Тышкы иштер министрлиги 2015-жылы 500дөй дипломатиялык паспортту жокко чыгарган. Бул боюнча Жогорку Кеңештин 5-октябрындагы жыйынында аталган министрликтин башчысынын орун басары Азамат Үсөнов билдирди. Учурда Кыргызстанда 1100 жаран дипломатиялык паспортко ээ. Алар жөнүндө маалыматтар электрондук базада сакталган. Бул паспорт мекеме жетекчилерине, Жогорку Кеңеш депутаттарына, дипломаттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет. Ушул темага утурлай эле депутат Дастан Бекешев бул паспорт маданият чөйрөсүндөгү кызматкерлерге да мыйзамсыз түрдө берилип жатканы тууралуу фактылар катталып жаткандыгы боюнча суроо бергенде Үсөнов "2015-жылы ушундай себептерден улам 500дөй дипломатиялык жана 700дөй кызматтык паспортторду жокко чыгарганбыз" деп жооп берди. Талкууда маалым болгондой, мындай паспорттор ырчы, артисттерге да берилип кеткен. Дипломатиялык паспортко ээ болгондор башка мамлекеттерге чыгууда жеңилдиктерге ээ болот. Мындай паспорту барлар үчүн Кыргызстан бир топ өлкөлөр менен визасыз режим боюнча келишим түзгөн.
Мирлан Өмүралиев,
Бектур Токтоноев
politika@super.kg