Архив
Популярдуу макалалар

Майрамбек Осмонов: "МАГА ЖАРАТКАН АЯЛДАН АЙТПАПТЫР"

№718 05-август-11-август, 2016-ж


Майрамбек Осмонов талантка бай. Ырчы, обончу, пародист, куудул, тамада, уста. Бул киши интернетти иттер көп, WhatsApp`ты бок-сак, Фейсбукту пейили бузук, Инстаграмды үйүңүзгө барам деп тамашалуу кылып атап алган. Маектешүүгө келери менен аккордеонун колуна алып жаңы жазган ырын буркан-шаркан түшүп 3-4 ирет кайталап ырдап берди.

– Майрамбек мырза, энергияңыз ашып-ташып турат экен. Энергияны кайдан аласыз?

– Апам чыйрак аял. Учурда 76 жашта болсо да булкулдап турат. Тамыры терең болбосо тал-теректи жулуп алайын дейт. Мен апамды тарткам. Эртең мененки саат 8ден түнкү саат 11ге чейин кара жумуш менен да, чыгармачылык менен да алектене берем. Чалкамдан түшүп жаздык майланыштырып сыналгы көрүп жатпайм. Качан болсо ишим бар. Канча жумуш кылсам да эртеси күнү энергиям толуп турат. Эс-тутумду жакшыртыш үчүн ыр жаттайм. 6-7 куплетти бат эле жаттап алам. Азыр Эсенгул Ибраевдин эне тил тууралуу ырын жаттап жатам. Тойдо жакалагандар көбөйүп кетип бокс менен машыга баштагам. Бирок негизги максатым – ден соолукту чыңдоо. Залга барардан мурун 5 чакырым чуркап, анан машыгууну улантам. Ошол себептен болсо керек, 8 жылдан бери тушоо тойдо алдыма киши сала элекмин. Мындан тышкары былтыр аппаратураларды сатып алып аранжировка жасаганды үйрөндүм. Азыр бул жаатта да ийгилик жаратып жатам.

– Эс аласызбы же тытынып эле жүрө бересизби?
– Эс алсам денеме батпай кыйналып кетем. Кара жумуш кылып же өнөр менен алпурушуп тердегенде жыргап калам.

– Устачылык өнөрдү кимден үйрөнгөнсүз?
– Атам 39 жыл темир устачылык менен алектенген. Ал киши бизге "балдарым, биз өнөр менен жан багабыз" деп көп өнөрдү үйрөткөн. Эркекке таандык бардык ишти жасайм. Туш кагаз (обои) чаптагандан тарта кафель койгонго чейин колумдан келет. Эгер ырчы болбосом кыш куюп, устачылык кылып деле жан баксам керек деп ойлоп калам. Ысырап кылбай, балдарымдын чачын дагы өзүм алам. Азыр бир баланын чачын тегиздетсең 120 сом. Эки баланыкы 240 сом болот. Бул акчага балдарыма керектүү буюм сатып берип коём.

– Сөзүңүзгө караганда ашканада дагы мыкты окшойсуз?
– Аялыма костюмумдун топчусун 2 жыл кадата албай койгом. Азыр деле ал костюм топчусу жок илинип турат. Ал аялым мени гезиттерге жамандап маек берип тың чыкпадыбы. Топчу кадагандан баштап боз үйгө чейин тиге берем. Машинамдын отургучтарына жабдууну да өзүм тиккем. (Бышык кездемеден чыкыйтып тигип алган жабдууну машинасынан көрсөтүп). Компот, жарманы жакшы жасайм. Бир мезгилде иш кылганга да, тамак жасаганга да жетишем. Жардамга келген тааныштарым "тамагыңыз бышып калдыбы, омей, качан кылып жетиштиңиз?" деп таң калышат. Колумдан от дагы жакшы тутанат. Кээ бир адамдардын колуна ширеңкени тутамдап карматсаң да оту күйбөйт.

– Өзү бардык ишти жасаган адам бирөөнүн кылганын жактырбайт го?
– Такыр жактырбайм.

– Жубайыңыз менен элдештиңизби?
– Жараша элекпиз. Үй турат. Бирок бүлө жөнүндө сөз кылгым келбейт. Ал нерсе жакшы жагына оогондо өзү эле билинет.

– Сиздин жогоруда айткан сөздөрүңүз жубайыңызга катуу тийип калбайбы?
– Капа боло берет. Анткени бул чындык. Мен чындыкты айтып жатам. Мага Жараткан аялдан айткан эмес. Бул нерсени моюнума алам. Аалымдардын бир топ бөлүгү "аялдын бул дүйнөдө көрсөткөн азабы тозоктун азабы менен барабар. Көп эркектер аялы жаман чыгып бул дүйнөдө эле тозоктон кутулат экен" деп айтып калышат. Андыктан аялы жакшылар сүйүнбөй эле коюшсун (күлүп).

– Жубайыңыздын чыгармачылыгыңызга кошкон үлүшү барбы?
– 2013-жылы 8 гезитке маек берип, мени жаманатты кылган. Болгон салымы ошол болду. Ал сөздөр менен мени эл жаман көрүп, ою өзгөрүлгөн жок. Мен дайыма бетке айтам. Тойдо дагы кыйтыңдагандарды дароо уят кылып, ордуна коём. Мас болуп тийишкендер, текеберленгендер катыгын алат. Мага тийишкен адам өкүнүп калат. Жемимди жедирбейм.

– Анда муштум менен маселе чечет турбайсызбы?
– Маселени көбүнчө тил менен чечем. Эгер мени менен бирөө мушташчу болсо, ал бир урганча мен 5-6 ирет урганга жетишем. Андайдан Кудай сактасын.

– Күнөөңүздү, кемчилигиңизди моюнга алганды билесизби?
– Алам, албайт деп ойлодуң беле? (күлүп). Кээде бирөөлөр менен тартыша кеткенде туура нерсени уксам үйгө барганда "Майрамбек, жанагы туура айтты" деп кемчилигимди моюнума алган учурлар болот.

– Бардык нерсенин ийне-жибине чейин маани берет экенсиз. Майдачыл адам эмессизби?
– Мен көзүм жетип турган ишти аял киши кыла албай турса, сөзсүз кийлигишем. Майланышкан идишти муздак суу менен жууп жатса, ысык суу менен жууп салам. Кимдир бирөө айры менен таштанды салып жатса (кум, ташты), калак менен салат деп жардамдаша коём. Майдачылдыгым бар. Бирок мен аны майдачылдык эмес, пайдачылдык деп эсептейм.

– Таза, тыкан жүрөсүз. Кийимиңизди дагы өзүңүз жууйсузбу?
– Тырмагыңарды көрсөтсөңөр (тырмагыбызды эринбей карап "өсүп кетиптир" деп өзүнүн этине жете алынган тырмагын көрсөттү). Менин жеке жашоомдон кабар алгыңар келсе, ушундан билип алгыла. Учурда көйнөгүмдү өзүм жууп, кийимимди өзүм үтүктөп жатам.

– Эми түшүнүктүү болду. Кыргызда "кырк жаштан кийин кыз алат" деген сөз бар. Төшөк жаңыртуу оюңузда жокпу?
– Жаш аял алып жыргап кеткендерди деле көрө элекмин. Адам 30 жашка чейин эле адамча жашайт экен. 30дан 45 жашка чейин эшек жашоо экен. Үй саласың, байлык топтойсуң. 45 жаштан 55 жашка чейин ит жашоо. Тапканыңды коруйсуң. 55 жаштан 60 жашка чейин маймыл жашоо. Ары-бери секиресиң. Бир бөлмөңдөн экинчи бөлмөңө батпай каласың. Аялың үй жыйнап жатса, "бутка илешпей турчу ары!" деп кага берет. Ошон үчүн эркектер намазды жаттап алыш керек. Ошол куракта аялың ажаан болсо, мечитке же дааватка кетип каласың. Ал эми 70 жаш эркек үчүн түрмө.

– Сиздеги энергия балдарыңызда барбы?
– Улуу балам Адемил кичинесинен эле футболго кызыгат. Кыймылы тез, "Криштиану Роналдудай болом" деп жакшы ниет кылып жүрөт. Азыр "Алга" футбол клубунда ойнойт. Кызым Раяна менин эле көчүрмөм. Иш кылса дагы жулунуп кыймылдап, таза бүтүрөт. Үйдө мындай тартипке өтүп алганбыз, бир куплет ыр жаттаганга 25 сом берем. Азыр Эсенгул Ибраевдин мен жаттап жаткан ырын жаттап жатат. "Ата, окуу башталганча жаттап бүтөм" деп мени кубандырып коёт. Үчүнчү баламды "Дильдуль" деп эркелетем. Чын атын айтсам, башкалар коюп алышат. Улуу балдарымдын аттарын көптөрү коюп алышкан. Уулдарымдын атын өзүм, кызымдын атын Абдышүкүр Нарматов койгон.

"Жүрөгүм, жүлүн, моюн, муундарым, Карачы, кандай окшош мурундарын. Сапсары күнгө окшоп турган үчөө, Садага болоюнум, кулундарым".


"Спортту сүйгөндөрдүн катарындамын. Кышында тоого чыгып лыжа тээп турам".


"Кутман Жолдошев баштаган 5 ырчы бокс менен машыгабыз".


Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg



"Майдачыл сапатымдын пайдасы көп" дейт Майрамбек Осмонов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(95)
Медиа-портал
05.08.2016. 14:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-03-2015
Соӊку аракети:
12-06-2018 18:33
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сонун маек болуптур
Аялы жонундо маекти кайжерден корсок болот админ?
SUPER.KG видео
05.08.2016. 16:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
02-11-2017 23:03
Жынысы:
Белгисиз
-2
Абдан ачылып, сонун маек куруп берипсиз. Чыгармаларыныз жакшы, дагы жакшы ырларды кутобуз. Ишинизге ийгилик!
Медиа-портал
05.08.2016. 18:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
27-11-2017 23:04
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азаматсын баарын ачык айтыпсын
SUPER.KG видео
05.08.2016. 18:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
08-02-2016
Соӊку аракети:
05-08-2017 19:39
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жакшы маек болуптур, бир жылдары аялы куйоосун каралап чыкса жаман коруп калган элем, аялында деле куноо барго
SUPER.KG видео
05.08.2016. 23:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
06-12-2015
Соӊку аракети:
28-02-2022 12:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аялы жонундогу маекти жуктоп койсонор сураныч админ
Медиа-портал
06.08.2016. 06:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
27-07-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 13:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ Майрамбек акенин '' сени таппай мен мен, мени таппай сен сен'' деген создору бар ырын кайдай тапсак болот
Медиа-портал
06.08.2016. 08:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
08-03-2016
Соӊку аракети:
18-05-2019 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озунун аялга болгон вкусу жаман да акылына карабай сулуусуна карайт да
Медиа-портал
06.08.2016. 15:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
13-07-2017 22:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Философ
Медиа-портал
06.08.2016. 16:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
08-03-2016
Соӊку аракети:
18-05-2019 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мотуевге окшош экен.
08.08.2016. 03:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
14-04-2016
Соӊку аракети:
13-12-2021 17:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түп айылы
+5
Майрамбек Осмоновдун өзүндө күнөө.Ажыга барып келген, намаз окуган адам-аялды кандай тарбиялоону кантип билбейт?
08.08.2016. 03:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
06-04-2016
Соӊку аракети:
17-08-2016 10:58
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы маек болуптур,жаман аялды жакшы кылыш эркектин колунда.Анан да жогорудакы адамдар аялы жонундо маекти издеп эмне кыласынар.Ар бир пенденин оз жашоосу бар,эн башкысы тынч аман болушсун.Азаматсын Майрамбек ука.
08.08.2016. 03:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
04-04-2021 01:01
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аялды да аялдай сыйласа жашайт да ар бир ишине кийлигише берсе жанын кашаятго. Эгерде Абдышукур Нурматов мн тааныш болсонуз сурасаныз аял жасабай жаткан жумушту кагып силкип эмес акырын айтса аялда уялып калат. Куноосун сезип.
08.08.2016. 03:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
08-04-2012
Соӊку аракети:
04-12-2018 18:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Astana
+8
Эр адам аял кишинин окатына аралашпай эле койсо
08.08.2016. 03:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
14-02-2015
Соӊку аракети:
06-06-2024 14:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+3
Туура, аялын жакшы кылыш эркекте да.
Баккан ээси жарашса, куйпул кучук сак болот,
Алган эри жарашса, кара катын ак болот, деген кеп бар эмеспи?
08.08.2016. 04:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
10-08-2012
Соӊку аракети:
13-09-2021 18:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+8
Кее бир эркектер өзүнүн жаман экенин билбей,аялнан жакшы аял болуусун талап кылат.
08.08.2016. 04:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
18-02-2015
Соӊку аракети:
08-12-2016 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+9
озу иш бербей эле сайрап турса анан кантсин аял байкуш. Майдаланган эркектердин бир жакшылыктуу уй булоо кутконун коро элекмин
08.08.2016. 04:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
06-04-2021 23:27
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мондай эркек менен жашаш ото кыйын го, иш кылбаган эркектерибиз эле кийлигишсе жаман болосун анан минтип иш кылган эркек опшеле кылат го. ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-08 12:31:54
08.08.2016. 06:32 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1634
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 12:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Pantherka, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
08.08.2016. 05:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
05-04-2016
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:45
Жынысы:
Белгисиз
+8
Өтө эле мактанып койгондойго мындайча айтканда өзүн бир да кемчилиги жок ойлойт экен
08.08.2016. 05:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
10-05-2016
Соӊку аракети:
31-01-2021 05:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
узген
0
Бул байкебиз ото жылдыздуу,келишимдуу кезинде канчалаган кыздар ашык болушкан.(Азыр деле болсо керек)Бирок аял кишиден конулу калган ондуу.Майрамбек байке бирок беш кол тен эмес.Аялдардын арасынан жакшылары да албетте бар.Кызга бергис жубан бар дегендей ХХХ ХХХ бешененизге жазган окшойт.А так уй булолук бакыт каалайм.Жалгыздык АЛЛААХга гана жарашат.Коломтону бир гана аял тутанта алат.Созум катуу тийсе кечиргейсиз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-08 12:33:34
08.08.2016. 06:34 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1634
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 12:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
ilgis1991, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
08.08.2016. 05:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
27-05-2016
Соӊку аракети:
08-09-2016 01:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан,обл. Жалал-абад, рай. АКСЫ
+14
Бүүүт нерсени ийне-жибине чейин байкап,журналисттин тырмагын да карап ,ошол тырмакка чейин маани берип,майдачыл болуп өзүн өтө акылдуу сезе берсе,бүт нерсеге кирише берсе билбейм аялы темир катын болуш керекда. Аялды тарбиялап алыш өзүнүн колунда. Чындыгында кыйын инсандыр бирок тандоо сапаты жок окшойт,кантседа да ошол аялды озу тандаган.
08.08.2016. 05:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
26-11-2021 12:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адашпасам бул байкебиз чыгармачылыкты таштап,молдо болуп кетпеди беле же мен адашып атамбы???
08.08.2016. 07:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
11-10-2015
Соӊку аракети:
24-09-2019 02:29
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эркек деген эркектей болуп аялга аял болуу мумкунчулукту тузуп беруу керек, кудпй жанылып эркек кылып коюптур,аялдык касиети коп экен,эки койдун башы бир казанда кайнабайт унутпасан.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: