Бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү 4-декабрга пландап, ага кетчү чыгымга чейин эсептеп бүттү. Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жарандар "Референдумга жол жок" кыймылын түзүп, референдумга каршы кол топтоону баштаган. Оппозиция ушул маселе боюнча атайын курултай өткөрүүнү 8-октябрга белгилеген. Бирок курултай өтүүчү жайга келгенде эле бийликке баш ийген Бишкектеги Улуттук филармония, Спорт Сарайы, Опера жана балет театры өңдүү иш-чаралар өтүүчү жайлардын баары бош эмес болуп чыкты. "Референдумга жол жок" кыймылы бийлик Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы тараптын жыйынына бут тосуп жатат деп баалоодо. Жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, курултай Орус драма театрында өтмөй болду. Ага "Ата Мекен", "Улуттар биримдиги", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары катышат жана Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Чолпон Жакупова, саясатчы Адахан Мадумаров доклад окуйт.
Аталган кыймыл Бишкек шаарындагы "Ош базарында" жайгашкан "Берекет" соода түйүнүндө референдумга каршы кол топтоодо. Ошондой эле change.org сайты аркылуу да добуш берүүгө мүмкүн. Учурда интернетте коюлган колдордун саны 10 миңге жеткени маалым болду. 4-октябрда референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу демилгеси колдоо тапкан. Буга ылайык, мыйзам долбоорду талкуулоо боюнча парламенттик уктуруу 10-октябрга белгиленди.
Мирлан Өмүралиев,
Бектур Токтоноев
politika@super.kg