Окурмандардан келген суроолорго медицина илимдеринин кандидаты, уролог Чыныбек Алимов жооп берет.
«БӨЙРӨГҮМ ТАЛЫП ООРУЙТ»
– Чалкаман, көмкөрөмөн жатканда бөйрөгүмдө оорутуу билинбейт. Капталымдан жатканда эле талып, салаңдагансып ооруй баштайт, бул эмнеси?
Акыйкат, Баткен
- Биринчиден, кайсы жери ооруп жатканын такташ керек. Капталынан жатканда ооруса бөйрөк эмес, бел деле оорушу мүмкүн. Андыктан дарыгердин текшерүүсүнөн өтүшүңүз керек. Ал ургулап көрүп, оору белгилерин сурайт. Анан заара, кан тапшырып, УЗИден бөйрөгүңүздү, табарсыгыңызды тарттырасыз. Мына ушулардын жыйынтыгынын негизинде диагноз коюлуп, дарылоо жүргүзүлөт.
«БУТТАРЫМ ШИШИП ЖАТАТ»
– Эки бутум тең шишип, кээде баса албай калам. Азырынча доктурга көрүнө элекмин, бирок билгендер «бөйрөгүң ооруйт болуш керек» деп жатышат.
Асылбек, Кант
- Негизи, бут шишип жатса 1-кезекте жүрөктү текшертиш керек. Бөйрөгүңүз оорушу деле мүмкүн. Бирок бөйрөк ооруса алгач бет, анан бут шишийт.
«БӨЙРӨКТҮ ДАРЫ ЧӨПТӨР МЕНЕН КӨТӨРСӨ БОЛОБУ?»
– Бөйрөк тушум ооругандыктан табыпка барып көрүнгөм. Ал «бөйрөгүң түшүп кетиптир» деп дары чөптөрдү жазып берди. Аларды алып барсам, дары жасап берди. Бөйрөктү дары чөптөр менен көтөрсө болобу?
Адилет, Нарын
-Бөйрөктү дары чөптөр менен көтөрбөйт. УЗИден, рентгенден өтүш керек. Аны диета жана көнүгүүлөр менен ордуна келтирсе болот.
Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
саламатсызбы простатитке суук тийп чанылган болчум эч арыла албай жатам 3 4 жолу личеня алган болчум кошумча уролок берген даарыларында ичтим . озунон озу тамчылап калат заара ички киймге дагы эле же бираз сексуалдык козголсо суйук ширеге окшогон нерсе келет. Кантип арылсам болот спермада суюк болуп калган.Маструбация кп с бошонгондон кийн бир суюк шириге окшогон нерсе келет артынан ачышкандай болуп сийгим келет