БИР БҮРКҮМ
№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн маалыматына ылайык, облус аймагында жыл башынан бери ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ байланыштуу 40ка жакын кылмыш иши козголгон.
- Дүйнөнүн 198 өлкөсүн кыдырып чыккан белгилүү саякатчы Гуннар Гарфорс түзгөн рейтинг британиялык "The Independent" гезитине чыкты. Рейтингде КЫРГЫЗСТАНДЫ САЯКАТТООГО ЫҢГАЙЛУУ деген 12 өлкөнүн катарына киргизген.
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөновдун берген маалыматына караганда, кыргызстандык 300дөй студент Бишкектеги Кытай элчилигинде болгон жардыруудан кийин окуусун улантуу үчүн КЫТАЙГА КИРЕ АЛБАЙ турат.
- 12-сентябрда Жалал-Абад шаарынын Токтогул сейил багында адабий жана илимий багыттагы китептерден турган КӨЧӨ КИТЕПКАНАСЫ ачылды.
- Мигранттар үстүбүздөгү жылдын 7 айынын аралыгында Кыргызстанга 1 МИЛЛИАРД 25,6 МИЛЛИОН ДОЛЛАР которгон. Мындай маалыматты Улуттук банктын расмий сайты кабарлады. Бул былтыркыга караганда 60 миллион долларга көп.
- Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, автоунаалардын мамлекеттик сандары окшош, кооз номерлер 19-сентябрдан тарта сатыла баштайт. Ал эми ӨЗГӨЧӨ НОМЕРЛЕРДИ онлайн-аукцион аркылуу сатуу боюнча жакын арада кошумча маалымат берилет.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0