Архив
Популярдуу макалалар

Майрамбек Осмонов: "МАГА ЖАРАТКАН АЯЛДАН АЙТПАПТЫР"

№718 05-август-11-август, 2016-ж


Майрамбек Осмонов талантка бай. Ырчы, обончу, пародист, куудул, тамада, уста. Бул киши интернетти иттер көп, WhatsApp`ты бок-сак, Фейсбукту пейили бузук, Инстаграмды үйүңүзгө барам деп тамашалуу кылып атап алган. Маектешүүгө келери менен аккордеонун колуна алып жаңы жазган ырын буркан-шаркан түшүп 3-4 ирет кайталап ырдап берди.

– Майрамбек мырза, энергияңыз ашып-ташып турат экен. Энергияны кайдан аласыз?

– Апам чыйрак аял. Учурда 76 жашта болсо да булкулдап турат. Тамыры терең болбосо тал-теректи жулуп алайын дейт. Мен апамды тарткам. Эртең мененки саат 8ден түнкү саат 11ге чейин кара жумуш менен да, чыгармачылык менен да алектене берем. Чалкамдан түшүп жаздык майланыштырып сыналгы көрүп жатпайм. Качан болсо ишим бар. Канча жумуш кылсам да эртеси күнү энергиям толуп турат. Эс-тутумду жакшыртыш үчүн ыр жаттайм. 6-7 куплетти бат эле жаттап алам. Азыр Эсенгул Ибраевдин эне тил тууралуу ырын жаттап жатам. Тойдо жакалагандар көбөйүп кетип бокс менен машыга баштагам. Бирок негизги максатым – ден соолукту чыңдоо. Залга барардан мурун 5 чакырым чуркап, анан машыгууну улантам. Ошол себептен болсо керек, 8 жылдан бери тушоо тойдо алдыма киши сала элекмин. Мындан тышкары былтыр аппаратураларды сатып алып аранжировка жасаганды үйрөндүм. Азыр бул жаатта да ийгилик жаратып жатам.

– Эс аласызбы же тытынып эле жүрө бересизби?
– Эс алсам денеме батпай кыйналып кетем. Кара жумуш кылып же өнөр менен алпурушуп тердегенде жыргап калам.

– Устачылык өнөрдү кимден үйрөнгөнсүз?
– Атам 39 жыл темир устачылык менен алектенген. Ал киши бизге "балдарым, биз өнөр менен жан багабыз" деп көп өнөрдү үйрөткөн. Эркекке таандык бардык ишти жасайм. Туш кагаз (обои) чаптагандан тарта кафель койгонго чейин колумдан келет. Эгер ырчы болбосом кыш куюп, устачылык кылып деле жан баксам керек деп ойлоп калам. Ысырап кылбай, балдарымдын чачын дагы өзүм алам. Азыр бир баланын чачын тегиздетсең 120 сом. Эки баланыкы 240 сом болот. Бул акчага балдарыма керектүү буюм сатып берип коём.

– Сөзүңүзгө караганда ашканада дагы мыкты окшойсуз?
– Аялыма костюмумдун топчусун 2 жыл кадата албай койгом. Азыр деле ал костюм топчусу жок илинип турат. Ал аялым мени гезиттерге жамандап маек берип тың чыкпадыбы. Топчу кадагандан баштап боз үйгө чейин тиге берем. Машинамдын отургучтарына жабдууну да өзүм тиккем. (Бышык кездемеден чыкыйтып тигип алган жабдууну машинасынан көрсөтүп). Компот, жарманы жакшы жасайм. Бир мезгилде иш кылганга да, тамак жасаганга да жетишем. Жардамга келген тааныштарым "тамагыңыз бышып калдыбы, омей, качан кылып жетиштиңиз?" деп таң калышат. Колумдан от дагы жакшы тутанат. Кээ бир адамдардын колуна ширеңкени тутамдап карматсаң да оту күйбөйт.

– Өзү бардык ишти жасаган адам бирөөнүн кылганын жактырбайт го?
– Такыр жактырбайм.

– Жубайыңыз менен элдештиңизби?
– Жараша элекпиз. Үй турат. Бирок бүлө жөнүндө сөз кылгым келбейт. Ал нерсе жакшы жагына оогондо өзү эле билинет.

