БИР БҮРКҮМ
№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
-

Жылдын башынан бери Кыргыз мамлекетине каза тапкан 430 кыргыз жаранынын
СӨӨГҮ алып келинди. Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын билдиргенине караганда, жыл сайын 350дөй адамдын сөөгү алынып келинчү.
-
Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин тамак-ашына күнүнө 60 сом, ТҮРМӨДӨ ОТУРГАНДАРГА 160 сом бөлүнөт. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.
-
Учурда Орусияда 575 миңге жакын кыргыз жараны бар. Жалпы чет жерде жүргөн кыргыз жарандарынын саны 745 МИҢДИ түзөт.
-
Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге 5 КҮНДҮК ОКУУ тартибин киргизүү тууралуу өкмөткө сунуш берди.
-
БАЛДАР ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨРГӨ карата кылмыш жасап, бүгүнкү күнү жазасын өтөп жаткандардын саны 263. Алардын 41и өмүр бою эркинен ажыратылгандар.
-
Бишкек шаарынын түштүк аймагында узундугу 1,5 чакырым, туурасы 3 метр болгон ВЕЛОЖОЛ ачылды. Аталган жолду курууга 7 миллион сом сарпталганын Бишкек мэриясы маалымдады.
-
Жогорку Кеңеште депутат АИДА САЛЯНОВА демилгелеп чыккан коррупция фактысы боюнча кабар берген адамга паранын 30 пайызын төлөп берүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0