БИР БҮРКҮМ
№717 29-июль-02-август, 2016-ж
26-июлда Аксы районундагы АСФАЛЬТ-БЕТОН ЗАВОДУ иштеп баштады.
- Жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын билдирүүсү боюнча, өлкөбүздө жылына 12 МИҢДЕЙ КЫЗ АЛА КАЧУУГА туш болот. Алардын 2 миңге жакыны сексуалдык зордук-зомбулукка кабылышкан.
- Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы жетекчиси болуп КАНАТ ЖУМАГАЗИЕВ дайындалды.
- Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсү боюнча эми кыргыз өлкөсүнүн жарандары паспорт алуу үчүн ӨЗҮ КАТТАЛГАН АЙМАКТАН БАШКА ЖЕРЛЕРДЕ да документ тапшыра алышат.
- 1-октябрдан тарта өлкөбүздө ПЕНСИЯЛЫК ТӨЛӨМДӨР 10 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухаметкалый Абулгазиев билдирди.
- Кыргыз өлкөсүнүн discoverkyrgyzstan.org ТУРИСТТИК САЙТЫ ишке кирди. Бул сайт аркылуу каалоочулар өлкөбүзгө кантип жетүүдөн тарта кызыктуу жайлары, туристтик маршруттар жана башка керектүү маалыматтарды ала алышат.
- Ажылык үчүн Кыргыз Республикасына 3685 КВОТА берилсе, өлкө боюнча 4692 каалоочу билдирүү тапшырган. Өткөн жылга салыштырмалуу ажылык сапар үчүн болгон баа 50 АКШ долларына жогорулап, жалпы 2600 долларды түздү.
- Кыргыз жергесиндеги ички мигранттар барган жеринде 45 күндөн ашуун убакытка кала турган болсо, 5 күндүн ичинде жергиликтүү каттоо кызматына КАТТООГО турууга милдеттендирилет.
- Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 6 айдын жыйынтыгы боюнча БЮДЖЕТ тартыштыгы 13 миллиард
547 миллион сомду түзөт.
- Internet Live Stats сайтынын рейтингине таянсак, кыргыз өлкөсүндөгү ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН саны
2 миллион 76 миң кишиге жакын.
Адилет
Керимбек уулу
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0