БИР БҮРКҮМ
№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
Айбек Карымовдун "Туулган күн" деген ырын ырчылар РОЗА ШАКИРОВА, АЙНУРА САЛАХИДИНОВА, АЗИЗА жаңылап ырдап чыгышты.
- Төкмө акын АЗАМАТ БОЛГОНБАЕВ Кырчын жайлоосунда өткөн эл аралык айтышта баш байгени эңип кетти.
- Ырчы САМАРА КАРИМОВА "Асылкечим", "Ой, булбул" аттуу ырларына клип тарттырып бүттү.
- БЕГИМАЙ КАРАБАЕВА менен АЙПЕРИ СЫДЫКОВА "Ламбада" ырын кыргызчалап ырдап чыгышты.
- АЙПЕРИ КУБИК КЫЗЫ суу астында клип тарттырды.
- САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА жакында сахнада жүргөнүнө 15 жыл болгонун белгилеп жеке концертин тартуулайм дейт.
- Актриса АЛИМАН ДҮЙШЕНАЛИЕВА режиссёр Ырыс Жоо-мартованын "Шаардык келин Шарапат" комедиясында баш каармандын ролун жаратты.
- Бишкек шаарында 21-23-сентябрь күндөрү "МЕКЕНГЕ ТААЗИМ" аталышындагы жаш жазуучулардын адабий фестивалы өткөрүлөт.
- ГҮЛЗАДА РЫСКУЛОВА "Айкөл Манас" аттуу ырына клип тарттырууда.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0