштапсыздарда.
01.08.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ой бааай бул тагдыр да. Тобоо... бактылуу болсун. Бироонун чала была 4 же 3 катыны болгуча. Бизде бирин серин корунуш бул. Ага анча кайгырбайле койгула...
01.08.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баарынан кызыктуусу Исламды кабыл алганы болуптур
01.08.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бул балада ХХХ ХХХ Нурлан Насипке окшоп
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-01 11:19:26
01.08.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altynbekova.01, кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуӊуз. Эскертүү!
01.08.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
бактылуу болгула.расага улутуна карабай ар бир адам бактылуу болууга укуктуу.дагы да коп балалуу болгула демекчимин.
Медиа-портал
01.08.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzadakgkg,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө жана жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
01.08.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ислам динин тутунат экен,эч каршылык жоок,бакыт бакыт бакыт кааалайм.
Медиа-портал
01.08.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
krem, Josef,
Эскертүү! Башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынат!
Модератор admin_media түзөттү 2016-08-01 11:15:17
01.08.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Бактылуу болушсун! Ислам динин кабыл алса,кыргыз курама командасында ойноп жатса,бир кызгыз кызын бактылуу кылып жатса... молодец !деш керек бул инсанга.
01.08.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бактылуу болгула жакшы адамдар экен таштап кетпесе эле болду да ал эми кызы акылдуу ыймандуу кыз болсун кызы жонундо суйлогондорго тан калам кудайдын жараткан пендеси да кийин коомго кереги тийген кыз болоор чоное берсин. Кудай силерге уул да берсин
SUPER.KG видео
01.08.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Кыргызды озу юнеского киргизип коюш керек жоголуп бараткан улут деп
01.08.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула!
01.08.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болгула ар ким оозуна келгенин оттой берет, конул болуштун кереги жок!!
01.08.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бактылуу болгула кандай жакшы кыргыз Кызы Бактылуу Ким менен качан каерде ?бул маанилуу эмес !кудайым алдында баарыбыз бирдейбиз
03.08.2016. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Падыша эмес, бир уруунун башчысы вождь.
б болсо керек аларда. Бактылуу болушсун!
01.08.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бактылуу болгула. Иттер уро берет ар декени былжырап а силер алдыга кербенди судурой бергиле. Озулору бироону бактылуу кылышып анан сындашса жакшы болмок да. Кээ бирлер же уйдо жок же чуйдо жок дагы сындаганы Толубай жон эле.
01.08.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EN sonun~BAKTILUU bolushsun~AZIR ozubuzdun~kirgizdarga chikkandan koro~bashka ulutka chikkan jakshi~uy buloo~emes~ozdorun baga albait~MOLODES KIZ eken~a~
01.08.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baktikan,ар ким озундо жок нерсени издейт деген соз,сага айтылгандай...!
01.08.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ar~kim oz~arabasin tartsin~biroonun~jashoosuna~kiyligiship~silerge~kim koyuptur~
01.08.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми эмне дейбиз, бактылуу болгула!
01.08.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Tashtap KETET~DEP tim~ele kuyumysh~bolosunar~a bizdin kirgizdarchi~koz korunoo~ELE kop~balasi~menen DELE tashtap jatishpaibi~Alarga~EMNE deit elener?
01.08.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула!
01.08.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн башкысы куйоосу мыкты "адам" экен. Суйуу улутка карабайт, менимче эч ким бироонун жашоосу жонундо соз кылууга акысы жок. Ит уро берет, кербен журо берет. Элнура менен Даниэл бактылуу болгула!
01.08.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Келгиле жооон эле бакыт каалап койолукчу?
01.08.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бироонун семьясын бузуп тийген жок, кочодо калып жаман атты болгон жок, христианга тийбептир ислам дининде... Эн негизгиси экоо бактылуу экен. А силердин негатив оюнар булар учун тек гана б.к)))
01.08.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болгула. Коп балалуу болгула, эн негизгиси динибиз бир болсун, коз тийбесин, кармашкан колунар узулбосун.
02.08.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн башкысы мусулман экен. Кыргызбы,кытайбы,орусбу,акпы,карабы мусулман болсо болдуда.
SUPER.KG видео
02.08.2016. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мага по барабану мага демектен инопланетянга тийсин☺☺главная бактылуу болсо болду
SUPER.KG видео
02.08.2016. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
А биз эркектер только кыргызкаларга уйлонушубуз керек мына ошондо эч качан кыргыз жоголбойт
02.08.2016. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизге озу эч нерсе жакпайт. Жашы улуу кишиге тийсе дагы чыгабыз "чалга тийип алыптыр" деп. Жаш бирок башка улутка тийсе дагы чыгабыз "кокуй кыргыз жоголгону калды" деп.. Кыскасы жумурткадан кыр издеген кыргызбызда...
Ал эми буларга айтарым. Анча мынча негативтерге конул болбой эле койгула. Силер акча эмессинер, баары бирдей колдогудай. Эн башкы максат бактылуу болсонор ошол жетиштуу.. Тем более Даниел мусульман экен... Кызынардын омуру узуун болуп артынан лялкаларды алы
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: