КСЕНИЯ СОБЧАК КОШ БОЙЛУУ ЭКЕНИН ЖАШЫРБАЙ КАЛДЫ
№720 19-август-25-август, 2016-ж
Теледива Ксения Собчактын кош бойлуу экени тууралуу маалымат бир нече ай мурун коомчулукка тарай баштаган. Буга анын сүрөттөрү далил болсо да, тилинен чаң чыккан Ксения «өзгөчө» абалы жөнүндө журналисттерге үн каткан эмес. Биринчи жолу эне болуу бактысын күтүп жаткан Собчак жаңылыгын жашырбай калды. Ал Инстаграмдагы баракчасына кош бойлуу сүрөтүн жүктөп, ар түрдүү суроолорго чекит койду. Интернет колдонуучулар жылдызды колдоого алып, «кош бойлуулук ажарыңызды ачат экен, ичиңизди эми катпаңызчы» деген билдирүүлөрдү жаадырышты.
Ксения Собчак 3 жыл мурун актёр Максим Виторганга турмушка чыккан. Виторгандын биринчи никесинен Полина жана Даниель деген уул-кызы бар.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
3
Ксениянын да жакшы кылган иштери коп, бирок ХХХ ХХХ болуп элди жиркентип алган.
Балалуу болсо баралына жетип кыйын аял заты болот