БИР БҮРКҮМ
№722 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
RoomGuru.ru интернет кызматынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында, орусиялыктар үчүн быйыл КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң популярдуу болгон эс алуучу аймак ЫСЫК-КӨЛ болгону аныкталды.
- НУРЛАН МОТУЕВ "көпчүлүк алдында террорчулук иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга чакыруу же көпчүлүк алдында террорчулукту актоо" жана "улуттук, расалык, диний, аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды.
- 29-августта Жогорку Кеңештин экс-депутаты ЭРКИН АЛЫМБЕКОВ дүйнө салды.
- Москвада ЗОРДУКТОО кылмышы менен кармалгандардын 90 пайызы Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу орусиялык басылмалар маалымдашууда.
- КУРМАН АЙТ болжолдуу түрдө 12-сентябрда белгиленет. Бул маалыматты Мусулмандар диний башкармалыгы таратты.
- Бишкекте быйыл "ТЕЗ ЖАРДАМ" кызматкерлерине жарандар тарабынан 17 ирет кол салуу болгон. Бул боюнча "Тез жардам" кызматынын жандандыруу кызматынын башчысы Егор Борисов билдирди.
- 1-сентябрдан тарта ID-ПАСПОРТ алуу жана алмаштырууга болгон баа 165 сомдон 460 сомго жогорулайт. Ал эми чет өлкөдө жүрүү үчүн паспортту алмаштыруу же алуу 750 сом болмокчу.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0