– Сиздин жогоруда айткан сөздөрүңүз жубайыңызга катуу тийип калбайбы?
– Капа боло берет. Анткени бул чындык. Мен чындыкты айтып жатам. Мага Жараткан аялдан айткан эмес. Бул нерсени моюнума алам. Аалымдардын бир топ бөлүгү "аялдын бул дүйнөдө көрсөткөн азабы тозоктун азабы менен барабар. Көп эркектер аялы жаман чыгып бул дүйнөдө эле тозоктон кутулат экен" деп айтып калышат. Андыктан аялы жакшылар сүйүнбөй эле коюшсун (күлүп).

– Жубайыңыздын чыгармачылыгыңызга кошкон үлүшү барбы?
– 2013-жылы 8 гезитке маек берип, мени жаманатты кылган. Болгон салымы ошол болду. Ал сөздөр менен мени эл жаман көрүп, ою өзгөрүлгөн жок. Мен дайыма бетке айтам. Тойдо дагы кыйтыңдагандарды дароо уят кылып, ордуна коём. Мас болуп тийишкендер, текеберленгендер катыгын алат. Мага тийишкен адам өкүнүп калат. Жемимди жедирбейм.

– Анда муштум менен маселе чечет турбайсызбы?
– Маселени көбүнчө тил менен чечем. Эгер мени менен бирөө мушташчу болсо, ал бир урганча мен 5-6 ирет урганга жетишем. Андайдан Кудай сактасын.

– Күнөөңүздү, кемчилигиңизди моюнга алганды билесизби?
– Алам, албайт деп ойлодуң беле? (күлүп). Кээде бирөөлөр менен тартыша кеткенде туура нерсени уксам үйгө барганда "Майрамбек, жанагы туура айтты" деп кемчилигимди моюнума алган учурлар болот.

– Бардык нерсенин ийне-жибине чейин маани берет экенсиз. Майдачыл адам эмессизби?
– Мен көзүм жетип турган ишти аял киши кыла албай турса, сөзсүз кийлигишем. Майланышкан идишти муздак суу менен жууп жатса, ысык суу менен жууп салам. Кимдир бирөө айры менен таштанды салып жатса (кум, ташты), калак менен салат деп жардамдаша коём. Майдачылдыгым бар. Бирок мен аны майдачылдык эмес, пайдачылдык деп эсептейм.

– Таза, тыкан жүрөсүз. Кийимиңизди дагы өзүңүз жууйсузбу?
– Тырмагыңарды көрсөтсөңөр (тырмагыбызды эринбей карап "өсүп кетиптир" деп өзүнүн этине жете алынган тырмагын көрсөттү). Менин жеке жашоомдон кабар алгыңар келсе, ушундан билип алгыла. Учурда көйнөгүмдү өзүм жууп, кийимимди өзүм үтүктөп жатам.

– Эми түшүнүктүү болду. Кыргызда "кырк жаштан кийин кыз алат" деген сөз бар. Төшөк жаңыртуу оюңузда жокпу?
– Жаш аял алып жыргап кеткендерди деле көрө элекмин. Адам 30 жашка чейин эле адамча жашайт экен. 30дан 45 жашка чейин эшек жашоо экен. Үй саласың, байлык топтойсуң. 45 жаштан 55 жашка чейин ит жашоо. Тапканыңды коруйсуң. 55 жаштан 60 жашка чейин маймыл жашоо. Ары-бери секиресиң. Бир бөлмөңдөн экинчи бөлмөңө батпай каласың. Аялың үй жыйнап жатса, "бутка илешпей турчу ары!" деп кага берет. Ошон үчүн эркектер намазды жаттап алыш керек. Ошол куракта аялың ажаан болсо, мечитке же дааватка кетип каласың. Ал эми 70 жаш эркек үчүн түрмө.

– Сиздеги энергия балдарыңызда барбы?
– Улуу балам Адемил кичинесинен эле футболго кызыгат. Кыймылы тез, "Криштиану Роналдудай болом" деп жакшы ниет кылып жүрөт. Азыр "Алга" футбол клубунда ойнойт. Кызым Раяна менин эле көчүрмөм. Иш кылса дагы жулунуп кыймылдап, таза бүтүрөт. Үйдө мындай тартипке өтүп алганбыз, бир куплет ыр жаттаганга 25 сом берем. Азыр Эсенгул Ибраевдин мен жаттап жаткан ырын жаттап жатат. "Ата, окуу башталганча жаттап бүтөм" деп мени кубандырып коёт. Үчүнчү баламды "Дильдуль" деп эркелетем. Чын атын айтсам, башкалар коюп алышат. Улуу балдарымдын аттарын көптөрү коюп алышкан. Уулдарымдын атын өзүм, кызымдын атын Абдышүкүр Нарматов койгон.

"Жүрөгүм, жүлүн, моюн, муундарым, Карачы, кандай окшош мурундарын. Сапсары күнгө окшоп турган үчөө, Садага болоюнум, кулундарым".


"Спортту сүйгөндөрдүн катарындамын. Кышында тоого чыгып лыжа тээп турам".


"Кутман Жолдошев баштаган 5 ырчы бокс менен машыгабыз".


Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg



"Майдачыл сапатымдын пайдасы көп" дейт Майрамбек Осмонов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(95)
08.08.2016. 07:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аялына куйоодон айтпаса керек озунду актап эмне кыласын жакшы куйоодон аял эч качан кетпейт уй жай бала-чакасын таштап айла жок тажаган адам кетет эгер жакшы эркек болсон сен чын эле аялынан тажасан уй жайды таштап чыгып кет кучтуу намыстуу болсон балдарынды энесинен болбой сырттан каралашып балдарынды кара бул жерден кимден ким тажаганы билинип эле калыптыр. Апанарды жакшы тааныйбыз жана да сен жонундо билебиз балдарындын мээримдуу апасын жамандап ото эле томондоп калган экенсин. Балдарындын
08.08.2016. 07:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
14-05-2015
Соӊку аракети:
28-11-2019 07:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ордолуу ОШ
+7
Эркектин эркектей эле болгону жакшы антпесе аялын тажатып жиберет.
09.08.2016. 08:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
01-07-2016
Соӊку аракети:
09-08-2019 22:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
asi15,туура айтасыз, аялын эле эмес карыганда келиндерин да тажатат.
08.08.2016. 07:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+9
Балдарындын келечегин ойлогон терен адам болсон мындай создорду айтпайт элен эртенки куну энесин коруп кызын ал деген соз бар ал жагы кандай болот озун билесин куйоосу жамандап жаткан аялдын торогон кызы кандай болот деген суроо жаралышы мумкун ото эле акылдуу коруном деп сазга тушуп алыпсын ийгилик
08.08.2016. 07:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
02-04-2016
Соӊку аракети:
10-10-2017 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ото эле ашыкча! Келин алып кайната болгондо, кайнененин кереги жокта!!!
08.08.2016. 07:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
29-07-2021 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+14
Менин раматылык атам 22 жыл болду, оо дуйно кеткенине. Бир дагы жолу кухняга киришмек тугул ,апам жок болсо чай да кайнатпай ачка кутуп журо берет эле. Апамдын жапкан наны тугонуп калса айылда кошунадан нан сурай калчубуз, жебей ачка калчу. Азыр ушунун баарын эстеп, анан мынагы какылдап кыйын болуп аткан эркекти атама, жолдошума салыштырып, аялына ото боорум ачыды. Темир аял эмес буга эч ким чыдай албайт да ушинтип турса. Кээ бирибиз динди окуп кыйын болгон менен оз пайдабызга иштете албаганыбыз
08.08.2016. 08:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
29-07-2021 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+6
окунучтуу. Окунуп акыл уйротконун бир тыйын, эгер жашоондо озуно пайдасы тийбесе. Анонсто коруп эле ушинтип кыйынсыыырын билгем. Байкуш келинчеги жакшы эле болсо керек, бирок киришип эле турса ушинтип ким жакшы болмок эле. Майрамбек байке, жашоо озунуздуку, бирок интервью берип ачылып аткандан кийин оюбузду жазууга акыбыз бар. Мен жеке мындай эркекти ХХХ ХХХ не десениз ошол дениз, дей албайм. Ото майда, майдалыгыныз пайда эмес ХХХ кишини мынтип отурса, айтор ж
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-08 16:42:23
08.08.2016. 10:45 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4723
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 12:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
ziko_kt, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
08.08.2016. 11:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
25-08-2017 01:30
Жынысы:
Белгисиз
0
ziko_kt, бироонун уй булосу бироого карангы токой. Дегеле бироонун жашоосун айта турган заман эмес азыр. Озубуздун жашообузду ондоп балдарыбызга жакшы тарбия берип алалычы
08.08.2016. 08:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
16-04-2020 22:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
+8
Мындай эркек мн жашанадан коро асынып алган жакшы. Тырмагына чейин киришсе , ашкана тамак уй кир коок биякта эле калат.
08.08.2016. 08:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-07-2016
Соӊку аракети:
21-08-2016 13:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
жашы деле 50го чукулдап калган киши. артист койногуну не уйго кийип алдын деп аялын кундо андып,мушташам жулкушам деген эркектерден окшойт.
08.08.2016. 09:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
623
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
21-12-2021 08:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
0
Талантына соз жок.Ырлары оозунан куюлушуп эле турат,маанилуу.
08.08.2016. 09:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
01-12-2015
Соӊку аракети:
20-03-2017 15:05
Жынысы:
Белгисиз
-1
Майрамбек байке менен кантип байланышса болот? Супер инфо жардамдашып койсонуздар сураныч.
08.08.2016. 09:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
28-01-2012
Соӊку аракети:
03-06-2025 22:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
белгисиз
+1
Эшегине жараша тушагы дейт беле. Ким экенин абдандап белгилеп берген го
08.08.2016. 10:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
06-05-2020 11:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шахризааданын жомогу
0
Мунозу жонундо эч нерсе дней албайм, талантын баалайм, эл каарысада бул мырза каарыбайтго. Илгери кандай болсо, азырда ошол бойдон.
08.08.2016. 10:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
16-07-2016
Соӊку аракети:
01-11-2020 03:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек деген эркектей болуш керек! Мага жакпайт, мелочторго чейин киришкен эркектер.
08.08.2016. 10:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-06-2012
Соӊку аракети:
02-06-2017 20:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ужас мактанчактыгы Таластык эмесби случайно)))) озун катуу рекламалаптыр
08.08.2016. 17:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
11-10-2015
Соӊку аракети:
24-09-2019 02:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
krasotka1,таластык жигиттер майдачыл эмес, гамыска бек жигиттер, тескерисинче анча мынчага конул болушпойт
09.08.2016. 12:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-06-2012
Соӊку аракети:
02-06-2017 20:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Shat.88,
Гамыска бек болушабы ээ ))))
08.08.2016. 11:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
04-02-2016
Соӊку аракети:
17-09-2021 17:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун эле мактай бериптир го)))
08.08.2016. 12:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
06-11-2015
Соӊку аракети:
03-08-2020 08:01
Жынысы:
Белгисиз
+10
Буга окшогон эркектерди оштуктар ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-09 10:19:43
09.08.2016. 04:22 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4723
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 12:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
salihalady, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн асыл болуӊуз. Эскертүү!
08.08.2016. 14:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
30-07-2016
Соӊку аракети:
03-01-2021 23:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Октябрьский
0
ozun maktaitda anan silerdi maktasynby? kolunan kelgen nersesin aityp jatat ..
08.08.2016. 14:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
10-10-2020 23:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
+8
торогонду ХХХ ХХХ ошонлдо.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-09 10:27:17
09.08.2016. 04:27 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4723
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 12:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
010288, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, мазактоого тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
08.08.2016. 15:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Татарстан
+4
Омоой ото майдачылдын майдачылы экен меене чай кайнатат го
08.08.2016. 16:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-01-2016
Соӊку аракети:
30-04-2017 21:36
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ото эле озумчул окшойт.Мындай адамга аял деле чыдабайт го
08.08.2016. 17:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
07-10-2018 12:47
Жынысы:
Белгисиз
+4
куноо озундо окшойт,майдачыл киришип турган эркек менен жашоо ото кыйын.Аялдын ишине аралашып не кылат,байкуш аялы да чыдабай кетип калганда.
08.08.2016. 17:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
07-10-2018 12:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
жашын да отуп баратат,андан коро аялын менен элдешип балдарын менен тынч отурбайсынбы.
08.08.2016. 17:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
11-04-2015
Соӊку аракети:
16-04-2020 12:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+7
Жогорудагы айтылгандарга кошулам, майдачыл адам менен жашоо оңойго турбайт. Башкалардын жашоосунан деле көрүп жүрөбүз..
Ар ким өз милдетин билип, эркеги эркектей, аялы аялдай болуп турса эле жашоо ойдогудай болмок беле..

Эркек киши казан-аякка аралашпай эле койгону оң, апалар сиздер да уул балдарыңыздар бар болсо өзүңүздөрдүн ишиңиздерге аралаштырып үйрөтпөңүздөр, балдарыңыздар чыныгы "эркек"болуп тарбиялансын.
08.08.2016. 20:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
06-05-2020 11:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шахризааданын жомогу
-1
Казан-аяка аралашпаса дагы айтабыз биз аялдар, эч оокатка-ашка жардам бербейт. Ашканага баш бакпайт. Баарын озум кылам, жок дегенде картошка аарчыганга жарабайт деп наалыйбыз. Деги эмнени каалайбыз, озубуз деле тушунбосок керек.))
09.08.2016. 08:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
29-07-2021 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+4
Shahrizaada,
кыргыздын эркеги качан казан аякка аралашты эле? эркек эркектей болуп сыртты камдап бергени жакшы, акчаны, тамак ашты карап торт берсе картошканды аарчый албай эмне болду кыздар? обу жоктонбойлу да коп кино ,интернетти коруп алып. Мага эч кандай оорчулугу жок аял адамдын жумуштарынын. биздин апаларыбыздын кандай жаны бекем эле, кир жуугуч машина, духовка, мультиварка, ой койчу, памперси эле жок ондогон балдарды чонойтуп. Ошондо да акырайып оойдо карашкан эмес эркекти ,картошка
08.08.2016. 20:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
17-05-2016
Соӊку аракети:
17-07-2019 13:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
токмок
+1
Бул жерде майрамбек байкенин куноосу жок мактамбай эле турат менинда кайнагам точно ушундай бут озу кылат жумушуна барат беш баласын карап тамагын жасап а женем б со жумуштан келип жатып калат экоо бир фирмада иштейт тан каласын кайненеме айтам неге байке ушундай деп кыз жок б.п кайнаган улуусу б.п баарын жасап жардамдашчу ошого б.со к.к дейт менде7кайнага бар ошолорду кайнагам багыптыр элестеткиле анан аялдын оокатын айла жок жазап калышат да майрамбек байке
09.08.2016. 08:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
29-07-2021 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
buboli,
хе хе, элестетип алып жыргадым да))). абысынын жатат де ,бутту асыыып тв коруп. тамеки тутотуп койбойбу еще?)))
08.08.2016. 20:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
17-05-2016
Соӊку аракети:
17-07-2019 13:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
токмок
0
Майрамбек байке азамат
08.08.2016. 21:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
17-05-2016
Соӊку аракети:
17-07-2019 13:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
токмок
-1
Керек б.со кайнагам тамак жазаганды уйротот идиш жууйт барын жазайт мен жаман корбойм айткандарын туура кабыл алам 40ка чыкса дагы озунун кирин озу жууйт
08.08.2016. 21:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
25-09-2012
Соӊку аракети:
21-09-2024 01:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
дин жолунда имиш.бокс менен машыгам жакалашканга керек дейт.он бетине чапса сол бетинди тос дейт динде
09.08.2016. 01:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
21-03-2013
Соӊку аракети:
11-03-2017 08:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр турмушта аялдардын кобу ото жалкоо анан саран болуп калгансынар, эркектер кичине эле жасаган ишинерге киришип койсо тызылдап апамдын уйуно кетем сен майдасын деп тажаган сур корсотосунор , Майрамбек мырза турмуш тиричилике бышкан, ар дайым пайдалуу иш жасасам деген экендиги корунуп турат, аялдар силер жамандабагыла биринчи эки жумуртканы бышырганды уйдон апанардан уйронуп анан турмушка чыксанар озунорго бир аз да болсо жакшы болот. Майрамбек мырза ишинизге ийгилик
09.08.2016. 05:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
28-03-2016
Соӊку аракети:
01-11-2021 20:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи эркек кишинин майда болгону болбойтго.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: